ШООЛА (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал )

(Башы өткөн сандарда)

Шоола менен Канат болбогон жерден ушинтип урушуп калышты. Шоола таарынган деле жок, болгону кыз кыялын көрсөтүп, өзү биринчи болуп сөз баштагысы келбей жатты. Бирок Канатсыз жашоо мынча оор болорун билген эмес. Аны менен сүйлөшпөй калган күндөр ал үчүн кылымга тете болуп жатты. Апасы кызынын кабагына кар жааган абалын көрүп алгач маани берген эмес, өтүп кетет деп ойлогон. Кызы жанын коёрго жер таппай жатканын байкап, аргасыз сөз баштады.

– Шоола, сага эмне болду?

– Эч нерсе,- деп бурк этти кызы.

– Канат менен уруштуңбу?

– Хм...

– Олуттуу нерсе үчүнбү?

– Жок, болбогон эле нерсе апа. Мына, үч күн болду. Мектепте мага баш ийкеп койгону болбосо, сүйлөбөйт. Телефон чалбайт, же жазбайт. Эмне кыларымды билбей калдым.

– Башынан айтып берчи, деги эмне болуп урушуп калдыңар?

– Жанат, анын иниси, аябай алсыз бала. Кичинесинен бери эпилепсиядан жабыркайт деп уккам. Бир жолу оорусу класстын ичинен кармап калып, араң эсине келтиришкен эле. Апа, ошол кездеги Канатты көрсөңүз, Жанатты колуна көтөрө калып, кулагына бир нерселерди айтып, жанталашып, врач келгиче укмуш болуп кетти. Таң калдым. Ооба, мен түшүнөм бир тууган экенин, бирок аны ушунчалык жакшы көрөт деп ойлогон эмесмин. Класстын баары таң калды. А мен кызгандым. Жанатты жактыра бербейм. Ал класста такыр үн катпайт. Биз аны “мега мозг” деп коёбуз. Жалаң бешке окуйт.

– Жанат кандай бала экенин түшүндүм. Силердин урушуңардын Жанатка кандай тиешеси бар?

– Жанатты бирөөлөр сабап кетиптир. Ооруканага жатып чыкты дешти. Мен болгону Жанаттын абалы кандай экенин сурадым Канаттан. Ким сабап кетти деп кызыктым. Ошого эле өзүнөн-өзү туталанып болбогон жерден оройлонуп кетип калды. “Биз бир аз убакыт көрүшпөй туралычы” деди.

– Анда бир аз күтүп үйрөн, кызым. Азыр өзүңдү коёрго жер таппай жатасың. Мен сени ойлоп жатам, кайра ооруп калсаң...

– Апа!

– Канат менен же Жанат менен ишим канча менин, кызым, менин ойлогонум сенсиң! Азыр бардык жактан анализдериң жакшы, бир нерсени туура эмес кылып алсак дагы...

– Апа, Канат менин жүрөгүм! Мага ансыз жүрөктүн да, жашоонун да эмне кереги бар? Ооруса ооруй берсин,- деди кызы ыйлагысы келип.

Апасы селт эте түштү. Таң кала карады. Шоола Канатка жакын экенин билчү, бирок ансыз жашоонун кереги эмне дегенге чейин жетет деп күткөн эмес. Бул сезим балалык сүйүү, кимдин башынан өтпөгөн деп ойлочу. Бирок...

– Шоола, сен эмне деп жатасың?

– Канатсыз жашай албайм деп жатам. Биз мектепти бүтүп эле үйлөнөбүз, апа!

– Эмне-е?

– Биз баарын сүйлөшүп, чечип койгонбуз. Ал экөөбүз мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырып эле баш кошобуз.

Апасы эмне дээрин билбей калды. Экөө тең жапжаш экенин, жашоодо алар билбеген эчен ашуу турганын, үйлөнүп алышса эле бардык маселе бүтүп калбасын бул кызга кантип түшүндүрө алат? Айтса деле угабы? Канат дейт да турат. Башка эч нерсени угайын деген ою да жок. Чарчаганда жайына койду. Канат бул убактарда Жанаттын жанына чыкпай жатты. Эмне кааласа аткарып, дайыма жанында.

– Канат, болду эми өзүңдү күнөөлүү сезбе. Мен жакшымын, мындан ары да жакшы болом. Буюрса, сен айткандай чет өлкөгө окууга тапшырып, андан ары да чоң ийгиликтерге жетишем. Сен өзүңдү ойло. Кайсы окуу жайга тапшырасың?

– Билбейм. Мен азыр өзүм тууралуу ойлоно албай жатам.

– Шоола...

Канат башын шарт көтөрүп Жанатты тиктеп калды. Биринчи жолу аны атынан айтканы ушул. “Тигиниң, тиги кыз, ал” деп эле сүйлөчү. Жанат ооруканада анын атын айтып жөөлүп жатканда да ушундай таң калган. Жанат көзүн ала качты.

– Ага эмне болуптур?- деди Канат бир аз кыжырлана.

– Мага жазыптыр, сени сурап...

– Аа.

– Эмне, урушуп кеттиңер беле?

– Мындай эле, сен көңүл бурба.

– Жакында анын туулган күнү, ээ?

Канат кайра селт этти.

– Сен кайдан билесиң?

– Жыл сайын даярданасың го. Андан да мен ошол класста окуйм. Келесоо эмесмин да, классташымдын туулган күнүн билбегендей.

– Аа, ооба туулган күнү,- деди Канат өзүн күнөөлүү сезе. Шоола менен сүйлөшпөй калуу ал үчүн да кыйын болуп жаткан. Кайра сөз баштоо үчүн шылтоо табылганына сүйүнүп кетти. Бир аз өтпөй эле Шоола телефонуна келген “мен баягы жердемин, чыга аласынбы?” деген Канаттын билдирүүсүн окуду. Так секире сүйүнүп кетти. Ошол замат кийинип сыртка жөнөдү. “Биздин жер” деп атап алышкан жер, парк сыяктуу жай эле. Атайы сүйүшкөндөр үчүн жасалгандай мажүрүм талдар ийилип аларды бөтөн көздөрдөн сактап турчу. Канаттын турганын көрүп жүрөгү тез-тез сого баштаганын байкады.

– Шоола!

– Уф, такыр келбейт го деп ойлой баштагам.

Шоола Канаттын моюнунан кучактай калды. Канат да аны бооруна бек кыса берди.

– Биринчи жолу уруштук, ээ? Аябай жаман экен, экинчи минтип мени жазалабай жүр, ээ?

– Хе, хе, мен өзүм деле кыйналып кеттим. Эки килограммга арыктап да кеттим окшойт. Мына, карасаң...- деп Канат тамашалады. Шооланын жүзүн тиктей берип шектене түштү.

– Сен эмне купкуусуң? Жүрөгүң жакшы элеби? Врачтын айткандарын кылып жатасыңбы?

– Жакшы эле баары. Сен жанымда болсоң андан да жакшы болот, Канат. Мен сенсиз эч нерсе кыла албай калат экем. Жакында тест тапшырабыз, ага да даярдана алган жокмун. Концентрация нөл! Апам да урушуп жатат.

– Мындан ары эч качан сени капа кылбайм!

Канат Шооланы бооруна кыса кучактады.

– Канат, экөөбүз бири-бирибизди сүйбөй калышыбыз мүмкүнбү?

– Жок, мүмкүн эмес!

– Мен да ошентип ойлойм. Бирок апам айтат, бардык сүйүү эскирет, баары унутулат дейт. Элестетип жатасыңбы? Кайсы бир күнү мен сенсиз дем ала албагандай абалда каларымды унутуп кала алсам...

– Билбейм, Шоола. Менимче апалар бизди коргош үчүн ошентип айтышат. Мисалы, менин апам...

– Эмне дейт?

– Эч нерсе, менин апам сеникиндей сезим темасында ачык айта бербейт. Бирок мен анын жүрөгүндө чоң сүйүү бар экенин сезем. Апам аябай мээримдүү адам. Бирок Жанат... Менимче апам бизден чоң бир нерсени жашырып жүрөт.

– Менин атам да менден бир нерсени жашырып жүргөндөй сезилет. Апам тууралуу көп сүйлөбөйт. Баса, атам менен сени тааныштырам, кандай дейсиң?

– Билбейм, кийин эле таанышсак кандай болот?

– Туулган күнүмө атам, апам, сен, Жанат, менин эки курбум болот деп ойлонуп жатам. Чакан эле... Сонун жер таптым. Ошол жерден биздин үйлөнө турганыбызды айтабыз деп да пландап койдум. Кандай дейсиң?

– Макул. Кайсы жер экен?

– Анан көрсөтөм. Атам сүйлөшүп коёт. Сен ага кабатыр болбо, болгону сени анан Жанатты күтөм.

– Жанатты анча жактырчу эмес элең го.

– Ал сенин бир тууганың. Демек, менин да бир тууганым болот жакында...

Канат Шооланы кучактап тегерете берди.

– Сонунсуң сен!..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан