ӨТКӨӨЛ КУРАКТАГЫЛАР МЕНЕН ТИЛ ТАБЫШУУНУН 7 ЭРЕЖЕСИ

Өткөөл курак. Уйкусуз түндөр, бала бакча, биринчи класс эми бүтүп, “өх, эми өз алдынча боло баштады” дегениңизче балаңыздын өткөөл курагы келип калат. Нааразы боло тиктеген көз караштар, ар түрдүү түскө боёлгон чачтар, сарказм, сабактан качуу жана башка түрдүү сюрприздер менен коштолгон жашоо сизди күтүп турат. Кечээги баёо көз караш жоголуп, момпойгон балаңыз “монстр” болуп чыга келет. Бул учурду баштан өткөрүп жатсаңыз сизге төмөнкү кеңештер жардамын берет деп ойлойбуз.

1.
Ооба, уулуңуздун же кызыңыздын мүнөзү өзгөрүлдү. Терс тарапка экени да чындык. Бирок паникага алдырбаңыз. Анткени аты айтып тургандай өткөөл курак, 2-3 жылда өтүп кетет. Эң биринчи эреже – өспүрүмгө кургак акыл айтпаңыз. Узакка созулган дискуссиялар, урушуу, катуу талаптар бул куракта өтпөйт. Азыркы муун башкача, айткан акылыңа эмес, сенин кылганыңа карап үлгү алышат балдар. Мисалы, “телефонду көп караба” десеңиз, “сиз деле телефон карап жатасыз го?” дейт. Андыктан өзүбүз үлгү болгонго аракет кылабыз. Акыл эмес, кеңеш айтканга аракет кылыңыз. Жана абалды байкоо керек. Ал сиздин айтканыңызды угууга даярбы? Даяр экенин билсеңиз акырын гана анын кылып жаткан мамилеси, аракеттери туура эмес экенин айтуу кажет. Бул куракта алар кирпидей эле тикендерин чачып, ачык сүйлөшүү кыйын болот. Андыктан өспүрүмдү сөзгө тартуу үчүн өзүңүздүн анын курагындагы окуяларыңызды жашырбай айтып берсеңиз болот. Айтып келип анан анын баскан турганы туура эмес болуп жатканы кыпчый кетсеңиз, диалог курганга аргасыз болот. Кээде бардык сырын айтып берип салышы да мүмкүн.

2. Эң жакшы курал – ага тандоо берүү. Мажбурлоо эмес, тандоо укугун берүү менен баланын ишенимине кире аласыз. Мисалы: "Сен каалабасаң аны кылбай эле кой, ордуна мындай нерсе менен алек болуп көрсөң кандай болот?" деген сыяктуу альтернативдүү тандоо сунуу керек. Ал ойлонуп, өзүнө керектүү сунушту кабыл алат. “Биз силердей кезде минтчү элек” деп какшап баштасаңыз эле ал укпай, же угумуш болуп басып кетиши мүмкүн. Анын мыкты сапаттарын мактап келип, керексиз сапаттарын кыпчый кетиңиз.

3. Ага витаминдүү тамак бериңиз. Ал учурда организм бардык жактан жетилип жаткан үчүн ага жетиштүү витамин керек болот. Ушул убакты жакшы карап койсоңуз, кийин балаңыздын ден соолугунда маселе болбойт. Керектүү анализдерди тапшырып, организминде эмнелер жетиштүү же жетишсиз экенин билип, ага карата организмди витамин менен камсыздаңыз. Анткени витаминдин жетишсиздиги да өспүрүмдөрдү агрессивдүү кылышы мүмкүн. Кальций, темир жетишсиздиги ушул куракта көп байкалат.

4. Бул учурда организмдеги өзгөрүүдөн улам өспүрүм өзүн ишенимсиз сезет. Ал эми ата-эненин “бетиңди карачы, безетки басып кетиптир. Жууп алсаң боло. Боюң кайда барат куркуюп” деген сөздөрү аларга оор тиет. Анткени алар өздөрү да денесиндеги өзгөрүүлөрдөн улам эмне кыларын билбей жаткан учур болот. Эгерде кайсы бир кемчилигин айтсаңыз ал комплекс катары өмүр бою калып калышы мүмкүн. Балаңыздын бөлмөсү болсо тыкылдатып кирүү керек, жеке буюмдарын, телефондорун аңтаруу жарабайт. Ушуну менен анын чегин сыйлап жатканыңызды көрсөтүп бересиз. Кийин ал дагы башкалардын чегин сыйлаган адам болуп чоңоёт. Аны чоң адамдай көргөнгө аракет кылыңыз.

5. Эркиндик деген бул жоопкерчилик экенин айтыңыз. Бул куракта ал өзүн эркин сезгиси, каалаган жакта жүргүсү келет. Аны менен чоң адамдай сүйлөшүп, эгерде эркиндик кааласа жоопкерчиликти да кошо алышы керек экенин айтыңыз. Бирок баары бир бала деген бала. Өспүрүм куракта ар түрдүү нерсеге таасирленип кетиши мүмкүн, ошондуктан өзүнө билгизбей чөйрөсүн көзөмөлдөгөнгө аракет кылыңыз. Буга анын мугалимдери жардамчы болушат. Же жакын достору менен ишенимдүү байланыш түзгөнгө аракет кылыңыз.

6. Өткөөл курактагы бала үчүн дүйнөдө баары кызыктуу болуп жаткан учур. Тамеки чегип көрүшү мүмкүн, уяттуу ар кандай видеолорду көрүшү ыктымал, мушташып жана башка тыюу салынган нерселерди байкап көрөт. Муну байкап калдыңыз дейли, сиздин кадамыңыз кандай болот? Ага кыйкырып өкүрүп, жазалап баштайсыз. Же сиз дагы бир кезде анын курагында болгонуңузду айтып, аны түшүнүп жатканыңызды билдирип, бирок зыян тартып кала турганын эскертесиз. Экинчи вариантын тандасаңыз, жаңылбайсыз.

7. Кээде артка чегинүүгө туура келет. Ооба, сиз туура эмес экенин билип турасыз, бирок ал өз башынан өткөрүп көрүшү керек. Ошондуктан “мейли, сен каалагандай кылып көрчү” дегенге туура келет. Аны уга турган кулак, көрүп жаткан көз, абалын түшүнүп турган жүрөк керек. Кээде абалды анын көз карашы менен кабыл алууга туура келет. Ошондо гана балаңыз сизге ишенип жүрөгүн ачат.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан