ЖОГОЛГОН ЖЫЛДАР... (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн санда)

– Ой, ой, Гуля, тиги кызың дагы эмнени айтып таң калтыргысы келип жатат?

– Ии, эмне болуп кетти?- Гуля кофесин столго коюп сырттан кирип келген Асяга карап калды.

– Тиги “фифочка” шартым бар, ошону аткаргыла дейт го. Кийингени дурус, жүргөнү деле... Кыязы, муктаждыгы жоктой. Мунун иштешине эмне түрткү болду десең өзү. Бир нерсенин үстүнөн чыкпаса эле болду. Биз качан эле кыздардын шарт-сартына карачу элек?,- Ася Гуляны жактырбагандай карап койду.

– Ой, Ася, шартын айтса айтсын, бизге дайыма эле, “айт” десе “уйт” дей берген, өзүнүн ким экенин тыңыраак билбеген, эркек тандабай жата берген дөдөй кыздар керек эмес да. Бул кыз тың, билимдүү, таза экен. Кийингенин карабайсыңбы... Негизгиси биз өзүбүздүн акчабызды алсак болду да. Бул жерде биздин кызыкчылыгыбыз акча эле да, же башка да көздөгөнүң барбы?

– Акча дечи, бирок мунуңдун бизге эртең зыяны тийип калбайбы? Бир агент болуп жүрбөсүн. Балким, бул журналисттир, денесин саткан кыздар деп эртең коомго жарыялап салса “звезда” болуп отурабыз анан баарыбыз. Буга эмне эле жармашып калдың, ишеничиңе да кирип алганын айт?- Ася ачуусу келе сүйлөдү.

– Бул кыз менен биз көп акча жасайбыз, көрөсүң го. Бизде буга чейин вип-кардарларды тейлеген бөлүм жок болчу, туурабы? А биз эми бир бөлмөнү иреттеп жасайбыз дагы, ал жакка бай, акчалууларды тейлей турган, алардын талабына ылайык, дене бою келишкен, Айзада сыяктуу чырайлуу кыздарды иштетебиз,- мыкты идея сунуштагандай башын өйдө көтөрүп отуруп калды.

– Билбейм, билбейм, ошонуңдан деги бир нерсе чыкса экен.

– Эми, Ася, өзүң деле ойлоп көрчү, биздин кыздардан баш тартып жактырбай кеткендер канча болуп жатат. Сенин прокурор досуң деле жактырбай кетип калды го.

– Ой, келип эле жүрбөйбү.

– Келет, бирок ал энесинен башка өппөгөн жапжаш кыздар үчүн келет да. А андай кыздар бизде күн сайын эле боло бербейт. “Чапкан сайын көз чыга бербейт” дегендей эле, бир түндөн кийин баары эле кыз болбойт да. Бизге андай жипсиз байлана тургандар керек. Мисалы, азыр көп жерде тазалык сакталбайт. Биз ошол бөлүмдө тазалыкты абдан сактайлы, ошондо ал жакка акчалуулар гана келип калат. Алар өз коопсуздугу үчүн деле көп акча төлөөгө даяр да...

– Да-а, Гуля, бирок кебиңдин жөнү бардай. Негизи идеяга бай катынсың да,- Ася муюй түштү.

– Гуля-яяя, мага мындай ой келди?

– Ии.

– Тиги “фифочканы” вип-бөлмөңдүн ачылышында прокурор досума тартуулагым келип жатат.

– Ой, ой, кыз көрсөң эле прокурор досуң менен жаткыргың келе берет, ээ? Аны көрө жатарбыз. Андан көрө оңдоп-түзөө иштерине киришели,- Гуля ордунан турду.

– Эшекти сөз кылса кулагы көрүнөт дечү беле? Келди тигиниң.

– Саламатсыздарбы? Гуля эже, кандайсыз?- Айзада кирип келди, Гуля менен көптөн берки жакын тааныштардай бетинен чоп эттире өөп учурашты.

– Кел, отур, биз жакшы. Сени ишке алуу жөнүндө сүйлөшүп жатканбыз. Айзада, бизде кыздар минтип өз каалоосу менен өтө сейрек келет. Сен эмнени көздөп келдиң? Эртең бири-бирибизге залакабыз тийип жүрбөйбү?

– Гуля эже, эч коркпоңуз. Айыбыңардын ачылышын жана өзүмдүн айыбымдын ачылышын каалабайм. Биринчиден, мен көп акча табышым керек. Экинчиден, мен ар кыл эркектин дараметин сынап көргүм келет. Үчүнчүдөн, менин кардарым сөзсүз акчалуу адам болушу керек.

– Эмнеге акчалуулар менен гана?- Гуля кызыга сурады.

– Анткени акчалуу эркектер таза, өз жанына тың болот да. А мен башка жакка деле бармакмын. Бирок мага сиз жактыңыз, менимче, биз жакшы иштешебиз деп ойлойм,- деди Айзада чакчаңдай.

Гуляга мындай тың кыз биринчи жолу жолукту. Ага чейин кыздарды дайыма арзан батир берем деп үйүнө киргизип, документин алып туруп үстүнө эркек киргизип жиберчү. Кыздарга баш тартып кетүүгө эч кандай тандоо калтырчу эмес.

– Ооба, Айзадочка, сен биздин вип-кардарларды тейлейсиң эми.

– Гуля эже, менин биринчи кардарым Жакыпов болушун каалайт элем. Ал силерге көп келерин билем.

– К-ха,- Ася ууртап жаткан суусуна чакап кетти.

– Сен аны каяктан тааныйсың?- алая кызды карап калды бир нерседен шектенгендей.

– Аны мыкты прокурор деп элдин баары эле тааныйт го. Андай адам менен бир түндү өткөрүү деле жакшы. Анан да сага ал үчүн акча төлөп жатса, туурабы?- кыз көзүн сүзө башын ийкегилеп койду.

– Ошондо сен аны жактырасыңбы,- Ася дагы суроо узатты.

– Ошондой десе дагы болот.

– Сендей сулуу кызга көз артып жүргөн жаш жигиттер деле көп болсо керек...

– Көп деңизчи, бутка чалынат. Бирок мага улуулар жагат. Дал ошол Жакыпов жагып жүрөт мага. Бөлмөмдө керек болсо анын сүрөттөрү илинүү. Өзү ошол Жакыпов үчүн силердин жаныңарга келип отурам го,- чайнап жаткан сагызын үйлөп тарс эттире жарып койду.

– Ошондой дечи макоо кыз,- Ася мыйыгынан жылмайып күлүп койду.

– Макул, Айзада, сенин кыялыңды орундатып прокуроруңду сага киргизип беребиз,- деп Гуля күлүп койду.

Өзү Гуля табиятында ушундай тың адамдарды жактырчу. Ошон үчүн Айзаданы анын шарттарына көнүп, алып жашырып койбой, тапкан акчасынын 40 пайызын берүүгө келишим түзүп ишке алды. Анан дагы башка кыздарды керели кечке карамагында багып жүрөт, Айзада болсо келип кетип иштейт. Анысы да жагып калган. Айзада ага жаңы кадамдын ачылышын жасады. “Кыздар ушинтип өз каалоосу менен келип иштеп, бизден өзүнө тиешелүү акчасын алып турса. Мен дагы кыздардын убалына калбайт элем, мага да жүк болушпайт эле” деп ойлонуп калды. Адам дегениң канчалык төмөн деңгээлге түшүп жаман тарапты байырлап жашап жатса дагы, бир күнү түпкүрдөгү адамгерчилик, жакшы сапат кылт этип моюнун созо калып, адамдын кирдеп бүткөн жүрөгүнө жарыгын чачып турат экен да, көрсө. Гуля кыздарды алдап көнгөн ишин кыла бергени менен, кээде кадимкидей өзүнөн иренжип кетет. Кудайдан жалбарып кечирим сурайт. Бирок бул учур көпкө созулбайт, себеби анын нугуна түшүп калган иши, суроо-талап кайра эле аны өз ишин жасоого түртөт.

xxx

Алтынбек менен Шам-эл эрте туруп күмбөздү көздөй жөнөштү. Айылдын этегинде жайгашкан күмбөзгө бат эле жетип келишти.

– Мынакей, Шамике, байкем менен жеңем ушул жерде мемиреп уктап жатышат,- колун жаңсап катарлаш жаткан эки дөбөчөнү көрсөттү. Шам-эл аларды көздөй жай басып бара жатты. Ушул кезде бүтүндөй денесин муздактык каптап, калтырап турду. Күмбөзгө жете берип чөк түшүп отура калды. Көз жашын, ичиндеги уйгу-туйгу болуп турган ызасын басууга кудурети жетпей койду.

– Ата, апа-а,- деп үнүн барынча чыгарып бакырып алды да, бир топко шолоктоп ыйлады.

– Мейли, ыйласа ыйлап алсын, бул кургур деле эмне кылсын? Жыргай турган жашын, сүрө турган доорун темир тордун аркасында өткөрдү. Ак жерден айыптуу болуу дегендин өзү эле канча азап,- деп ары жакта Шам-элди карап турган Алтынбек күбүрөндү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан