ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 4-декабрдан 10-декабрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Аптада күтүүсүз окуялар орун алат. Сизден максималдуу күч-аракетти талап кыла турган жаңы кыйынчылыктарга жана милдеттерге туш болушуңуз мүмкүн. Бирок анын артынан жаңы мүмкүнчүлүктөр да ачылат. Байланыштар, керектүү тааныштык мамиле түзүү үчүн ыңгайлуу мезгил, бирок жаңы тааныштарыңыз менен ачык сүйлөшпөгөнгө аракет кылыңыз. Жумушта чын-ыкластыгыңызды билгендер сизди жаңы кызматка дайындашы күтүлөт.


БУКАЧАР (21.04–20.05)

Убактылуу кумар сезимин сүйүү менен алмаштырбаңыз. Болбосо адамдарга бат байланып калуу адатыңыздан улам жапа чегип калышыңыз мүмкүн. Өз дареметиңизге ишенип, жаңы чакырыктарга даяр туруңуз, анткени алдыда сизге көп энергия сарпталчу сунуштар түшөт. Олуттуу маселени чечүү алдында турсаңыз жакындарыңыздан кеп-кеңеш сураңыз, алар сизге туура жолду көрсөтүшөт. Чоң иштерди баштабай туруңуз, ири суммада чыгымга учурап калуу ыктымалдыгы бар.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Башкаларга сабырдуу болуп, компромисстерди табууга аракет кылыңыз. Анткени кээ бир пикир келишпестиктерден улам чөйрөңүздөгүлөр менен мамилеңиз чыңалып кетиши мүмкүн. Чын жүрөктөн тилек кылсаңыз, анын баары орундалат. Чыгармачыл активдүүлүк сиздин ишиңизге оң таасирин тийгизет. Жумуш ордуңуз жакпай жатса сиз аны оңой эле башка жумушка алмаштыра аласыз. Үй-бүлөңүздө тынчтык жана гармониялуу мезгил өкүм сүрөт.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Жумуштарыңыз аябай көп болот, андыктан алдын ала чакырылган иш-чаралардан баш тарта турганыңыз жакшы. Үй-бүлөдө каржы агымын туура эмес иштеткениңиз үчүн жеме угасыз. Достор менен баарлашуу, жолугушуу сизди жаңы идеялар, келечектүү долбоорлор менен кубантат. Көрө албастардын каралоосуна кабылбайын десеңиз, сырга бекем болуңуз, өзүңүздүн да, башкалардын да. Бирөөнүн сырын кокусунан айтып алып чоң балээге калышыңыз мүмкүн.


АРСТАН (23.07–23.08)

Дарегиңизге айтылган сындар сиздин өзүңүзгө болгон бааны бир топ төмөндөтүшү мүмкүн. Бирок сиз лидер экениңизди жана бардык көйгөйлөрдү чечүү дымагыңыз бар экенин унутпаңыз. Досторуңуздан жана кесиптештериңизден жардам суроодон тартынбаңыз. Эч кимге эч нерсе далилдөөнүн кажети жок, күчүңүздү жаңы бизнес байланыштарды түзүүгө багыттаганыңыз оң. Үй-бүлөңүздө тынчтык жана бакубатчылык өкүм сүрөт.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Баары сиз каалагандай болбой жатышы мүмкүн, бирок бул дүрбөлөңгө түшүүгө негиз эмес. Ийгиликке жетүүдө досторуңуздун жана үй-бүлөңүздүн жардамына ишениңиз. Документ иштерине так болуңуз, маанилүү документиңизди жоготуп алсаңыз кийин аны калыбына келтирүү машакаттуу иш болот. Сүйүүнү күтө берип тажаган бийкечтер, эч кимден сүйүү күтпөй жашап, жан дүйнө тынчтыгында өзүңүз менен өзүңүз калганда гана сүйүү келерин билиңиз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Жаңы нерселерди сынап көрүүдөн жана эксперименттерден коркпошуңуз керек. Оптимисттик маанайыңыз жана энергияңыздын арты менен көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Апта жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алууда ийгиликсиз, бирок чыгармачылык үчүн ыңгайлуу болот. Жумушуңуздан күтүлбөгөн жерден сый акы аласыз. Эс алуу күндөрүн үй-бүлөңүз менен өткөрүңүз, досторду кечки тамакка чакырсаңыз болот.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Каржы маселесине этият жана кылдат мамиле кылыңыз, керексиз нерселерге акча коротпоңуз жана ашыкча карыз албаңыз. Жеке жашооңуздагы көйгөйлөрдү сыртка чыгарбаганыңыз туура. Чаян мырзалар сүйүктүүңүзгө кичинекей бирок, укмуштуудай майрам уюштуруп берсеңиз, ал күн анын эсинде өмүр бою калат. Аласа-береселерди дептерге жазып турбасаңыз кимден канча алганыңызды унутуп коюп, башкаларды ыңгайсыз абалга калтырасыз.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Жасай турган иштериңиз абдан көп болот, бирок алардын эң маанилүүсүн аныктап, биринчи ошол жумушуңузду бүтүрүп алганыңыз туура. Үй-бүлө түйшүгү, жумуш деп жүрүп жеке хоббилериңизди унутта калтырбаңыз. Материалдык жардам сураган жакындарыңыздын сунушун четке какпаңыз. Азгыруучу сунуштарды сезе билиңиз, айрымдар атайын сизди кылтакка илүү үчүн да азгыруучу сунуштарды киргизиши мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Карьералык тепкичте сизди чоң өзгөрүү күтөт. Жаңы жумушта өзүңүздүн лидерлик сапаттарыңызды көрсөтүп бат эле жумуштагылар менен тил табышып кетесиз. Сиздин камкордугуңузга муктаж адамдар кеңеш жана жардам сурап кайрылышат, колуңуздан келишинче жардам бериңиз, бирок оор жүктү башыңызга үйүп албаңыз. Сүйүүдө өзүңүздүн гана эмес, жакын адамыңыздын да сезимдерин баалап, аны түшүнүүгө убакыт келди.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Апта сизди бардык тармактагы ийгиликтер менен кубандырат. Мейли бизнесте, карьерада же сүйүүдө болсун. Өзүңүздүн күчүңүзгө, дареметиңизге ишеним болуп көрбөгөндөй жогорулайт. Бирок мындай ийгилигиңизге ич күйдүлүк кылган да жакындарыңыз чыгат. Узак жолго иш сапарга чыгуу сунушталбайт. Сүйүү мамилесинде кандайдыр бир нерсени өзгөрткүңүз келген каалооңузду жакын адамыңыз башка мааниде түшүнүп таарынышы мүмкүн.


БАЛЫК (20.02–20.03)

Майда нерселерге капаланып, тынчсызданбаңыз. Жакшысы, мына ошол кичинекей нерселерден кубаныч тапканга аракет кылыңыз. Сүйүктүүңүздөн шектенип, анын туруктуулугунан күмөн санап жатсаңыз өзүнө айтып эле сурап алганыңыз туура болот. Аптада ар кандай бюрократиялык көйгөйлөргө туш болушуңуз мүмкүн. Үйгө керектүү чоң буюм сатып алуу капчыгыңызга чак келбей жатса насыя алып турсаңыз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан