Кармалгандарды бошотуу этап-этап менен ишке ашырылмакчы. Биринчи этапта 30 бала, 8 эне жана дагы 12 аял бошотулат деп күтүлүүдө.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жогорудагы келишимди “оор, бирок туура чечим” деп атады. Ошондой эле Нетаньяху бардык туткундар бошотулмайынча Израиль тынч албай турганын айтат.
Израиль өзүнүн 240 жараны палестиналык кыймылдын туткунунда калганын билдирип келет.