ӨНӨР ЖОЛУНДА 55 ЖЫЛ...Айтылуу Замирбек Үсөнбаевди замандаштары дагы бир жолу төргө отургузушту

Кыргыз Эл артисти, заманыбыздын залкары, айтылуу төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин өнөр жолунда жүргөнүнө быйыл 55 жыл болуптур. Буга карата 20-ноябрь күнү Бишкектеги Улуттук филармонияда “Өрнөктүү элден бата алып, өнөргө болду аталык” аталышында концерттик кече өттү. Сөз баккан, өнөр сыйлаган кары-жаш зал толо келип, Замирбек аганын шакирттери, санаалаштары ыр-күү тартуулашты. Иш-чарадан репортаж сунуштайбыз.


“Жүрөк байкуш карыбайт, 100гө келсе да курагың”

Концерттик кечени Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана улуттук “Манас” театры уюштурду. Концерт Замирбек Үсөнбаев тууралуу видеотасманы көрсөтүү менен башталды. Андан соң залкардын жаш чагы театралдаштырылып көрсөтүлдү. Андан кийин жабыла сахнага чыккан Замикенин шакирттери устатын даңктап ырдап, аны сахнага чакырышты. “100гө чыгыңыз, 100дөн аша жашаңыз” деген каалоо-тилектер айтылып, кеченин баш каарманы Замирбек Үсөнбаевди сахна төрүнө отургузушту. “Бөрү карыса да бир койлук алы бар” дейт эмеспи, Замике комузун колуна ала коюп, төгүп жиберди. Жаштыгы өтүп кетсе да, өнөрдүн жалыны, кайрат-күчү өчө электигин айтып ырдап, “Жүрөк байкуш карыбайт, 100гө келсе да курагың” деди. Ал эми “100гө чыгыңыз” деген каалоолорго мындай жооп кылды:

“Жаш улгайып калганда

Жакшы сөз болсо укканың,

Жашоодо ошол утканың.

Уулдун көрүп урматын,

Кыздын көрүп кызматын.

Үлгүлүү өмүр сүрсөң

Ушул да жүзгө чыкканың...”


Манас жаңырып, куттуктоолор айтылды

Андан ары кеченин расмий бөлүгүн ачуу үчүн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов сахнага чакырылды. Касмамбетов Замирбек Үсөнбаевге жүгүнүп, колунан өөп учурашты. Өз сөзүндө, эки доордун жарчысы болгон залкар акын Замирбек Үсөнбаев чындыгында өнөрдүн аталыгы экенин, анын кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү эмгеги нар көтөргүстүгүн баса белгилеп, “учурдагы кыргыз сахнасынын көркү болгон акындарга насаатчы, үлгү болуп, узак өмүр сүрүңүз” деди. 

Назаркул Сейдракманов баштаган манасчылар Рысбай Исаков, Замирбек Баялиевдер чыгып манас айтышты.

Мындан тышкары Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин өнөрүнө күбө болдук. Оркестрдин коштоосунда Өмүрзак Кайыпов “Мөлмөлүм”, Лира Райымбекова менен Кенже Көбөкова “Кечирип кой” ырларын ырдап беришти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов: “Сиз төкмө акындык, дастанчылык, обончулук, таланттарыңыз менен Кыргыз элинин көөнөрбөс мурас-казынасы болгон маданиятты, нарк-насилди, үрп-адатты, каада-салтты улуттук руханий байлыкты аздектеп, элге жайылтып келесиз. Табият тартуулаган өнөрүңүз аркылуу ар кыл жанрдагы чыгармаларды жаратып, элдин колдоосуна ээ болуп жүргөндөрдүн алдынкы катарында турасыз. Сиз Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Манас” орденинин ээси, Түрк дүйнөсүнүн сыймыгы болуп, дагы деле күч-кубаттуу күжүрмөн турпатыңызда туруп, чыгармачылыкта дагы бир топ эмгектерди аркалап, ийине жеткирип, өтөөсүнө чыгарыңызга биз терең ишенебиз”,- деди. Маданият министрлиги тарабынан Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгына карата аткаруучулар арасында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. 3-орунга Эрбол Абыкеев, Иманбек Жээнбеков татыса, 2-орунду Жанат Канат уулу, Самуэль Григгс багындырды. Ал эми 1-орун Өмүрзак Кайыповго буюрду. Баш байгенин ээси Нурсултан Кадыралиев болду. Арген Биймырза уулу, Гулина Калыгулова кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту. Аталган сынакка 30дан ашуун аткаруучу катышып, алар Замирбек Үсөнбаевдин автордук чыгармаларын аткарышкан. Сынактын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түздү. Сыйлоо аземинен кийин концерттик программада сынактын жеңүүчүлөрүнүн өнөрүнө күбө болдук. Обон созуп “Гүзал кызды” ырдап беришти.


“Мындан чоң сахналарда ырдап толкунданган эмесмин, бүгүн толкунданып жатам”

Замирбек Үсөнбаев түптөгөн Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” тобу да кечени көркүнө чыгарууга салым кошту. Топтун жамааты залкарды куттуктап, өз өнөрлөрүн көрсөтүп, залда отургандарга жакшы маанай тартуулашты.

Замандаштары, мамлекеттик ишмерлер Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов жана агасы катары Райкан Алканов каалоо-тилектерин айтышты. Сахнага чыккан аксакалдар “Кудайдын берген өмүрүн сыймыктуу, бактылуу, ден соолукта жаша, эл-журт алдында кадыр-баркың төмөндөбөсүн” деген тилектерин айтышты, кыргыздын улуулугун даңктап сүйлөштү, тамаша кеп узата залды күлкүгө бөлөштү.

Куттук айтып келген конокторун сыйлаган Замирбек Үсөнбаев аларды ордунан туруп тосуп алып, ордунан туруп узатып жатты. 

Көпчүлүк үчүн жаңылык, ал эми Замирбек Үсөнбаев үчүн сыймыктанган бир учурду аттап кетсек болбостур. Бул кечеде Замикенин небереси Алиаскар Замирбеков алгачкы жолу чоң сахнага чыкты. Ал “Акак” комузчулар ансамбли жана Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри менен бирге Шекербек Шеркуловдун “Үч муунак” күүсүн, Атай Огомбаевдин “Маш ботоюн” чертип берди.

Жыйынтыктоочу сөз берилгенде Замирбек Үсөнбаев: “Баарыңыздарга чын жүрөктөн рахмат айтам. Өмүрүмдө толкунданган эмесмин. Лондондо, Нью-Йоркто, 6-7 миң кишилик театрларда ырдагам. Ошондо да чачымдын бир кылы кыймылдабай, толкунданбай ырдагам. Бүгүн аябай толкунданып жатам. Майрамга майрам кошул-ташыл болуп алтындай болгон неберем биринчи жолу чоң сахнага чыгып, ардактуу, салтуу оркестрдин коштоосунда “Маш ботойду” чертти. Бул да жакшы жөрөлгө деп ойлойм. Жолу шыдыр, жолдошу кыдыр болсун! Бизде дагы бир майрам. Анда 3 миллион кыргыз болчу. Ошол 3 миллион кыргыздан ырдап жүрүп таап алгам Саадат деген байбичемди. Мен үчүн кыздардын эң сулуусу да, сөзү жылуусу да, мээримдүүсү дагы, акылдуусу дагы көзүмө көрүнгөнү ушул киши болду. Майрамга майрам кошулуп жатат деген себеби – быйыл экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 50 жыл болду.

Сахнада чыгып ырдап өнөр көрсөткөндөрдүн баарына менин тиешем бар. Ушулардын 90 пайызы мен тарбиялаган шакирттерим. “Эмгегиңдин кайтканы – элиңдин алкыш айтканы” дейт экен кыргызда. Бүгүн карасам, менин эмгегим кичине кайтыптыр. Шакирттерим мени эңкейтип отун ташытып же башка жумуш кылдырышкан жок, баарын даярдап, мени жетелеп келип гана отургузуп коюшту. Шакирттериме, кечени уюштургандардын баарына чоң рахмат”,- деп ыраазычылыгын билдирди.

Замадаштары, коомдук ишмер Роза Айтматова, Кыргыз Эл артисти Дарика Жалгасынова, Кыргыз Эл акындары Надырбек Алымбеков, Анатай Өмүрканов, Кыргызстан аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан аппарат жетекчиси келип куттуктап, белектерин беришти. 

Келгендер калпак, тебетейлерин кийгизип, чапандарын жаап жатышты.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты да залкар акын Замирбек Үсөнбаевге кажыбас кайрат, кемибес бакыт каалайт.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан