Медер Доктурбеков, тиктокер: “ХЕЙТЕРЛЕРДИН СЫНЫН КӨТӨРӨ АЛБАЙТ ЭКЕНМИН”

Маршруттук таксиде болгон окуяларды чагылдырып, “Кеңеш” тобунун ырдаганын туурап элдин көңүлүн буруп, күлкү тартуулап жүргөн тиктокер Медер Доктурбеков кеңсебизге келип, биз менен баарлашып кайтты. Каарманыбызды көпчүлүк Союзбек чоң ата деп таанышат. Анда “чоң атанын” кебине кулак түрөлү.

– Салам, Медер! Мен сиздин атыңызды Союзбек экен деп ойлочумун, көпчүлүк да ушундай ойдо экен...

– Ооба, көпчүлүк атымды Союзбек деп ойлойт, анткени Тиктокто ошол ат менен таанылгам. Мындан 2 жыл мурун “Супер кудалар” киносу абдан популярдуу болгон. Ал кинодо Эмил Эсеналиев Союзбек куданын ролун аткарат эмеспи. Жаңы Тикток тартып баштаганымда кинодон үзүндүлөрдү туурап аткарчумун, ошол тасмадан улам атым Союзбек болуп калган. Өзүмдүн атым Медер. 2005-жылы Талас облусунун Талас шаарында туулгам. Учурда Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжде билим алып жатам, 3-курстун студентимин. Кичинемден эле чыгармачылыкка жакынмын. Мектепте иш-чараларды алып барып, ырдап, интермедияларды аткарып жүрчүмүн. Жан дүйнөмдө актёр болгум келчү. Мугалимдерим да “чыгармачылык менен кетишиң керек, сенден чоң артист чыгат” дешчү.

– Качан Тиктокко видео тарта баштадыңыз?

– Көп эле видео тартчумун, бирок сүйлөшкөн кызым эмне дейт деп чыгаргандан уяла берчүмүн. 9-классты бүтүп Бишкекке келгенден кийин ал кыз менен сүйлөшпөй калдым. Ошондо анан тиктокер болуп кеттим. 1-2-курста “Көңүлдүү жигиттерде” ойноп, “Мыкты оюнчу” наамын да алгам. Досторум, чыгармачылыкта жүргөн тааныш байкелер “сенден бир нерсе чыгат, азыртан аракет кыл. Жүзүңдү элге таанытышың керек” деп калышты. Анан ойлонуп, маршруттук таксидеги окуяларды тартууну чечтим. Ошол видеолорум менен көтөрүлүп кеттим.

– Үй-бүлөңүздө бирөө маршруттук такси айдайбы?

– Жок, көптөр ошентип сурай беришет. Мен студентмин да, маршруттук таксиде жүрөм, көп кызыктуу окуяларга күбө болом. Ошолорду эле тартам. Башында маршруттук таксилердин акыркы аялдамасына барып “маршруткада видео тартып алайынчы” деп суранып жүрдүм. Айрымдары уруксат берсе, айрымдары “бизди жамандап тартып саласың” деп болбой коюшчу. Кийин байкелер менин талантымды баалап, өздөрү номерлерин калтырып, “менин маршруткамдан тарт” деп калышты. Кээде маршруткага түшкөндө мени таанып, акча албай коюшат. Ошол эле учурда жактырбай, “сен биз жөнүндө тартпай эле кой, бизди шылдыңдап жатасың” дегендер бар.

– Башында жалгыз эле аракет кылдыңызбы же жардамчыңыз болдубу?

– Өзүм эле. Камерага тартып турган досторум болду. Башында алар “ушуну эмне кыласың, таштачы” дешти. Азыр “Медя, жүр тарталы, сени менен иштешкен бизге сыймык” дешет. “Сен дагы Тиктоктун селсаягы болот турбайсыңбы лайк сурап?” дешти. Бирок мен “стримде” отурбайм. Анткени ал жактан ар кандай жаман сөздөрдү жаза беришет.

– Алгачкы жолу көп көрүү топтогон видеоңуз кайсы болду?

– Быйыл жайында күн аябай ысыды го. Маршруттук таксиге жышынгыч ала чыгып, “жышынып алайын, анан бассейнге барып жуунуп алам” деген видеом эң алгач миллион көрүү топтоп, аябай сүйүндүм ошондо. Андан башка видеолорум да жакшы кетти. Эл тааный баштады. “Маршрутник байке” деген да атка кондум. Кичинекей балдар келип учурашып, “маршруткадагы байкесиз го” дешет. Улуу байкелер “жакшы тартып жатасың, азамат, ушунуңдан жазба, сени көрүп күлөбүз” деп калышат, сүрөткө түшүшөт. Жаңы тикток тартып баштаганымда көчөдөн бир бала токтотуп, “байке, сиз менен сүрөткө түшүп алсам болобу?” деп жатпайбы. Пранк экен деп ойлодум. “Эмнеге мени менен түшөсүң?” десем, “сиз маршрутник байкесиз да” деп калды. Анан эстебедимби тиктокер экенимди. Аябай сүйүнүп кеткем ошондо. Өзүм менен сыймыктанып, жетишкендик ушул дегем. Башында мени таанышсын деп калпак кийип жүрчүмүн. Анткени видеолорумда калпакчанмын да. Көчөгө көп чыгып, ары-бери баскым келчү (күлүп). Бирок эч кимге бой көтөрбөйм. Анткени мен тааныла элек кезде жаңы таанылып баштаган блогер досторумдун арасынан “сен кимсиң” дегендей мамиле кылып койгондору болду, жаман болгом. Бирок ошол мага сабак болду. Бой көтөрбөйм, бирөөгө кыйын болбойм, көтөрүлүп кетсем азыр жанымда жүргөн досторумду таштап кетпейм деп өзүмө сөз бергем.

– Кандай комментарийлер жагымдуу?

– Жакшы комментарийлер көп жазылат. Бирок хейт дагы бар, алар мага катуу тиет. Акыркы учурда кыздын ролун аткарганым үчүн хейт жазылып жатат. Бул юмор да. Ошондой кылыш керек болду, ошондой кылдым. Видеодо кыздын образын жаратсам эле жашоодо кыз болуп калбайм да. Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбеков деле кыздын ролун аткарышкан. Бул юмор, аны түшүнгөн адам түшүнөт.

Көңүл бурбаганга аракет кылганым менен, андай сөздөрдү окусам маанайым түшө берет. “Тиктокко кирсе эле баары кыз болуп кетишет, азыркы балдар бузулду” деп жаза беришет. Мен хейтти көтөрө албайт экенмин, көңүлүмө катуу тийип калат. Ошондуктан “Кеңеш” тобун туураган видеолорду тартууну токтоттум.

– Ал топтун ырдаганын туураган видеолор кандайча тартылып баштаган?

– Достор менен унаа жууп жатканда “Кеңеш” тобу ырдап жатты. Ошондо ойноп эле тартып, жүктөп койдук. Аябай жакшы көрүлдү. 3 жуманын ичинде миллион көрүү топтоду. Ошентип уланып кетти.

– Жарнамаларды чыгарып жатасыз. Сыр болбосо Тиктоктон айына канча табасыз?

– 80 миң сомго чейин табам.

Мындан тышкары тойлордо да кызмат кылат экенсиз...

– Ооба, тамадалык кылам, ырдайм.

– Ата-энеңиз тиктокерлигиңизди кандай кабыл алышат?

– Алар мени колдошот, бардык видеолорумду көрүшөт. Апам башында “тиги видеону өчүрүп койчу, жаман комментарийлер жазылып жатат, мен көтөрө албай жатам” деп калчу, азыр хейтерлерге көңүл бурбаганды үйрөнүп калды. “Видеоң жакшы чыгыптыр” деп айтып турушат. Апам өчүр деген видеолорду өчүрүп коём. Атам эч нерсе дебейт, ага баары жагат. Бир туугандарым мени менен сыймыктанышат.

– Таанымал болгондон кийин сизге кызыккан кыздар да көбөйдүбү?

– Кыздар менен көп сүйлөшпөйм. Апам “25 жаштан кийин үйлөн. Ага чейин сүйлөшпөй эле кой” деп көп айтчу. Ошол мээме сиңип калыптыр. Мага жазган кыздар көп эле, бирок сүйлөшпөйм. 8-9-класста окуп жүргөндө бир кыз менен сүйлөшкөм, жогоруда айтпадымбы. Ошол кызды катуу сүйгөм. Аралык алыстаганда сүйүү өчө баштайт экен. Мен Бишкекке кеткенде ал Таласта калды. Андан кийин бир да кызды анчалык жактыра элекмин.

– Колледжди бүткөндөн кийинки кадамыңыз кандай болот?

– Актёрдук билим алам деп ниет кылып жатам. Өлкөнүн керегине жараган, эл-жерге пайдам тие турган актёр болсом дейм. Кубаныч Баркалбасовдой тамада болгум келет.

– Ишиңизге, окууңузга ийгилик!

– Рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан