“ЮРИЙ ШАТУНОВДУН ӨЛҮМҮНӨН КИЙИН ДЕПРЕССИЯГА ТҮШҮП КЕТТИ”. Ырчы Бахадыр Карабаевди жакындары эскеришет

90-жылдардын хити “Ананайын” ырын билбеген кыргыз аз болуш керек. Дал ушул ыры менен элге таанылган ырчы, “Жаш кыял” тобунун солисти Бахадыр Карабаев 25-ноябрь күнү 47 жашында дүйнө салды. Жарк этип жанып, кыска өмүрүндө элдин жүрөгүнө жакын бир топ ырларды жаратууга үлгүрүптүр. Ырчыны жакындары, достору эскеришти.

Айжана Карабаева, кызы: “Ооруган деле жок, күтүүсүз эле каза болуп калды”

– Атам элдин жакшы көргөн ырчысы болчу. Азыр аны көпчүлүк жоктоп турат. Жеке мен үчүн атамдын орду башкача эле. Негизи бардык кыздар атасына жакын болот эмеспи, атам экөөбүздүн мамилебиз абдан жакын болчу. Күйүтүм ичиме батпай турган учур, ошентсе да айтып бергенге аракет кылайын.

Атам менен апам 29 жыл чогуу өмүр сүрүшүп, үч балалуу болушту. Мен балдардын улуусумун. Атам мээримдүү эле, ушул жашка чыгып атамдын биз менен эле эмес, дегеле башка бирөө менен кыйкырып сүйлөшкөнүн уккан жокмун. Дайым “макул, кызым” деп турчу. Кичинемде атам менен гастролдо жүрүп чоңойдум. Ал мени аябай жакшы көрчү, көрбөй калсам сагынам деп мени, апамды гастролго кошо ала кетчү экен. Атамды жанынан көрүш үчүн бири-бири менен мушташып кеткен кыздарды да көргөм. “Жаш кыял” тобу учурунда абдан популярдуу болгон да, атамдын фанаттары көп боло турган. “Жаш кыялдын” айтылуу “Ананайын” деген ыры азыркы учурга чейин ырдалып келет.

Атам чыгармачылыктан биротоло алыстап кеткен жок, Орусияда жашап жүргөнүбүздө тойлордо ырдап жүрдү. Ал жакка кеткенибиздин себеби – бир тууган иним ошол жакта окуп калды. Бизге Кыргызстандан көчүп кеткенге туура келди. Атам ырчылыгы тууралуу “кызым, мен чыгармачылыкта өз ордумду тапкам, кыргыз элинин жүрөгүндө калган ырларым бар. Эми жаштарга орун бериш керек” деп калчу.

Атам бизди таштап күтүүсүз, жапжаш кезинде кетип калды (ыйлап). Билесиздер, Юрий Шатунов деген орус ырчысы бар эмес беле? Атам ошол кишинин фанаты болчу. Ал ырчы Бишкекке келгенде жолуккан, экөө кабарлашып, баарлашып турушчу. Ал каза болуп калганда атам аябай депрессияга түшүп кетти. “Эми ал жакын деле адамыңыз эмес го, ошого ушунча болосузбу?” деп айтып жүрдүк. Анын өлүмүнөн кийин эле “ал 47 жашында өлдү, мен дагы 47 жашымда өлөт окшойм” дей баштаган. Негизи атам ооруган деле жок, өлөрүнө төрт күн калганда бир тойго барып ырдап келген. 25-ноябрь күнү багымдат намазын окуп эле, жүрөгү кармап калып каза болуп калды.

Дамир Нарматов,
досу: “Уулун үйлөнтүү тилегине жетпей калды”

– Биз чыгармачылыкта бирге жүрүп, жакшы дос болуп калганбыз. 1999-2000-жылдардан бери жакшы санаалаш болуп жүрдүк. Бахадыр аябай таланттуу, ошол эле учурда жөнөкөй адам эле. Анан өтө тартынчаак болчу, айтайын деген сөзүн да айткандан тартынып унчукпай кала берчү. Ага сахна эле болсо болду эле, акчага, жылдыз болгонго деле жулунган жок. Албетте, өз доорунун жылдызы болду. “Ананайын” деген ырды Ашым Ахмедов деген чыгармачыл агабыз “Бахадыр үйлөнгөндө жазып, үйлөнүү тоюна белек кылгам” деп айтып калганын кулагым чалган. Бирок ал ырдын тарыхын так билбейм. Ырды популярдуу кылган Бахадыр болгон. Казактар дагы ырдап жүрүшөт билишимче, Кыргызстанда го элдик ыр болуп калды.

Кийин Бахадыр Орусияда жашап жүрдү, кафе-ресторандарда ырдачу. Кийинчерээк Ошко үй салып, биротоло отурукташып калган эле. Кызын турмушка узатып, неберелүү болду. Уулун үйлөнтөм деп жүргөн, тилегине жетпей калды. Бишкекте ретро ырларды аткарып чоң концерт берем деген сонун пландары бар эле. Аябай жакшы адам болчу, айла жок, жаш кетти.

Жеңишбек Айтиев, санаалашы: “Кой оозунан чөп албаган адам эле”

– Бахадырчы ээ, бир сонун жигит эле. Экөөбүз концерттердин биринен таанышканбыз, жаштык кезибиз чогуу өттү. Жакын досум эле. “Кой оозунан чөп албаган момун” деп дал ушул Бахадырдай адамдарды айтат. Ичинде кенедей кири жок жашады. Бирөө менен урушуп, араздашканын көрбөдүм. Ага бирөө таарынса да, ал эч качан таарынчу эмес. Жаш кезинде популярдуу болгону үчүн Бахадыр “жылдыз” оорусу менен да ооруган жок. Концерттен түшкөн акча менен деле көп иши болчу эмес, ага сахнага чыгып ырдаганы маанилүү болчу. Чыныгы чыгармачыл инсан ушундай болот өзү. Атактуу Юрий Шатуновду өлгүдөй жакшы көрчү, эми бир башкача фанаты эле. Дал ошондой кийинип, ошонукундай чач жасалгасы менен жүрүп, кээде дал ошондой кылып ырдачу. Өзү каалаган бардык ийгиликке эле жете алды. Бир билгеним жүрөгү ооруп жүрчү, эртең менен үйүндө намазын окуп бүтүп эле каза болуп калыптыр. Артында эл жакшы көргөн ырлары, балдары калды. Досумдун жаткан жери жайлуу болсун.

P.S.: “Супер-Инфо” гезити мындан 4 ай мурун Бахадыр Карабаевден маек алган эле. Анда ал ырчылыгы, үй-бүлөсү, популярдуулугу, жакынкы пландары тууралуу кеп куруп берген болчу. Үй-бүлөсүн өзгөчө жакшы көрөрү ошол маекте эле байкалган. “Эки-үч айлап гастролдо жүрбөдүм, чыдабайт элем, үй-бүлөмдү сагынып кетчүмүн... Кечээ эле келинчегим менен балдарымды Ошко узатып, өзүм Бишкекте калдым. Сагындым, тезирээк эле алардын жанына жетсем деп турам азыр” деген эле ошол маекте. “Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Бахадыр Карабаевдин каза болгонуна байланыштуу анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан