БАЛА БАКЧАЛАР БАЛАНЫ ЭМИ ЖАРЫМ КҮН ЭЛЕ КАРАЙБЫ?

Кыргызстанда бала бакчалар эки нөөмөттө иштөөгө өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 21-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Жапаров баланы эртеден кечке бала бакчада кароо, тамактандыруу, уктатуу натыйжалуу эмес дейт.

– Биз баланы багуу, түштө тамактандырып, уктатуу, кечинде ата-энеси алып кеткиче кароодон баш тартканы жатабыз. Түшкө чейин башка (биринчи нөөмөттө), түштөн кийин (экинчи нөөмөттө), башка балдар мектепке даярдалышы керек. Болгону бизди аларды баккыла деп мажбурлабагыла. Бизде азыр балдардын 24 пайызы гана бала бакчага барат, андан көрө кийинки жылдан тарта ушуну 40-50 пайызга жеткирели. Азыркы тапта билим берүү министри менен жаңы концепция даярдап жатабыз,- деди Жапаров.

Буга чейин Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсалов жарандарды бала бакчаларда балдарга тамак-аш берүү маселесин саясатташтырбоого чакырган. Байсалов өлкөдө көбүнчө жетиштүү шартта жашагандардын балдары бала бакчага кабыл алынып, жакыр жашагандардын балдары арткы планга жылып кетерин, ушул теңсиздикти жоюу зарыл деген пикир билдирген эле.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан