Нурзат Ченгелова, 4 баланын энеси: “20 ЖЫЛ ЖАШАГАН ҮЙҮБҮЗДӨН КУУП ЧЫККАНЫ ЖАТАТ”

Редакциябызга Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын Нурзат Ченгелова аттуу тургуну кайрылды. “20 жылдан бери жашап жаткан үйүбүздөн үйдүн ээсимин деген киши кууп чыкканы жатат. Соттошот экен. Өзүбүз балдардын жөлөкпулуна жашайбыз. 4 бала менен каякка барам?”- дейт ал. Окуянын чоо-жайын макаладан окуңуз.

“Кайнатам сатып берген үй болчу”

– Биз учурда жашаган Казармандагы батирди ыраматылык кайнатам 2000-жылдары үйдүн ээсинен бир кунаажын, бир койго сатып алган экен. Ал кезде үйлөр арзан болчу чынында. Документин кайнатам өзү алып жүргөнү менен, аны өз атына каттаткан эмес. Жарыктык киши, сабатсыздык да кылган окшойт, документин карматса эле, үй биздики деп ойлогон да. 2007-жылга чейин бул үйдө кайнежем жашап кеткен. Андан кийин биз жашап калдык. Ушул үйдөн 4 балалуу болдук, башыбыздан жакшы да, жаман да күндөр өттү. 2015-жылы үйдүн ээси келип “силерге үйдү арзан сатып жиберген экенбиз, дагы үстүнө кошуп бергиле” деп 50 миң сом доолады. Ошондо кайнатам кийлигишип “башында кандай сүйлөшсөк, ошондой болот” деп бир тыйын акча берген эмес. Милицияга чейин арыз жазылып, бир сыйра ызы-чуу болуп токтогонбуз. Андан кийин үйдү талашкандар жок болуп кетишкен. 2020-жылы кайнатам каза болуп калды. Ошондон кийин тигилер кайра козголуп, үй биздики деп бизди сотко берип жатышпайбы. “Атасы өлдү, булардын колунан эмне келмек эле” дешти окшойт. Эки жолу Тогуз-Торо райондук соту алардын пайдасына чечим чыгарып берип койду.

“Насыя алып болсо да 100-150 миң сом берейин десем да көнбөй жатат”

– Акыйкаттык издегенимдин себеби да ушул, сот ишинде биздин бул үйдө 23 жыл жашап, салыгын, коммуналдык төлөмдөрүн калтырбай төлөп жүргөнүбүздү эске алышкан жок. Үй тигилердин атында экен деп эле ошолордун пайдасына чечим чыгарып жатышат. Чынында жашоо-шартыбыз начар, өзүбүз балдардын жөлөкпулуна жашайбыз. Жолдошумдун бир колу жакшы иштебейт, оор жумуштарды жасай албайт. Майыптыгы үчүн пенсия да алат. Мен балдар менен үйдө отурам. Кыш чилдесинде кууп чыкса 4 балам менен каякка барам? Сот деле ойлонбойбу? Күйөөм элдин мал-жандыгын карап тирилигибиз эптеп кыймылдатып жатат. Үйдүн ээсимин деген кишинин аялы күйөөсүн сүйлөтпөйт экен, аксакалдарды ортого салып, кыргызчылык кылып бүтүрөлү десек аялы болбой ажылдап туруп алды. Азыр деле күндө Вотсаптан “сыйың менен үйдү бошотуп кой” деп ар нерселерди жазып жүрөк оорулуу кылып бүтмөй болду. Булар 2015-жылы кайнатамдан 50 миң сом, анан жылкы сурап жүрүшкөн болчу үстүнө кошуп бересиң деп. Насыя алып 100-150 миң сом таап берейин десем да болбой жатышат. “700 миң сом бергиле, болбосо чыгып кеткиле” деди аялы. Айлам түгөнгөндө үнүмдү бийлик өкүлдөрүнө жеткирүү максатында силердин гезитиңерге кайрылып жатам. Тиричилигибиз шүгүр, балдарыбызды эптеп багып жатабыз, бирок ушул үйүбүздүн көйгөйү күйөөм экөөбүздү тең түйшөлтүп жатат. Талашкандар кепке-сөзгө келбеген адамдар экен. Соттор да алар тарапта. Азыр Казарманда биз жашаган батирлер кымбат аябай, жер тамдар 4 миллион, жер тилкелери 1 миллион сом болуп жатат. Бул үйүбүздү алдырсак азыркыдай шартыбыз менен кайра иштеп бутка туруу абдан кыйын болот.

“Соттошкондон чарчадык”

– Үйдүн ээсимин дегендер 3 жылдан бери бизди соттон сотко сүйрөп жүрүп, соттошкондон аябай чарчадык. Батирибиз 2 бөлмөлүү, бирок кышында баарыбыз 1 эле бөлмөсүндө жашайбыз, анткени үй суук болот. Оңдоп-түзөө иштерин жасайлы десек улам талашып эле тынчтык бербей жатпайбы. Алар сотто “силер батирди ижарага алып жашагансыңар” деп жатышат, бул карандай калп. Биз кантип эле бирөөнүн ижарага берген үйүнө ээ болуп алалы деп жанталашат элек. Кайнатам алардан үйдү сатып алганын кошуна-колоң баары билет, күбө катары чакырышса деле айтып беришмек. Алар бир жылдары келип талашып жүргөндө кайнатам милицияга арыз жазган, жадакалса алардын кайнатамдан мал алганы тууралуу жазып берген тил каттары да бар. Бирок анын баарын сот ишинде тиркешкен жок. Жакында район акимчилигине кирип да жагдайымды түшүндүрдүм. Айтор, ким жардам бере калат экен деп эле эки көзүбүз төрт. Укуктук жардамга аябай муктаж болуп турабыз.

“Үйдүн акчасын толук берише элек”

Окуядагы экинчи тарапты да угалы деп үйдүн ээсимин деген жарандын жубайы Шакен айым менен байланыштык. Ал өз версиясын мындайча баяндады:

– Ал үйдү жолдошум комбинатта иштеп жүрүп алган. 25 жыл мурун ошол батирде үй-бүлөбүз менен жашаганбыз. Көчүп кетип жатканда “биз бул үйдү сатабыз” деп айтканбыз. Ыраматылык атасы бир торпок, бир козу берген “алдын-ала алып тургула” деп. Кийин дагы бир жылкы анан 50 миң сом беришмек, ошондо үйдүн документин толук алардын наамына өткөрүп бермек болгонбуз. Тилекке каршы, 20 жылдан ашык күттүм. Баягы биз сүйлөшкөн жылкы менен 50 миң сомду эч кимиси берген жок. Анан соттошконго туура келди. Алардын берген 1 торпогу менен, козусунун акчасы 23 жыл жашаган батир ижарасына деле жетпейт да. Ал ортодо бир жолу мага иним аркылуу байланышып “30 миң сом берели” дешти, мейли деп түшүнүп анысына макул болдук. Бирок беришкен жок. Кийин атасы “бир кой берем, үйдүн документин өткөрүп бер” деп жүргөн, жолдошум ага ишенип айылга барып, кайра өзүн таппай келген. Ошентип өздөрү такыр эле кенебестик кылып жүрүп ушул абалга жеткиришти. Акырында калган акчабызды сурасак “колуңардан эмне келет, билгениңерди кылып албайсыңарбы” деп коюшту. Мына, 3 жолу тең сот биздин пайдабызга чечим чыгарып берди, анткени үй жолдошумдун атына жазылган. Эми сабырдуу, түшүнгөн адам биздей болот да, кокуй, канча жолу шартын, абалын түшүнүп макул-макул деп келдик. 23 жылда ошол калган акчасын берип кутулуп коюшса болмок. Бул жерде кенебестик анан тоготпостук болду. Эми ошол бизге бере турган акчасына башка үй сатып ала беришсин да, биздин үйдү бошотуп коюшсун. Биз ошону талап кылабыз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан