Жамиля Жаманбаева, акыйкатчы: “АКТЫ КАРА, КАРАНЫ АК ДЕП АЙТА АЛБАЙМ”

Маектешим Жамиля Жаманбаева 6 айдан бери Кыргызстанда акыйкатчылык кызматты аркалап келет. Эгемен өлкөбүздүн тарыхындагы экинчи акыйкатчы айым. “Мен үчүн акыйкатчылык кызмат боюнча сунуш күтүүсүз болду. Анткени акыйкатчы болом деген ой-кыялым жок эле”,- дейт Жамиля айым.
– Жамиля айым, акыйкатчылык кызматка шайлангыча кайсы тармакта иштегенсиз, кепти ушундан баштасак?

– 20 жылдан ашык прокуратура органдарында иштедим. Жөнөкөй кызматкерден тарта, башкы прокурордун орун басарлыгына чейин жетип, прокуратурада бардык тепкичтерди басып өттүм. Бирок бала кездеги кыялым дарыгер болуу эле. Мектепти артыкчылык менен бүтүрдүм. Бирок медициналык институтка тапшырам деп биологиядан сынак тапшырып кулап калгам. Анан апам экөөбүз сыналгы көрүп отуруп азыркы Кыргыз улуттук университетинде жаңы юридикалык бөлүм ачылып жатат деген кабарды угуп калдык. Ошондо дароо апамды карап “юрфакка тапшырып көрсөмчү?” деп сурагам. “Тапшырып көрөйүнчү, балким өтүп кетем” деп тапшырып эле өтүп кеттим. Мен тагдырга ишенем, врач болом деп кыялданган мага Кудай ушинтип эле туура жолду көрсөтүп койду. Бирок медицинага кызыгуум өчкөн жок, азыр медицина жаатын көптөргө караганда жакшы түшүнөм, ден соолук, медицинага байланыштуу берүүлөрдү такай көрөм.

– Акыйкатчы болуп шайланып жатканыңызда коомчулукта колдоо менен кошо ар кандай сын-пикирлер айтылды. Мындай маанай сизге кандай таасир этти?

– Негизи мен үчүн акыйкатчылык кызмат боюнча сунуш күтүүсүз болду. Анткени акыйкатчы болом деген ой-кыялым жок эле. 20 жылдан ашык прокуратурада иштесем да ушул институтка кызыгып көрбөптүрмүн, анын функциясы, мандаты, ыйгарым укуктары эмне деген суроо жаралбаптыр. Менин талапкерлигимди сунушташканда гана акыйкатчы институту тууралуу мыйзамдарды, анын ишмердүүлүгүн жөнгө салган документтерди окуп чыктым. Көп жылдар бою топтогон тажрыйбам, билимим акыйкатчынын ишин жөнгө салууга жардам берсе, анын артынан элге пайдасы тийсе, албетте, иштеп кетем дедим. Максаттарымдын бири – аталган институттун аброюн көтөрүү, адам укуктарынын сакталышын камсыздоо.

– Жумушту баштоодо кандай кыйынчылыктар, болду? Алдыга кандай пландарды коюп жатасыз?

– Быйыл май айында акыйкатчы болуп шайландым. Мен келгенде акыйкатчы институтунун иш планы, стратегиясы жок экен. Биринчи эле биздин укуктук-ченемдик актылар өзүбүздүн улуттук мыйзамдарга дал келеби-жокпу карап чыктык. Бир жылда жасалчу иштерге план түздүк, август айында акыйкатчы институтунун 5 жылга карата өнүгүү стратегиясын кабыл алдык. Конституцияда көрсөтүлгөн мыйзамдуу укуктарыбыз бар, андан чыкпашыбыз керек. Акыйкатчы институту анализденди, жамааттын 25-30 пайызы жаңыланды, жаш, иш билги улан-кыздар келип жатышат. 2018-жылга чейин акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылган адамдарга административдик жана кылмыш жоопкерчиликке тартууга жол берген мыйзам бар эле. Бирок 2019-жылы ал нормалар жоюлуп кеткен. Биз азыр өз укуктарыбызды күчтөндүрүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Конституциялык мыйзам долбоору биз үчүн абдан маанилүү. Мисалы, акыйкатчы институту мамлекеттик органдарга 2021-жылы 100дөй, 2022-жылы 200дөй сунуш берген. Бирок алардын 20 пайызы эле аткарылыптыр. Демек, акыйкатчынын сунушун аткарууда мамлекеттик органдар кенебестик кылып коюшат экен. Биздин укуктар Конституцияда күчтөнсө адам укуктары жаатында абал өзгөрмөк. Мисалы, бирөө ыйлап “укугум бузулду” деп келсе ошол адамдын укугун коргоо менен эле алек болуп жатышат. Негизи бир адамдын укугун коргоо менен эле чектелип калган болбойт. Ошол адамдын көйгөйүндөй бардык жарандарга тиешелүү системдүү укук бузууларды аныктап, жардам бере алсак, мына ошол биздин жеңиш болот.

– Акыйкатчылык жумушуңузда сизди таң калтырган окуя кайсы болду?

– Мени таң калтырганы күйөөсү кулак-мурдун кесип салган Асел Ногойбаеванын окуясы болду. Анткени өзүм барып анын депрессиядагы абалын, кескиленген жүзүн көрдүм. Ал кылмышты жасаган адамды кандай жаман сөз менен сүрөттөшүмдү да билбейм чынында. Өтүшүп, биротоло зөөкүргө айланып кеткен адам го. Негизи кылмышкер жазасыз калса ушундай окуялар кайталана берет. Ар бир кылмышкер жасаган аракети үчүн жазаланышы керек, ошондо гана укуктук мамлекет болобуз.

– Жашоодогу принциптериңиз кандай?

– Таза иштөө, чынчыл болуу мен үчүн өтө маанилүү. Прокуратура органында деле ушундай принцип менен иштегем. Акты кара, караны ак деп айта албайм. Менин талапкерлигимди сунуштагандар “адилеттүү бол” деген гана талапты коюшту. Аял катары балдар менен аялдардын көйгөйү менин өзгөчө көзөмөлүмдө болот. Анткени ал нерселерди жүрөгүм аркылуу өткөрүп кабыл алам. Гендердик сезимталдык деген бар, мисалы, бир эле көйгөйдү чечүүдө аял такыр башкача жолду издесе, эркектер башкача чечет.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз. Сиздин атактуу диктор Тамара Жаманбаеванын кызы экениңизди билебиз...

– Ооба, апам Тамара Жаманбаева кыргыз телесинин легендасы. Атам Акматбек Жаманбаев легендарлуу парламенттин депутаты болгон, 58 жашында көзү өтүп кетти. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кенжесимин. 3 агам жана эжем бар. Атам кыргыздан чыккан биринчи техника илимдеринин доктору болчу. Мен Фрунзе шаарында төрөлүп өстүм, кыргыз тилдүү мектепти бүтүргөм. Союз мезгилинде орус тилинин таасири күч кезде, бизди атам кыргыз тилдүү мектепке берип жатса апам “кыргыз мектепке бербей эле кой, кийин кыйналат” деп ыйлаган экен. Атам көрөгөч киши болгон тура, ошондо “сен азыр түшүнбөй жатасың, убакыт келет, эне тили аябай керек болот” дептир. Үйдө эжем экөөбүз атама орус тилинде кайрылсак “игнор” кылып, жооп берчү эмес, укмаксан болуп койчу, же “эмне деп жатасың, түшүнгөн жокмун, кызым” деп сурап коёт эле бизден. Биз атамды көргөндө автоматтык түрдө кыргызча сүйлөшүүгө өтчүбүз. Апам азыр 80 жашта, журналист болгондуктан менин берген маектеримди көрүп тууралап, кээде кабатыр болуп калат. Учурда жогорку окуу жайда студенттерге сабак берип теледеги көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп жүрөт. Өзүмдүн бир кызым бар, учурда студент.

– Эмоционалдуусузбу?

– Балким, эмоционалдуумун. Бирок аны эч кимге көргөзбөйм. Абалдан жылмайып чыгып, үйгө барганда кабатыр болот окшойм.

– Спортко мамилеңиз кандай?

– Спорт менен мамилем сонун. Тоо туризми, футбол, бокс, баскетбол, таэквондо, фитнес, айтор, спорттун бардык түрү менен машыгып чыккам.

– Балким, чыгармачылык чымын да бардыр?

– Жок, чыгармачылыктан алысмын. Ошентсе да пианино ойноп, ооз комуз черте алам.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан