“ЖАРЫМ МЕТР КАРДЫ БИЗ КАР ДЕП ЭСЕПТЕБЕЙБИЗ”. Чаткалдын алыскы АК-ТАШ айылына саякат

Ак-Таш – кышы оор, жолу татаал, өлкөдөгү эң четки айыл. Кышында 3 метрге чейин кар жаайт. “Кышыбыз катуу. Жумуш жок болгону менен, өрүшүбүз малга толо. Айылыбыз жайында жайлоонун эле өзү. Туулган жердин топурагы алтын деп ата-бабалардын очогун өчүрбөй күн кечирип келебиз”,- дешет ак-таштыктар.


Жайгашкан орду – Жалал-Абад облусу, Чаткал району. Чаткал айыл өкмөтү Район борборунан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кожолуктун (түтүн) саны – 300

Элдин саны – 1515 адам

Каримжан Сарымсаков, айыл тургуну: “Айылдын Үч-Коргон, Тегирмен-Сай деген да аты болгон”

– Айылыбызды тоолор 3 тарабынан коргон сымал курчап тургандыктан илгери Үч-Коргон деп аталган. Биз окуучу кезде бир башкарма келип, тоо тараптан көрүнүп турган ак ташты көрсөтүп, айыл эми Ак-Таш аталсын деп чечим чыгарып, аталышын өзгөрткөн.

Илгери дарыянын аркы-берки өйүзүндө 8 суу тегирмен болгон экен. Ошондон улам айылдын Тегирмен-Сай деген да аталышы болгон. Союз тараган кезде жана андан кийинки жылдары деле 4 тегирмен иштеп турду. Азыр алардын баары токтоп турат. Айылдан чыккан Раимкул Акматов, Токо Эралиев деген мергенчилер илгери басмачылар менен күрөшкөн. Кубатбек Усупбек уулу чачыранды жайгашкан элди айыл кылып отурукташтырган. Азыр мектеп ошонун атын алып жүрөт.

Сапарали Назарматов, айыл башчысы: “Кышында ачка калбаш үчүн күздө мал сатып, азык камдайбыз”

– Айылыбыз Өзбекстандын чек арасынан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бизден ары айыл жок. Чаткал коругунун чеги да биздин айылдан канча бир чакырымдан кийин башталат. Андыктан токой кыдырып жүрүп корукту байырлаган жаныбарларга, мисалы, жапайы каман, аюу, суусарга жолугуу кадимки көрүнүш. Айылдын тегерегиндеги сайлардын ичи бүт кайың. Токойлордо четин, терек, жапайы алма, жылгын көп.

Кыш октябрдын ортосунда эле башталып, 6 айга чейин созулат. Айыл бийик тоолордун өңүрүндө болгондуктан кар калың жаайт. Бирок быйыл жаай элек. Эң аз дегенде 50 сантиметрдей, көп дегенде 3 метрдей жаайт. Жарым метр карды биз кар деп эсептебейбиз. Кээде кечинде жаап баштаган кар эртең менен үйдү көмөйүн деп же аттын кулагынан келип калган учурлар болот. Короо-сарайдын, тамдын башындагы карды күрөй албай, эки жакка чыга албай калабыз. Жол жабылат. Андай кезде өзгөчө кырдаал жарыяланып, ӨКМнын куткаруу кызматы чакырылат. Күрөлгөн кар тоодой болуп үйүлөт. Демейде деле кыш башталганда жааган кар чогулуп, жазга чейин бийиктиги 3 метрдей болуп калат.

“Жол тар, кылт этсең сайга кулайсың”

– Биздин тегеректе базар жок болгондуктан Ала-Букага ашуу ашып каттайбыз. Жолдун эң кооптуу бөлүгү 2 чакырымга созулган капчыгай. Анын айрым жерлери тар. Кокус башка унаа менен жол талашып кылт этсең же жолдон тайып кетсең 80-100 метр бийиктиктен Чаткал дарыясына кулап түшөсүң. Мындай кырсыктар катталган учурлар бар. Мурун мөңгү түшкөндө жол 1 айлап жабылып, каттай албай калар элек. Азыр жол
1 сутка ичинде тазаланат. Баары бир кышта жолдун узактыгынан, татаалдыгынан, катуу сууктун айынан малды базарга алып барып сатуу кыйын. Андыктан сатчу малды күздө сатып, акчабызды, кышкы азыкты камдап алууга аракет кылабыз. Болбосо ачка калчудайбыз. Күздө карышкыр малга кол салып, тынчтык бербейт. Кышта калың карды жиреп келе алышпайт.

Айылдын четинен Чаткал дарыясы агып өтөт. Дарыянын аркы өйүзүндө илгерки колхоздун сарайларын менчиктештирип алган 4-5 түтүн жашайт. Алар, анан биз эгин, чөбүбүздү караш үчүн дарыядан асма көпүрө аркылуу өтөбүз. Эл негизинен буудай, арпа, жашылчаларды эгип, мал багат. Башка айылдарда бышпаган дарбыз бизде бышат. Сыягы, бизге Өзбекстандын ысыгы келет окшойт. Айылда жумуш жок, жашоо тиричилигибиз мал менен байланышкан. Алды 700дөй кой, 1-2 үйүр жылкы, арты 30 кой, 2-3 жылкы 1-2 уй багат. 100-300дөп топоз баккандар, бир нече бал челек карагандар да бар. Алар топоздорун Ала-Бука жакка кыштатып келет. Анткени ал жакта кыш бизге салыштырмалуу жылуу. Айрым айылдаштарыбыз ушул аймактагы алтын кендеринде иштешет. Мектепте 240 окуучу бар. “Сен мени сүйгүн, сүйбө”, “Канымдасың”, “Назира”, “Эмне мынча сүйөм сени?” ырлары менен атагы чыккан Таалай Бектурганов биздин айылда төрөлүп, өскөн. Азыр Таалайдын атасынын үйүндө неберелери жашайт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан