СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ММА`га Хабиб Нурмагомедовдун 5-орунда турганына нааразычылыктар айтылды

ММА уюшулганынын 30 жылдыгына карата UFC`нин тарыхындагы белгилүү дүйнөлүк мушкерлердин рейтингин жарыялады. Алгачкы бештикке Андерсон Силва, Деметриус Жонсон, Жон Жонс и Жорж Сен-Пьер, Хабиб Нурмагомедов катталган. Белгилүү орус мушкери Хабиб Нурмагомедовдун 5-орунга жайгашканына нааразы болгондор бар. Алсак, орус басылмалары мушкердин UFC`де такай жеңишти камсыздап, бир да жолу жеңилбей карьерасын жыйынтыктаган жалгыз мушкер экенин белгилеп, мындан жогору турушу керектигин айтышууда.

Спортчу аралаш мушташ боюнча (ММА) 29 беттеш өткөрүп, анын баарын жеңиш менен аяктаган. 2021-жылы “Коомдук пикир” фондунун сурамжылоосунун жыйынтыгында Хабиб Нурмагомедов спорт боюнча жылдын адамы деп табылган. Мушкер карьерасын 2020-жылы жыйынтыктаган.

Жаш жеткинчектер бокс боюнча дүйнөлүк чемпиондукка катышат

24-ноябрдан 4-декабрга чейин Армениянын борбору Ереван шаарында өтө турган бокс боюнча IBA`нын жеткинчектер арасындагы дүйнөлүк чемпиондугуна Кыргызстан да катышат. Бара турган команданын курамы төмөнкүдөй:

48 килограммга чейин –

Урманов Рамзидин

52 килограммга чейин –

Джумаев Амантур

54 килограммга чейин –

Эргешов Эрлан

57 килограммга чейин –

Садиров дилер

63 килограммга чейин –

Арваза Ахмади

66 килограммга чейин –

Исаев Рамазан

Жалпысынан 57 мамлекет катышат. Алардын арасында Ооганстан, Индия, Иран, Ирак, Иордания, Казакстан, Түштүк Корея, Кыргызстан, Ливан, Монголия, Непал, Пакистан, Катар, Шри-Ланка, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан бар. Чемпиондукка 15 жана 16 жаштагы жеткинчектер катталган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан