Мыктыбек Оролбай уулу, мушкер: “UFC`нин ОКТАГОНУ СҮРДҮҮ ЭКЕН”

UFC уюму – Кыргызстандагы көптөгөн мушкерлердин кыялы. Жакында жалындуу кыргыз жигити Мыктыбек Оролбай уулу UFC`де ийгиликтүү дебют жасады. Алгачкы беттешинде жеңишке жетип бүт кыргызды кубанткан Мыктыбек мырза мекенге кайтып келип, “Супер-Инфо” гезитине маек берүүгө убакыт бөлдү.

Мушкер тууралуу:

Туулган жылы – 1998-жыл, 2-октябрь

Туулган жери – Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Суу айылы

Бою – 178 сантиметр

Салмагы – 77 килограмм

Билими – жогорку. Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн

Жеңиши - 6, жеңилүүсү - 1

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

– Салам, Мыктыбек! UFC`де ийгиликтүү дебют жасашыңыз менен куттуктайбыз. Беттеш күйөрмандарды абдан толкундантты окшойт, сиз үчүн кандай өттү?

– Дебюттук беттеш тууралуу айтсам, мен эки жылга жакын убакыттан бери күтүүдө болчумун. Бул беттеш мага кыска аралыкта сунушталып калды. Беттештен 4 күн мурун эле АКШдагы машыктыруучум чалып, алмашууга беттеш бар экенин кабарлады. Угар замат атаандашым тууралуу эч нерсе сурабай туруп эле макулдугумду бердим. Ошентип беттешке чыгып, Жараткандын колдоосу менен жеңишке жетиштим.

– UFC`нин октагонуна чыкканыңызда кандай сезимдер болду?

– UFC`нин октагону негизи абдан сүрдүү экен. Бирок менин секундантым Слава деген орус мушкери беттешке чейин эле “Мыктыбек, сен туруп мушташуу, күрөш жагынан дагы атаандашыңды ута аласың. Болгону сен UFC`нин октагонун башкача элестетип алба. Legacy Fighting Alliance уюмунда кандай чыгып урушуп жүргөн болсоң, өзүңдү дал ошондой сез. Сен утасың” деди. Ошого мен өзүмдү болушунча токтоо кармап мушташканга аракет кылдым. Анткен менен UFC`нин сүрү бар экен.

– Беттештен кийин эмнеге кыргыз тилинде сүйлөгөн жоксуз?

– Кыргыз тилинде эле сүйлөйт элем. Тилекке каршы, ал жерде кыргыз тилинен англис тилине которо турган котормочум жок болуп калды. Менеджерим Влад орус тилинен англис тилине которо турган болгондуктан орусча сүйлөөгө туура келди.

– Төрт беттешке келишим түзүлдү, кийинки беттештерге карата алдыда кандай машыгуу пландарын коюп жатасыздар? Кайсы мушкер менен беттешсем дейсиз?

– Менин биринчи беттешим 77 килограмм салмак ченинде болду. Мен 70 килограмм салмак ченинде өзүмдү жакшы сезем. Кийинки 3 беттешим 70 килограммда болот. Буюрса, даярдыкты Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөдө кылабыз. Таиландда, Америкада, айтор, жакшы жерлерде машыгууларды өткөрүп дегендей. Кудай буюрса, беттешке жакшы даярдык менен чыгабыз. Машыктыруучулук штаб, менеджерим, баарыбыз кеңешип орозо айына чейин дагы бир беттеш өткөрөлү деп ниет кылып жатабыз. Ал эми атаандашым ким болорун уюмдун жетекчилиги чечет. Алар кайсы мушкерди койбосун, мен мушташууга даярмын.

– Күйөрмандардын, элдин колдоосу күчтүү болду, сездиңизби?

– Жалпы кыргыз элиме ыраазычылык билдирем. Элимдин батасы, дубасы, колдоосунун арты менен ийгиликке жетиштим.

– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Спорт менен жашап жатканыңызга канча болду?

– Өзүм Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында төрөлүп өскөм. 2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтуна окууга тапшыргам. Спортко студент кезимде аралаштым. Алгачкы машыгуумду Ош шаарындагы “Улуу кыргыз” спорттук клубунда баштагам. Башында Бишкекке турнирлерге келип-кетип жүрчүмүн. Кийинчерээк Султан Асанов деген менеджер менен иштешип калдым. Ал мага АКШдан чакыруу алып берип, ошонун аркасы менен мага АКШга жол ачылды. Спортко келгениме 7 жыл болду. Спортко келген алгачкы күндөн эле алдыга койгон эң чоң максатым – UFC`ге чыгуу болчу.

– UFC`ге сапар кандай кыйынчылыктар менен коштолду?

– 2020-жылы февраль айында виза алып АКШга кеткем. Алгачкы кадамдарым Чикагодон башталган. Ал жактан агаларым менен тааныштым. Алар мага колдоо көрсөтүп, “спорт багыты менен кет, UFC`ге чыга турган баласың, сен өсүшүң керек” деп дем-күч берип, мага жакшы жол көрсөтүштү. Бөтөн мамлекет дегендей, ал жакка барганда кыйынчылыктар болбой койгон жок. Чынын айтканда, кээде ач калган күндөр дагы болду. Ушундай күндөрдө эл катары иштеп эле ата-энемди баксамбы деген ойлор болду. Бирок артымда турган кыргыз элимдин, машыктыруучуларымдын, бир туугандарымдын, ата-энемдин менден үмүтү чоң эле. Ошол үмүттү актайын деп ачка-ток калган күндөргө, ар кандай тоскоолдуктарды жараткан кыйынчылыктарга чыдадым. Кудайга шүгүр, насип болуп, UFC`ге чыктык. Бул эми башталышы гана. Мээнетти мындан ары дагы күчөтүп, кыргыз элиме чемпиондук курду алып келишим керек.

– Ийгилигиңиздин артында турган инсандар тууралуу да билсек...

– Биринчиден, мага жакшы тарбия берип ушул эрезеге жеткирген ата-энеме терең ыраазычылык билдирем. Мага спорттун жолун көрсөткөн бир тууган агаларым болду. Замир, Куттубек агаларым спорт менен алектенип 5-6 жыл мурун өздөрү дагы беттешке чыгып жүрүшкөн. “Аганы көрүп ини өсөт” деген кыргызда жакшы сөз бар эмеспи. Мен дагы агаларымдын арты менен спортко аралашып калдым. Андан соң Куттубек агам мени машыктыруучум Тынчтык Өмүрзаков менен тааныштырып, “Улуу кыргыз” спорт клубунда машыгууну баштагам. Ошол күндөн бери абдан көп мээнет кылдык. Талыкпаган эмгегибиздин арты менен ушул ийгиликке жетиштик.

Тынчтык агайым азыркы менеджерим Владислав Никитин менен таанышып, Мыктыбекти сага жөнөтөйүн деп сүйлөшүптүр. Влад мени UFC мушкери, азыркы машыктыруучум Юрая Фейбер менен тааныштырган. Бир жылдан бери Юрая Фейбердин машыгуу залында машыгып келе жатам. Менин UFC`ге чыгышыма Юрая Фейбер менен Влад Никитиндин салымы өтө чоң.

– Ийгилик каалайбыз. Өлкөбүзгө чемпиондук курду алып келишиңизге тилектешпиз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан