Саламат Калыбек уулу, актёр: “БАШЫНДА УЛУУ АКТЁРЛОРДОН УЯЛЫП ЖҮРДҮМ”

Каарманым “Дочь”, “Элес”, “Чоочун киши”, “Разбой” тасмаларында роль жараткан. Дээрлик баарында башкы ролдо. “Сенден алыс кетпейм”, “Күнөө менде эмес”, “Ак шумкар” деген ырлардын автору, аткаруучусу. Саламат Калыбек уулун тааныштырабыз, окурман.

– Салам, Саламат! Чыгармачылыкта бир топ тасмаларда баш каармандын ролун ойноого жетишипсиз...

– Салам! Мен Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда окугам. Студент кезде эле киного тартылгым келчү. 2-курста кыска метраждуу тасмага тартылгам. Кийин көп кастингдерге барып, өтпөй жүрдүм. Ошондо досторума “2023-жылы көп киного тартылам, өздөрү чакырышат, көрөсүңөр” деп койчумун тамашалап. Өзүм айткандай эле быйыл көп тартылдым, болгондо да жалаң башкы ролдорго. “Жаңы күч”, “Дочь”, “Элес”, “Чоочун киши” тасмаларында башкы ролду ойнодум. Азыр да сунуштар бар. Багым бар экен деп калам. Негизи кыялданганыңдын баары эле ишке ашат экен. Мен 9-класстан кийин Токмоктогу музыкалык колледжде окугам да. Ал кезде менин обондорумду башкалар ырдаса дечүмүн, ал да орундалды. Өзүм ырдын текстин жазып, обонун чыгарып ырдасам дечүмүн, бул да болду. Театралдык окуу жайда окуп жүргөндө Кыргыз драма театрында иштесем дечүмүн. Азыр ошол жакта иштейм.

– Сонун. Кайсы бир киного тартылып өкүнүп же окшошпой калыптыр деп уялып калган учур болдубу?

– Кинодо андай болгон эмес. Кемчиликтеримди билип калам, көрүп “башкача ойносом болмок экен” деген учурлар болот. Клиптерге тартылгандан кийин “ай, ата-а, ушуга тартылбай эле койсом болмок экен” деген учурлар болду.

– Сиз үчүн оор болгон роль кайсы болду?

– “Жаңы күч” киносуна тартылганда кыйналгам. Анткени бул менин эң биринчи чоң ролум болду. Уялып, чоң актёрлор менен өнөктөш болуп ойногондо алардын көзүнө карап сүйлөй албай тартынгам. Бара-бара көнүп кеттим.

– Тасма талаасында болгон кызыктуу окуялардан уксак...

– Бир жолу тоо этегинде тартуу иштери жүрүп жаткан. Баары даяр болуп, “баштадык” дегенде эле бир эшек айкырып жиберди. Токтотуп, кайра тартып баштасак, кайра эле айкырат. Эки жакты карасак көрүнбөйт. 3-4 жолу ошондой болду. Анан режиссёрдун жардамчысы унаасын айдап алып эшекти издеп кетти. Ошол эшектин айынан тартуу иши 2 саатка токтогон. Суук, шамал болуп жаткан эле. Эшекти таап, алыска айдап келгенден кийин улантканбыз.

– Сиз үчүн кандай эмоцияны чагылдыруу оор?

– Негизи баарын кылса болот. Бирок кээде чарчап калгандыктан бир аз кыйналышың мүмкүн. “Дочь” киносунда ыйлаган жеримди түнкү саат 3тө тартканбыз. Даяр эле болчумун, бирок аябай чарчап калыптырбыз. Алым кетип, уйкум келип калган эле, ошондуктан бир аз кыйналгам.

– Кинодогу образ үчүн кандай жаңы нерсе үйрөндүңүз?

– “Элес” киносунда балдар үйүндө чоңойгон, корс сүйлөгөн көчө баласынын ролун аткарам да. Жашоодо бирөөгө үстөмдүк кылып сүйлөө менде жок. Орой сүйлөгөндү үйрөнгөм.

– Кандай кинолор жакпайт?

– Аябай көп сөгүнгөн, аябай кан көп көрсөтүлгөн, туура эмес жолду пропагандалаган кинолор жакпайт.

– Комедиялык роль ойногонуңузду көрө элек экенбиз...

– Ооба, ойной элекмин. Бирок аябай кызыгам, тартылгым келет.

– Акыркы кезде ырчылыкка да басым жасап жаткандайсыз.

– Ооба. Lucky деген ат менен чыгып жүргөн Нурболот Жумабек уулу деген досум бар. Экөөбүз кичинебизден доспуз. Нурболот учурда Султан Садыралиевдин студиясын иштетет. “Өзгөчө” деген командабыз, анда 10 чакты ырчы бала бар. Ошол, иштеп жатабыз.

– Футбол оюндарынын ачылыштарында “Ак шумкар” ырыңыздарды ырдап жүрөсүздөр. Бул ыр кандайча жаралды?

– Мен футболго кызыгам, улуттук команданын ар бир оюнун калтырбай көрөм. Ошондуктан команданы алга сүрөй турган ыр жазалы деп сунуштадым, балдар колдошту. Ыр чыкканда футболдук клубдун соцтармактагы баракчасын белгилеп жүктөп койгонбуз. Ырдап бергиле деп чакырып калышат. “Барселонанын” легендасы Карлес Пуйоль Бишкекке келгенде алар менен 3 күн чогуу жүрдүк. Пуйолду жакындан көргөндө аябай кубангам. Бул ыр менен да көп жактарга барып жатабыз.

– Орунбасар Кызалаковдун “Биздин өзөн” ырын жаңылап ырдап чыктыңызбы?

– Ооба, кичине кезимде атам радио укчу да. Дайыма мен мектепке чыгып баратканда радиодон Орунбасар Кызалаковдун ырларын берчү, мага жакчу анын ырлары. Ушул ырды жаңылап ырдап чыккым келди, азыр ошол ырдын үстүнөн иштеп жатабыз.

– “Сенден алыс кетпейм” ырыңыз кимге арналган?

– Жубайыма арналган. Үйлөнгөндөн кийин жаздым, бирок сүйлөшүп жүргөн кезди эстеп жазгам. Анткени сүйлөшүп жүргөндө экөөбүз дайыма чогуу боло алчу эмеспиз, жолугуп коюп эле эки жакка кетесиң. Алыстасам көргүм келчү. Ошол кезди элестетип жазгам бул ырды.

– Жубайыңыз тууралуу айтып берсеңиз...

– Экөөбүз 2018-жылы баш кошконбуз. Студент кезде бильярд клубунда иштеп калдым. Ошол жакта чогуу иштедик. Ошондо таанышып, жактырышып, сүйлөшүп баштаганбыз. 4 жыл сүйлөшкөндөн кийин баш коштук. Жубайым камкор, мени аябай колдойт, түшүнөт. Кызыбыз 4 жашка чыкты. Учурда экинчи наристебизди күтүп жатабыз.

Кызым “Чоочун кишиде” менин кызымдын ролун ойноду. Таланты бар экен, таң калдым.

– Бала кезиңиз кайда өттү?

– Чүй облусунун Чапаев айылында 1995-жылы төрөлгөм. 6 бир туугандын бешинчисимин. Атабыз мен 6-класста окуп жатканда өтүп кеткен. Апам азыр ардактуу эс алууда. Кичинемде эле чыгармачылыкка кызыкчумун, ырдап сынактарга катышчумун. Мен атамды тарткан окшойм. Атам ыр жазчу, аябай жакшы ырдачу. Убагында музыкалык окуу жайга тапшырам десе чоң энебиз каршы болуп коюптур. Эсимде, телевизордон ырчыларды көрсө “мен да ырчы болмокмун, ушул ырчылардай болуп жүрмөкмүн” деп калчу. Мен 9-классты бүткөндө музыкалык колледжде иштеген жездебиз “атаң ырчы болууну аябай кыялданчу. Сен да ырдайт экенсиң, ыр жазат экенсиң. Ушул багытта билим ал” деп өзү алып барып тапшырткан.

Бала кезде аябай эле тентектик кылдым. Бир учурда паркурга кызыгып кетип, ар кайсы бийиктиктин үстүнө чыгып секире берчүмүн. Бир жолу катуу кулагандан кийин токтотком. Футболго аябай кызыгып ойночумун. Турнирлер болгондо сабактан качып ошол жакка барар элем. Өзүм каалаганымды кылып чоңойдум.

– Алдыда кандай жашоону каалайсыз?

– Эмнени кыялдансам ошого жетсем дейм. Бирөөгө эмес, балдарыма кадыр-баркым бийик болсо экен. Тынч, бактылуу жашагым келет. Жаратылыш коюнунда убакыт өткөргөн жагат. Кыялданып, келинчегим менен сейилдеп, балдарым менен эс алып жүрсөм сонун да.

– Баары ишке ашсын! Чыгармачылык ийгилик болсун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан