2024-жылы Пекин-Бишкек-Пекин аба каттамы ачылары маалымдалды.
28-ноябрда Бишкекте “Кыялымдагы Кыргызстан” аттуу республикалык жаштар форуму өттү.
Кыргызстанда 69 миң долларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган чет элдик жаран кармалганы маалымдалды.
Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстандын элине гумжардам жөнөтмөкчү.
“Бишкек асфальт сервис” ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев иштен алынды.
Өлкөдөгү ветеринардык дарыканалар текшерилип, талапты бузгандарына эскертүү берилүүдө.
Аравандагы Юсупов айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалды.
Парламенттин мурдагы депутаты Борис Сандын уулу кармалды, ага кылмышка шериктеш болгон деген айып тагылды.
Оштогу Кара-Суу базарынын соодагерлери 29-ноябрда ККМге каршы митингге чыгышты.
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына Жаңы жылдык башкы балатыны орнотуу иши жүрүүдө.
Президент Садыр Жапаров 30-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барды.
Кыргызстандыктар 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин эс алышы мүмкүн, тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Казакстанда Хостел өрттөнүп, 13 киши каза тапты.
Лейлек районунда 2 миллион сомдук аткезчилик жүк ташып бараткан жаран кармалды.
Депутат Тазабек Икрамов шайлоого катышпаган жарандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алды.
Бишкекте 30-ноябрда “Дордой”, “Мадина” базарларында иштеген соодагерлер салык саясатына нааразы болуп митингге чыгышты.