Алтынай Жайнакова, ырчы: «АЛ ЖИГИТТИН АЯЛЫ БАР ЭКЕН»

– Алтынай, акыркы убакта чыгармачылыктан бир аз алыстап кеткендейсиз?..

– Акыркы күндөрү убакыт аябай бат өтүп жатат. Бир ишти бүтүргүчө 2 жыл өтүп кетиптир. Ыр же клип чыгарбай жүргөнүм убакыттын жетишсиздигинен улам болуп жатат.

– Эмне иштер менен алексиз?

– Кичинекей бизнес бар, ошону менен алекмин. Анын үстүнө өзүм жалгызмын. Эгерде турмушка чыккан болсом, жолдошум жардам берип көп жакка жетишмектирмин. Бүгүн жаңы ырдын бет ачары болду. Акырындык менен клип тартып, эми киришебиз.

– Ар бир кесиптин өзүнө тиешелүү жоопкерчилиги бар. Сиздин оюңузча, ырчылыктын кандай жоопкерчилиги бар?

– Негизи ар бир тармактын өзүнүн мыкты адиси болгон жакшы. Мен кесибим боюнча юристмин, бирок көкүрөгүңдө талант болсо, ал баары бир ичиңе батпайт экен. Эң негизгиси, каалоо жана аракет.

– Өзүңүздү канчалык деңгээлде ырчы деген статуска татыктуу жүрөм деп ойлойсуз?

– Мен чыгармачылыкка жаңы киришкенде эле “жылдыз” болуп кеткенмин да. Билесиздер, “кара пиар” менен. Ошону менен депрессия болуп, анча-мынча аралашып жүргөнүм болбосо, толук кандуу чыгармачылыкка кирип иштеген жокмун. Чыгармачылыктан канааттандырарлык акча таппагандыктан, ырчылыкты хобби катары эле алып келе жатам. Ошондуктан өзүмдү белгилүү ырчымын деп эсептебейм. Бирок колдон келишинче шоу чөйрөсүндө өз арабамды тартып кеткенге аракет кылып келем.

– Ырчылык жолдо кандай тобокелдиктерге баргансыз?

– Тобокелдиктер көп эле болду. Анткени чыгармачылыкка аралашуума атам ушунчалык каршы болду. Көз жашымды аарчып коюп “ушул нерсе жан дүйнөмө жагат, ырдагым келет, телеканалдарда иштегим келет, менин талантым ушул” деп жеңип чыктым. Азыр атам унчукпайт.

– Мындан да бийиктиктерге жетүүнү максат кыласызбы?

– Мурун чыгармачылыкта башкача пландарым болсо, убакыттын өтүшү менен көз карашым өзгөрдү. Башка пландарды түзүп, ийгиликти башка тараптан жаратууну максат кылып калдым. Көбүрөөк элге пайдам тийип, Кыргызстандын өнүгүшүнө аз да болсо салым кошкон айымдардын катарында өзүмдү элестетип баштадым. Аракет кылсаң баары болот.

– Жакында “мага эркектердин канча акча тапканы маанилүү эмес” дептирсиз. Чын эле мырзалардын капчыгына карабайсызбы?

– Бир чети сөзсүз караш керек. Анткени эртең бала төрөгөнүңдө балаң менен кошо багып, татыктуу тарбия бергенге шарт түзүп бериши зарыл. Бардык ишти өзүңдүн моюнуңа үйүп алган деле туура эмес. Бирок эркекти акчасына гана карап тандаган дагы туура эмес. Эртең анын акчасы жок калса, эмне, сүйбөй каласыңбы? Ошондуктан мен көбүрөөк сезимге басым жасайм. Акчасы болсо тоскоол болбойт (күлүп).

– Чыныгы мырза кандай сапатка ээ болушу керек?

– Жоопкерчиликтүү, чечкиндүү болушу керек.

– Чечкиндүү мырза жолукпай жатабы?

– Чечкиндүү мырзалар бар. Бирок өмүрлүк жолдошум катары көргөн мырзаны жолуктура элек окшойм. Жүрөгүмдү багындырганга аракет кылып жаткан, “маанайың жакшыбы?” деп сурап турган жигит бар. "Ушуга турмушка чыгам" деп кимдир-бирөө менен олуттуу деле мамиле куруп көрө элек экенмин.

– Бирок буга чейинки бир маегиңизде жүрөгүмдү багындырган адам бар деген экенсиз...

– Көрсө, ал жигиттин келинчеги бар экен. Мен билген эмесмин. “Эмне үчүн?” десем, “сени сүйүп калып, жоготуп алгандан коркуп ушул нерсеге бардым, мүмкүн болсо, төрөп бересиңби?..” дегенге чейин барган. Мен инкубатор эмесмин да, “төрөп берчи” дегенге эле төрөп бере турган, туурабы? Үй-бүлөлүү экенин билгенден кийин эле мамилени токтотуп салгам.

– Аялдык бакыт деген эмне?

– Мен бакытты эркек менен эле байланыштуу нерсе деп эсептебейм. Эркек менен жашап, тагыраагы, күйөөсү бар туруп бактысыз аялдарды көп эле жолуктурабыз. Жан дүйнөбүз менен бардык нерсеге ыраазы болууну Кудай жүрөгүбүзгө бергенде гана бактылуулукка жетсек керек.

– Учурда пластикалык операция жасатуу кадимки көрүнүш болуп баратат. Сиз жасаттыңыз беле?

– Ооба. 3-4 ай мурун ринопластика кылдырдым. Себеби мурдумда бир аз көйгөй бар болчу, ошонун негизинде гана жасаттым. Жыгылып түшүп, мурдум бир аз кыйшайып бараткан. Такыр чыгармачылыктан алыстап кеткенимдин бир себеби ошол.

– Атайын бир жериңизди өзгөртүү оюңуз барбы?

– Жок, кийин, 4-5 бала төрөп калганда эле келип калбаса андай ой. Азырынча өзүмдүн келбетим толук кандуу канааттандырарлык деп айта алам.

– Депрессияга кабылдым дедиңиз. Андан кантип чыктыңыз, канчалык кыйын болду?

– Депрессияны көтөрүү бардык адамдын эле колунан келе бербейт. Ал учурда туура жашап кетесиңби же кандай кыласың, тандоо болот экен. Же артка кетесиң, же алдыга кетесиң. Мен алдыга кете турган жолду таба алдым. Болушунча өзүмдүн үстүмдөн иштеп, күчтүү болуп, жашоону башка жагынан көрүп, ак менен караны айырмалап, дагы ийгиликке жетем десең жетсең болот экен. Мен ушунчалык кыйынчылык менен депрессияны басып өтүп, азыркы Алтынай Жайнакова боло алдым.

– 18 жаштагы Алтынай менен азыркы Алтынайдын негизги айырмасы кайсы?

– Өтө шок кыз болдум. Азыр деле кээде шоктугум кармап турат. Табиятымдан ушундай экенмин. Өтө ачыкмын, баарын дос катары кабыл алып көп жабыркадым. Азыркы Алтынай ошол 18 жаштагы кызга салыштырмалуу бир аз токтолуп, бир аз акылдуу болуп, адамдарды да иргеп мамиле кыла баштады.

– Ишенчээктиктен көп жабыр тарттыңызбы?

– Андай көп эле болот. Жакында эле ушундай болду, ак көңүлдүгүмдүн айынан жабыркап калдым. Ыйладым, ошол көңүлүмдү ооруткан адамдын өзүнө телефон чалып алып ыйладым. Өтө ак көңүл болгон болбойт экен. Мурда көңүлүм ооруп калганда өзүмчө кыйнала берсем, азыр көңүлүмдү ооруткан адамдын бетине айта алам.

Акыркы жолу...

... качан көп акча короттуңуз?

– 12 миң сом короттум. Бүгүн эле үйдөн чыкпай жатып эле короп кетти.

... качан жана эмнеге ыйладыңыз?

– 2 күн мурун ыйладым. Бирөө көңүлүмдү оорутканы үчүн, мени алдап кетти десем болот.

... эмнеге кубандыңыз?

– Кечээ жаңы унаалуу болуп кубандым.

... ким менен сүйүү темасында сүйлөштүңүз?

– Кечээ бирөө менен сүйлөштүм (күлүп).

... кимдин көңүлүн ооруттуңуз?

– Бирөөнүн көңүлүн оорутканым эсимде жок. Эч кимдин көңүлүн оорутпай эле жүрөм деп ойлойм.

... качан калп айттыңыз?

– Бүгүн сизге калп айттым (күлүп). Анча-мынча суроолорго ачык жооп бере албадым.

... ким менен уруштуңуз?

– Жанагы 2 күн мурун көңүлүмдү ооруткан адамга ыйлап жатып, жан дүйнөмдө болгон сөздөрдү айтып урушуп салдым.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан