БИЗ СҮЙГӨН МЕДОВИК

Медовик аталган бал тортун көпчүлүк жактырат, жегенде да көңүлгө тийбейт, жакшы сиңет, бал татып даамы өзгөчө. Бул өзгөчөлүктөрүнө карап майрам, туулган күндөрдө ушул торт дайым актуалдуу. Келиңиз, өз колубуз менен жасап жакындарды кубанталы. Ишенем, сиздин колуңуздан келет.

Керектелүүчү азыктар:

Коржу үчүн:

Ун – 450 грамм

Жумуртка – 3 даана

Бал – 3 аш кашык

Кумшекер – 130 грамм

Сода – 1 чай кашык

Каймак май – 100 грам

Көптүргүч – 0,5 чай кашык

Ванилин – 2 мымчым

1. Түбү калыңча келген мискейге бал менен соданы кошуп отко коёбуз. Эрип баштаганда аябай көбүрүп, өңүн өзгөртө баштайт. Күрөң карамель түскө келгенче аралаштырып анан оттон чыгарабыз. Эми каймак майды кошуп аралыштырып эритип алабыз.

2. Эленген унга көптүргүч, ванилинди салып аралаштырып ары коё турабыз.

3. Жумурткага кумшекерди 2-3кө бөлүп салып, миксер менен агарып бир аз коюуланганча чалабыз. Бул аралашмага бал аралашмасын кошуп аралаштыруу керек. Эми буга унду экиге бөлүп салып аралаштырабыз. Камыр башында суюк, колго жабышат. Суюк болуп калды деп дагы ун кошууга болбойт. Анткени корж бышканда катуу болуп калат. Камырды кол менен жууруп, аралаштырганга болбойт. Кашык же башка ашкана приборун колдонуңуз.

4. Камырдын үстүн жаап же, целлофан баштыкка салып муздаткычка 30-60 мүнөт, же тоңдургучка 15 мүнөт коё туруу зарыл. Бул убакта камыр колго жабышпай катый түшөт.

5. Камырды 6га бөлүп, унга жакшылап оонатып пергамент кагазына тегерек кылып өтө жукартпай жайып чыгабыз. Чекелери тегиз болушу үчүн капкак коюп тегерек формаларды кесип алабыз. Ашкан камырдан өзүнчө бир корж чыгарып жайып, бышканда бетине себелөө үчүн колдонобуз.

6. Жайымдардын бетин вилка менен сайгылап чыгабыз, болбосо ар кайсы тарабынан көөп кетет. Электр мешин 180 градуста ысытып, жайымдарды 3-5 мүнөт коюп бышырабыз. Койгондо сөзсүз убактысын бурап, же жанында карап турбасаңыз күйүп кетиши мүмкүн.

7. Бышкан корждорду пергамент кагазынан ажыратпай, муздай түшкөндө сыйрып алуу оң. Ашкан камырдан жасалган коржду целлофан баштыкка 3-4кө бөлүп салып, ичиндеги абаны чыгарып байлап, үстүнөн үбөлүк менен үбөлүктөп майдалап коёбуз. Же блендерге салып майдалап алыңыз.

Бал торту үчүн кремдин түрлөрү

Крем-чиз

Керектелүүчү азыктар:

Тартылган каймак же кам каймак (33%) – 250 грамм

Быштактуу сыр – 400 грамм

Кумшекер упасы – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

Бардык азыктарды бир идишке салып, миксер менен коюуланганча чалабыз.

Каймактуу крем

Керектелүүчү азыктар:

Каймак (25-30%) – 500 грамм

Кумшекер – 150 грамм

Даярдоо ыкмасы:

Муздаткычтагы каймакка кумшекерди аралаштырып, муздак корждорго сыйпап чыгабыз. Үстүнө, капталдарына майдаланган коржду тегиз себелеп, муздаткычка бир түнгө, аз дегенде 1-2 саатка коюу кажет.

Кайнатылган сгущёнкадан крем

Керектелүүчү азыктар:

Кайнатылган сгущёнка – 350 грамм

Каймак (20%дан өйдө) – 500 грамм

Даярдоо ыкмасы:

Азыктар муздак болушу кажет. Каймакты миксер менен 2-3 мүнөт чалып, сгущёнканы 2-3кө бөлүп кошуп чалабыз. Крем даяр.

Пломбир креми

Керектелүүчү азыктар:

Сүт – 500 миллилитр

Жумуртка – 2 даана

Кумшекер – 6-7 аш кашык

Жүгөрү крахмалы – 3 аш кашык

Каймак май – 200 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Мискейге жумуртканы чегип, кумшекер менен крахмалды кошуп тегиз аралаштырабыз. Крахмалдын ордуна буудай уну да болот. Эми сүттү куюп аралаштырып, бир массага келгенде жай отко коёбуз. Тынбай аралаштырып туруу керек. Кайнаганда коюуланат, 1-2 мүнөттөн соң оттон чыгарабыз. Идиши менен муздак сууга салып аралаштырганча кремди муздатабыз. Бети аба кирбегидей жабылат.

2. Жумшак каймак майды миксер менен 2-3 мүнөт агарганча чалабыз. Кайнатылган аралашма биртилдек болуп калат, аны да миксер менен суюлтабыз да, каймак майга 3-4кө бөлүп салып миксер менен чалабыз.

Сан торту

2 жылдан бери туулган күн, юбилейлерде популярдуу болуп белекке берилип жаткан сан торту ушул эле бал тортунун негизинде жасалат. Болгону жайымдарды узунураак жайып, сандын калыптарын түшүрүп чыгабыз. Корждор бирдей болушу үчүн сандын калыбын жука картондон жасап же сатып алыңыз. Корждорду бал тортундай бышырабыз. Эгер бир сан жасасаңыз жогорудагы камырдын жарымы гана жетет. Себеби бул торт негизинен 2-3 эле катмардан турат.

Креми

Жогоруда жазган кремдердин ичинен крем-чиз гана жарайт. Кремди целлофан баштыкка же атайын кондитердик мүшөккө салып, учун кесип, корждорго аз-аздан тегерек кылып сыгып чыгабыз. Кийинки жана үстүнкү катмарын да ушундай эле сыгып, бир түнгө же 2 сааттан кем эмес муздаткычка коёбуз. Бул маалда корж өзүнө крем сиңирип жумшара түшөт. Мындан соң үстүн безе, шоколад, мөмөлөр менен кооздоп коюңуз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан