СПИДге каршы чогуу туралы!

1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү катары 35 жылдан бери белгиленип келет. Аталган датаны утурлай биз ВИЧке чалдыккан кыргызстандыктардын абалы учурда кандай экенине кызыгып көрдүк. Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧти (АИВ) көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Үмүт Чокморова менен анын орун басары Айбек Бекболотов ВИЧти аныктоодогу жаңы ыкмалар, оорунун алдын алуучу профилактикалык иштер тууралуу айтып берди.

Статистика эмне дейт?

– 2023-жылдын 1-ноябрына карата статистикалык маалыматтарга таянсак, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 13 113 адам ВИЧ инфекциясын алып жүрөрү аныкталган. Алардын ичинен 760 жаран чет өлкөлүктөр. Жалпы оору аныкталгандардын 3261и түрдүү себептер менен каза болгон, ал эми алардын 832си дарыланбагандан көз жумган. ВИЧ илдетине кабылгандар өлкөбүздүн бардык аймактарында бар, бирок илдет жуктургандар арасында биринчи орунда Бишкек шаары, экинчи орунда Чүй облусу, үчүнчү орунда Ош шаары турат. ВИЧ 3 гана жол менен жугат:

1. Кан аркылуу (ийнеден жуктургандар көп)

2. Жыныстык катнаш аркылуу

3. Эне аркылуу балага өтөт.

Эң коркунучтуусу – бизде жыныстык катнаш аркылуу жуктургандар көбөйдү. Айрыкча жаштар, 29-39 жаштагы жарандар ВИЧ инфекциясын эң көп алып жүрүүчүлөр. Пайыздык чен менен эсептегенде кан аркылуу 18 пайыз, энеден балага өткөн учурлар 2,5 пайыз, ал эми жыныстык катнаш аркылуу 54 пайызды түзөт. Баш аламан жыныстык катнашка баргандар сактануу каражаттарын колдонбосо бул көрсөткүч өсө берет. Жаштар арасында жыныстык тарбия абдан керек болуп турат. Бул ооруда бир аз дене табы көтөрүлүп, ичи өтүп, шалдырап, тердесе, жаран аны башка оору менен алмаштырып жүрө бериши мүмкүн. Анан организм өзү да вирус менен күрөшөт, мына ушул күрөшүү убактысы 5-10 жылды түзөт.

“СПИД болсо эле өлөт деген түшүнүк жокко чыкты”

– Кыскача тарыхына токтолсок, Кыргызстанга ВИЧ илдети 1996-жылы келген. Бул инфекцияны алгачкы жолу ошол кезде Жеңишбек Назаралиевдин клиникасында дарыланган, баңгизат колдонгон жарандан табышкан. Бизде биринчи жолу катталган жылдары бул ооруга каршы дарылар жок эле. Ошол үчүн көпчүлүк бейтаптар өлүп калышкан. Кийин илим-техника, медицина өнүктү. Азыр биз ВИЧти алып жүргөн адамды кадимки өнөкөт инфекциялык оору менен ооруган бейтап катары кабыл алсак болот. Адам СПИД болсо эле өлөт экен деген түшүнүк жокко чыкты. Мурун жаштар биздин СПИД борборубузга келип кан тапшыргандан уялышчу, азыр андай жок, анткени коомчулук да бул нерсеге түшүнүү менен карап калды.

ВИЧтин алдын алуу жолдору

– 2016-жылы Бириккен улуттар уюмунун сессиясында ВИЧ жана СПИД менен күрөшкөн уюмдардын алдына чоң максат коюлган. Ага ылайык, 2030-жылга чейин ВИЧ, кургак учук, гепатит оорулары менен ыкчам күрөшүп, бул ооруларды жуктурган бир да учур катталбашы керек. Ушул максаттарга жетиш үчүн БУУ атайын программа иштеп чыккан, биз аталган программанын алкагында иш алып барып жатабыз. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен бирге чыпалактан кан алуу жолу жана шилекей аркылуу илдетти аныктаган экспресс-тесттерди колдонууну стационарларга, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна киргиздик. Ушул медициналык жайларда жаткан же дарыланам деп келген жарандардын баары текшерилүүдө. Мындай ыкманын арты менен жылына 700-900 жарандан ВИЧ инфекциясын таап жатабыз. Ошондой эле 7 облуска 7 мобилдик клиника ачылган, ичинде бардык керектүү жабдыктары, лабораториясы менен. Аталган көчмө клиникалар Бишкектин соода түйүндөрүн, базарларды да кыдырышууда. Анда бир жолу кан алуу менен 4 инфекциянын канында бар же жок экенин биле алышат: ВИЧке, гепатит B, Cга жана сифилиске. Мурун оорулуулар күнүнө 5-6 дары ичишсе, азыр күнүнө 1 даана эле дары ичип калышкан. Медицинасы өнүккөн өлкөлөрдө учурда 3 айда, 6 айда бир канга ийне сайып дары алган ыкмалар чыгып жатат. Ал ыкма бизге келсе бейтаптардын абалы бир топ эле жеңилдейт. Бизде азыркы күндө дарылар жетиштүү. Дарыны көбөйтүп, ВИЧти алып жүрүүчүлөрдүн өмүрүн узартканыбыз менен, илдетти жуктуруп алгандар азайбай жатат.

Айбек Бекболотов, Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧти (АИВ) көзөмөлдөө борборунун директорунун орун басары: “Дарыларын өз убагында ичип турушса оору жукпайт”

– Бизде ВИЧти дарылоо программасы 2005-жылдары киргизилген. Эгер оорулуу жаран дарыгердин айтканын кылып, дарыларын өз убагында ичип турса оорусу эч кимге жукпайт. Мындан улам өзү ВИЧ болуп аялына жуктурбай жашап жүргөн түгөйлөр көп. ВИЧти алып жүргөн кош бойлуу эне дарыларын ичип турса баласына эмчек сүтү аркылуу же төрөт аркылуу 99 пайызында жукпайт. ВИЧ илдети тукум куубайт, ата-энеси ооруп, бирок балдары таза төрөлгөн учурлар болот. Биздин коомдо ВИЧти бул сойкулар менен баңгилердин оорусу деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок илдетти жуктуруп алгандардын 80 пайызы жөнөкөй эле ишкер, соода кылып иштеген, мамлекеттик жумушта иштеген жарандар. Көбү чет өлкөгө чыкканда же кош бойлуу кезде текшерилип билип калышат. ВИЧи бар деп аныкталган бейтаптардын 50 пайызы оорусун 5 жыл мурун эле жуктуруп алышкан болот. Ошол үчүн бир жылда бир жолу келип ВИЧке кан тапшырып текшерилип туруу керек. Айрымдар “менин ден соолугум абдан чың, менде бул оору болушу мүмкүн эмес”, “жакында эле бардык органдарымды текшерткем таптаза чыккам” деп ишенбегендер бар. Ооруну атайын ВИЧке кан тапшырып гана аныктаса болот, мисалы, жүрөктү, бөйрөктү текшергенде бул оору билинбейт.

Жамааттардын лидерлиги – БУУнун башкы урааны

ВИЧ менен жашаган, жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү жагынан жамааттык уюмдар эпидемияга каршы күрөшүүдө алдыңкы сапта турушат. Аталган жамааттар чогуу, бирге күрөш жүргүзсө СПИДди жок кыла алышат. Бирок аталган бирикмелерге лидерлик жетишпейт. Каржылык жетишсиздик, саясат жана укуктардагы ченемдик чектөөлөр, ресурстук чектөөлөрдөн, жарандык жана адам укуктарынын бузулушу ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо кызматтарын ийгиликтүү жеткирүүгө жана колдонууга тоскоол болууда. Эгерде бул тоскоолдуктар жоюлса, коомдук уюмдар СПИДдин жоюлушуна салым кошуп, ВИЧке каршы глобалдык реакцияга салым кошо алышат.

Стигма жана дискриминация

Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧТи (АИВ) көзөмөлдөө борбору бул Кыргызстанда ВИЧ жана гепатиттерге каршы күрөшүүчү алдыңкы уюмдардын бири. Аталган борбор ВИЧке жана гепатитке кабылган адамдардын оорусунун алдын алуу, дарылоо жана колдоо боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн үстүндө иштеп келет. Ага карабай коомчулукта ВИЧ илдетин алып жүргөн жарандарга карата стигма жана дискриминация күч. Айрымдар оорулуулар менен кол алышкандан чочулашат. Мындан улам кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө борбору БУУнун ЮНФПА фонду менен бирге үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлерин окутууну башташкан. Оорулууга карата стигма коомдогу дискриминациянын жана адам укуктарынын бузулушунун негизги себеби болуп саналат. Кырдаал өзгөрүшү үчүн аларды туура түшүнүүнү ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек дешет борбордун адистери. ВИЧ чындап эле ар бир адамга таасир этерин билип, вирустун кантип жугушун жана жугуу коркунучун кантип азайтуу керектигин билип, ден соолугуңуз жөнүндө күн сайын ойлонууга кеңеш беришет.

ВИЧтен кантип коргонуу керек?

Бир эле туруктуу өнөктөш менен жыныстык мамиледе болуу керек.

Эркектердин же аялдардын презервативдерин туура колдонуу зарыл.

Эркектерди сүннөткө отургузуу ВИЧти аялдардан жуктуруп алуу коркунучун азайтат.

Эгерде өнөктөштөрдүн бири ВИЧ менен ооруса, бирок эффективдүү дарыланып (антиретровирустук терапия) жатса, анда ВИЧи жок өнөктөшүнө жугузуу ыктымалдыгы өтө төмөн.

Эгер баңгизат колдонсоңуз ийнени, сууну же дары даярдоочу жабдууларды кайра колдонбоңуз жана башкаларга да колдонууга бербеңиз. Бир жолу колдонулуучу ийнелерди гана колдонуңуз.

Кош бойлуулук жана төрөт учурундагы эффективдүү антиретровирустук терапия, ошондой эле ымыркайды эне сүтүнөн башка азыктар менен тамактандыруу ВИЧтин энеден балага жугуу коркунучун 5 пайызга төмөндөтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан