ДЕПУТАТ УБАКЫТТЫ 1 СААТ АРТКА ЖЫЛДЫРУУНУ СУНУШТАДЫ

30-ноябрда парламент жыйынында депутат Миргүл Темирбаева Кыргызстанда убакытты 1 саат артка жылдырууну сунуштады. Депутат бул боюнча Баткендин тургундары көтөргөн демилгени колдоп, министрлер кабинетине тапшырма берүү керек дейт. Темирбаева Союз маалында жай жана кыш мезгилдеринде убакыт жылдырылып турганын, 2005-жылы Кыргызстанда убакыт 1 саат алдыга жылдырылып, ошондон бери өзгөрө электигин айтат. Учурда Кыргызстанда убакыт Өзбекстан менен Тажикстанга салыштырмалуу бир саат алдыда жүрөрүн айтып буларды кошумчалады:

– Убакытты 1 саатка жылдыруу элдин ден соолугу үчүн да жакшы болмок. Шаарда балдарыбызды мектеп, бала бакчага унаа менен жеткиргенибиз менен айылдарда таң эрте жолго чыккан балдар жолбун иттерге таланган учурлар болуп жатат. Уйкудан өтө эрте туруу да баланын ден соолугуна терс таасир этерин адистер айтып келишет. Ушуларды эске алып, убакытты 1 саатка жылдырууну сунуштайм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан