"ТӨРКҮН– КОРГООЧУ, КОРГОЛООЧУ ЖЕР ЭМЕС”

Кыргыздын кеби керемет. “Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт”, “Кыздын сыры төркүнгө маалым”, “Төркүнүңө сөз ташыбай, төш ташыган келин бол”... Караңыз, бир сүйлөм менен кыргыз аялзатына кандай маанилүү насаат айтылып жатат. Турмушта төркүндүн орду кандай? Ал аялдын жашоосунда кандай милдетти аткарат? Кеп ушул тууралуу улансын.

Абдыкерим Муратов, педагогика илимдеринин доктору: “Кемпирде деле төркүн бар”

– Төркүндүн мааниси терең. Кыргызда, негизи эле түрк элдеринде кызга өз үйүндө жүргөндө сый-урмат менен мамиле жасалган. Көчүп-конуп жүргөн мезгилде суукта кызды төргө күн тийген жерге отургузушкан. Ошондон улам төркүн сөзү келип чыккан. Кийин кыз келин болуп кетип, кайра келгенде да төргө отуругузуп сыйлашкан. Элибизде “энеден кийин төркүн жок, күйөөдөн кийин баркың жок” деген сөз бар. Бул эненин кыздын жашоосундагы орду чоң экенин билдирет. Энеси өткөн соң ага эч ким анчалык күйбөстүгү, күтпөстүгү, баштыгын толтуруп бербестигин билдирет. Ошентсе да жашы өтүп калган аялга, кемпирге өз айылы, үйү төркүн катары калат, кыз келиптир деп өзгөчө сый көрсөтүлүшү керек.

“Эки жыл өтмөйүнчө төркүлөп барышкан эмес”

– Келин болгондон кийин өз үйүнө төркүлөп баруу салты болгон. Мурун эки жыл өтмөйүнчө төркүлөп барышпаганы маалыматтарда жазылган. Төркүлөп барганда ата-эне, туугандарына кийим кийгизип, мал союп, мал жетелеп барган. Төркүн да ушундай эле жооп кылып, союлган малдын төшүн кошуп салып куржунун толтуруп узатышкан. “Сөз ташыбай, төш ташыган келин бол” деген тарбиялык кеп ушундан калса керек. Муну келиндин кешиги дешкен. Кыз тарап көбүнчө тукуму көбөйсүн деп ургаачы мал беришкен. Кыз мындан кийин атасыныкына ар дайым бара берген. Жол алыстыктан же шарты туура келбей төркүлөтүп бара албай жатса келинди эч качан жалгыз жиберген эмес, бул уят деп эсептелген. Зарыл болгон учурда кайни, кайын сиңдисин кошуп жиберишкен. Замандын өзгөрүп жатканына байланыштуу бул нерселердин баары четке чыгып, төркүлөө салты да көп өткөрүлбөй баратат.


Төркүн кыздын жашоосунда кандай милдетти аткарат?

– Кыз барган жерине сиңип жашап кетишине, түшүнбөстүктөрдү оңой жеңип кетүүсүнө, кыйынчылыктарга туруштук берүүсүнө төркүнү багыт берүүчү тарап. Ошондой эле төркүн кыз үчүн сый көрүүчү, өзү менен өзү болууга шарт түзүлүүчү, балалыгын эске салган ыйык, жакын жайы. Кээде төркүнүн абалына карап аларды теңсинбегендер, төркүнү унчукпайт деп келиндин башын көтөртпөй, тилин, колун тийгизгендер бар. Мындай учурларда кызда төркүнүн коргоочу, корголоочу жер катары эсептеп, уруш-талаш болгондо төркүнүнө качып кетип, ажырашкандар бар. Кызды тарбиялап жатканда башка жердин бүлөсү болорун, келечекте балдардын тарбиялай турганын эске алып төркүнү алгач билимге, эстүүлүккө, андан соң өзүнө, тириликке тың болууга үйрөтүшсө коомубузда мындай кейиштүү окуялар аз болот эле.


Ызаткан Жусупова, психолог: “Кайын журтка болгон мамиле төркүндөн башталат”

– Төркүн темасын сөз кылуу өтө маанилүү. Анткени кайын журту, жолдошу менен келишпестик, аларды кабыл албоо, же тескерисинче, келинди кайын журтунун кабыл албашы төркүндөн башталат. Анткени өз ата-энебиз, бир туугандарыбыз бизге сүйүү берген эмес. Аларга жагуу үчүн, көңүлүн бурдуруу үчүн, мактоосу үчүн гана окуп, жумуш жасап көнөбүз. Себеби ата-энебиздин убактысынын аздыгы, же коркуп бизди катуу кармаганынын айынан ал бөксөөбүз толбой калат. Мындай учурлар азыркы ата-энелерде да кеңири кездешет. Бөксөө жерди толтуруу үчүн сүйүүнү айлана-чөйрөдөн издейбиз. Бирок ал жерди эч ким, эч нерсе толтура албайт. Анткени ата-эне менен баланын ортосундагы сүйүү гана чыныгы сүйүү. Кан менен, тек менен келген сүйүү десек жарашат. Мисалы, өз балаңды жакшы көргөндөй канчалык сүйкүмдүү көрүнүп жатса да башка баланы жакшы көрө албайсың. Мындай сезимди күйөөсүнөн, кайын журтунан, кесиптештеринен да ала албайт. Ошондуктан биз адамдар менен иштешип жатканда сөзсүз балалыгына, ата-эне, бир туугандарына кайрылабыз, аларга болгон катылган таарынычын жоюуга, өкүнүчүн жок кылууга, сүйүүнү толтурууга аракет кылабыз. Жан дүйнөдө калган мындай таарынычтар, сүйүүгө канбастык акчада, жумушта, жеке жашоодогу кыйынчылыктарды жаратат.

Ата-энебизге жагуу же мактоо сөзүн угуу үчүн кичине кезден жасаган аракет кийин жеке жашоодо, кайын журтта да кайталана берет. Ата-энеге берген жардамды, белекти, акчаны аларга ушул максатта берип, өзүбүздү милдеттүүдөй сезип алабыз. Бала ата-энеге эч кандай жардам бере албайт, ал карыса деле. Жардам берүү деген түшүнүктүн ордун ыраазычылык билдирүү менен алмаштырганыбыз туура. Мисалы, алар бизди жарыкка алып келгени, тарбиялаганы, окутканы, ушул эрезеге жеткизгени үчүн ыраазычылык билдирип белек-бечкегибизди берип, кам көрсөк болот.

“Төркүн менен кайын журттун орду гана алмашат”

– Бир жолу ысык-көлдүк кыз кайрылды. Ал Ош тарапка турмушка чыгыптыр. Келип кайын журтун жамандап, күйөөсү акчасын карматпай тартып аларын, карызга батып калганын айтты. Себебин издеп балалыгына кайрылдык, анткени адамдын келечектеги программасы 5 жашка чейин эле калыптанып калат, кийин ошону менен жашайт. Көрсө, ата-энеси ал кичине кезинде инисин башка тууганына бала кылып берип коюптур. Инисин аябай жакшы көрчү экен, ата-энесине болгон бул таарынычы көңүлүндө калган. Бул таарыныч, анан тарттырып ийүү сезими кайра кайталана берген, болгону төркүнү менен кайын журтунун орду алмашып калган. Эгерде кыз же уулдун жан дүйнөсү сүйүүгө толсо, же таарынычтар жазылса өзүнөн-өзү эле төркүн, кайын журт деп бөлбөй, эки тарапты бирдей карап калат.

Учурда миграция күчөп, балдар ата-энесинин сүйүүсүн толук албай калышууда. Мындай балдар кийин кайын журту менен келише албай, же акча жаатында, сезимдер жаатында жол болбостукка туш болушу мүмкүн. Ошондуктан балдарга сизден башка адам бере албаган сүйүүнү, ишеничти берүү кажет. Ар кандай жаңылык, окуялардын илеби менен коркуп алып, балаңызды ал абалга туш болбосун деген ниетте катуу тыйбаганыңыз жакшы. Бул үчүн сиздин өтмүшүңүздөгү, же учурда орун алып жаткан окуя, жаңылыктардан коркуу, чочулоо сезимин коё берип, балага ишенип, ишеничти актоосуна өзүңүз үлгү, түрткү болуңуз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан