Соңку жумаларда эле 3 ымыркайдын көчөгө ташталганы ачыкталып, көпчүлүктүн үрөйүн учурду. Ташталган 2 ымыркайдын энеси учурда үй камагында, бирине кылмыш иши козголду. Бул кейиштүү окуяларда аялды гана күнөөлөй бербей, ошол ымыркайлардын аталарын да таап, жоопкерчиликке тартуу талаптары айтылып жатат. Мектептерде жыныстык сабаттуулук боюнча сабакты киргизүү зарыл деген чакырыктар кайра жаңыра баштады. Депутаттар болсо ата-энеси баш тарткан ымыркайлар үчүн купуя кутуча (беби-бокс) ачуу керектигин белгилешет. Айтор, көйгөйдү чечүүнүн жолу деп миң түрдүү сунуштар айтылып жатат. Алардын айрымдарына гезит бетинен орун берели дедик.
Окуялар тууралуу кыскача
8-ноябрда Бишкекте таштанды урнасынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Көп өтпөй анын энеси кармалып, кайра үй камагына чыгарылды. Анан ал ымыркайдан баш тартпай турганын билдирди.
18-ноябрь күнү эртең менен Жалал-Абад шаарында таштандыдан жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылды. Шаардык милиция териштирип, ымыркайды таштандыга ыргыткан шектүү эне ошол тегеректе батир ижарага алып жашаган 18 жаштагы Т.Э. экенин аныкташты. Наристени энеси өзү жашаган батирдин жуунуучу бөлмөсүнөн төрөп, коркконунан кийимдерге ороп таштандыга ыргытып салганын айтып берген. Шектүү кызга кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Ал эми шектүүнүн ата-энеси бала жаткан төрөтканага келип көрүп, небересинен баш тартпай турганын билдиришти.
19-ноябрь – аба ырайы суук эле. Саат 23:00 чамасында 102 кызматына Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургундарынын бири телефон чалып, алардын үйүнүн короосуна бирөөлөр жаңы төрөлгөн ымыркайды кутуга салып таштап кетишкенин билдиришкен.
“Бир тараптуу айыптабай тургула”
Арча-Бешиктен табылган ымыркайды шаардагы №2 төрөтканага жеткирген милициянын прапорщиги Толкунбек Ташматов буларды айтат:
– Бизге бала таштап кетиптир деп телефон чалышканда 5 мүнөткө жетпей эле барып калдык. Баланы кутудан алып чыгып, жылуулап тургула дегенбиз. Бирок таап алгандар эч нерсе кылышпаптыр, биз барганда “мына ушул” деп колубузга кутуну карматып коюшту. Карасак бала тирүү экен. Көчөдөн эле төрөгөн окшойт, денеси ылай, бала салынган кара баштык былчылдап суу экен. Киндиги кесилбей эле жулунуп калыптыр. Баланы сактап калалы деп төрөтканага тез эле жетип бардык. Үй ээсинен “шейшеп бергиле” деп ага ороп алган болчубуз. “Тез жардамды” күтсөк бала чарчап калабы деп корктук. Дарыгерлер текшерип, дене табы 0 градуска түшүп калыптыр дешти. Болжол менен бала 3-4 саат муздак жерде жатып калган окшойт. Ыйлабасын деп, баланын оозуна даарат кагазын да тыгып коюптур”.
Саламаттыкты сактоо министрлиги Арча-Бешикте ташталган ымыркай суукта көп жатып калгандыктан, өпкөсү кагынып калганын билдирди. Салмагы 3 килограмм 400 грамм, бою 55 сантиметр ымыркайдын дене-мүчөсү соо төрөлгөнүн кошумчалашты. Тергөө ишинин жүрүшүн билүү үчүн ымыркайдын энесинин жактоочусу Зарина Муктарбековага байланышканыбызда ал кардары соттун чечими менен үй камагына чыкканын кабарлады. Баласын таштаган шектүү эненин жакындарынын бирине байланышканыбызда “эжем токтоо, жакшы эле кыз. Баары корккондуктан болуп кетиптир. Өзү да толук болгондуктан биз анын кош бойлуу экенин байкаган эмеспиз. Ата-энем айылда, биз шаарда эжемдер менен батирде турабыз. Эми баланы өзүбүз камкордукка алалы деп жатабыз. Туугандарыбыз, ата-энем баарын түшүнүү менен кабыл алышты. Коомчулукту бир тараптуу айыптабай турууга чакырат элем” деп билдирди.
Эльвира Сурабалдиева, депутат: “Баланы таштандыга эмес, бейби-боксторго таштаганы жакшы”
– Энени жаманатты кылуунун ордуна, биз биринчи аны бул кадамга түрткөн себептерди аныкташыбыз керек. Бейби-бокстор керек деген маселени мен 2016-жылы эле көтөрүп чыккам, бирок айрым “патриотторубуз” кыргыздын салтын бузат, үй-бүлө институтун бузган жаман адат болуп калат деп каршы чыгышкан. Азыр ошол бейби-бокстор боюнча маселени аягына чыгаруу учурдун талабы болуп турат. Баланы таштандыга таштагандан көрө, бейби-боксторго таштаганы жакшы эмеспи. Биз бул окуяда энени камап, жазалаш керек деп аны биринчи орунга коюп, баланын тагдыры экинчиде калып жатат. Азыр бирөөнү жазалап, камоого эмес, баланын келечегине кам көрсөк туура болмок. Анан биздин патриархалдык коомдо аялга болгон түз көз караш жок, баары эле аялды күнөөлөшөт. Аял баланы күлгө оонап төрөгөн жок да, атасы кайда? Эмне үчүн ал жоопкерчилик тартпайт? Балаңды аласың же камаласың дегенден маселе чечилип кетпейт. Шектүү кыздардын бирин ошондой шарт менен эркиндикке чыгарышыптыр. Бирок анын шарты, үйү барбы, кантип баласы менен жашап кетет, буга эч ким жооп издеген жок. Өкмөт адистерин жиберип, ал кыз менен психологдор иштешкен жок. Биз өзү төрөттөн кийин стресс болгон кызды ого бетер депрессия кылып жатабыз. Өкмөт мындай иштебеш керек деп ойлойм.
Жамиля Жаманбаева, акыйкатчы: “Баласын таштаган энелердин баары жаш, ата-энелери билишкен эмес”
– Ымыркай ташталган акыркы 3 окуяда тең Акыйкатчы институту жигердүү иш алып барды. Балдар жаткан төрөтканага, энелери кармалган убактылуу кармоочу жайга биздин кызматкерлер барып кабар алып жатышты. Кармалган энелерден эмне үчүн мындай ишке барганын сурашканда көпчүлүгү жаштык кылып, ата-энеси, жакындарынын сөздөрүнөн коркконун айтышыптыр. 3 окуяда тең энелер эч кимдин көмөгү жок өздөрү төрөшкөн. Алардын кош бойлуулугу тууралуу ата-энелери билишкен эмес. Балдарынын аталары ким экенин билишет экен. Мисалы, Арча-Бешикте табылган ымыркайдын атасы абакта экен. Бул көйгөйдү чечүүдө баарыбыз комплекстүү иштешибиз керек деп ойлойм. Анкени баарынын ролу чоң. Балдарды сактап калууга ар бир кайдыгер эмес жаран чоң көмөгүн көрсөттү, ошолордун аракети менен гана наристелердин өмүрү сакталып калды.
Дастан Бекешев, депутат: “Сактануунун артыкчылыктары жөнүндө айтышыбыз керек”
– Балдарды таштандыга таштап кеткен акыркы үч окуяны тез арада карап чыгып, керектүү чараларды көрүү зарыл. Аял коомдун каралоосунан коркпошу керек. Эгер ал жашыруун төрөп, баласын таштап кетем десе, анда мындай шартты мамлекет түзүп бериши зарыл. Төрөй албай, балалуу болууну кыялданган аялдар көп, бала асыроону жеңилдетиш керек. Жөн эле бала жасап койгон эркектердин да юридикалык жоопкерчилигин карап чыгуу зарылдыгы турат. Ушундай жол менен эркек да сактанып, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонууга аракет кылып калат. Билим берүү тармагындагы сабатсыз адамдардын айынан мектепте жыныстык тарбия боюнча сабактар киргизилбей жүрөт. Биз бардык жерде сактануунун артыкчылыктары жөнүндө айтып турушубуз керек. Социалдык жактан аялуу катмарга сактануучу каражаттарды бекер деле кылып коюшса болмок.
Лунара Бекиева