Канат Шанаев, куудул: «КАТАР-КАТАР СЫНООЛОР КЕЛИП, 2 ЖЫЛ КҮРӨШТҮМ»

Чал-кемпирди келиштире туураган куудул, пародист Канат Шанаев менен кызыктуу маек курдук. Сахнага ташталган алгачкы кадам, элге таанылуу, күлкү, айтор, кеңири форматта пикир алыштык.

– Канат ага, көрүнбөй кеттиңиз, учурда эмне менен алексиз?

– Биринчиден, Кыргызстан боюнча гастролдоп бир жылда бир жолу концерт коём. Азыр да кезектеги концертиме даярдык башталды. Февралда Ошто, Жалал-Абадда, анан Бишкекте берем. Азыр эми той сезону эмеспи, жакшылыктарда кызмат кылып жүрөбүз. Быйыл тамадалык кылганыма, сахнага чыкканыма 18 жыл болуптур. Негизи ырчылыкты да, куудулдукту да чогуу алып келе жатам. Болгону эл мени чал-кемпирди туураган мыкты пародист катары жакшы тааныйт. Азыркыга чейин “чал-кемпирди туураган бала” деп тааныгандар бар. Баса белгилеп айта кетейин, жылда жеке концертимди бергенде 80 пайыз чоң энелер келет. Энелер абдан жакшы көрөт мени. Маасысынан же кол жоолукка оролгон акчаларын алып чыгып “пенсиядан, чай ичип кой, кыздарыңа бир нерсе алып бер” дешип баталарын бергендер да көп.

Бир нерсеге сүйүнөм, куудулдук менен катар ырчы, пародист деген атты бирдей алып келе жатам. Мурун устатым, ыраматылык Рахман Разыков менен кеңешип турчумун, 1-2 концертимди даярдап да берген. Ал киши кайтыш болгондон кийин өзүм аракет кылып концерт коюп келатам.

– Рахман Разыковду сөз кылып калдыңыз. Ал кишиден сиз эмне үйрөнө алдыңыз?

– Мен агайдын жанында жүрүп жашоодо кандай инсан болуш керек, чыгармачыл инсан кандай жашаш керек, кандай жүрүш керек, каерде кандай сүйлөш керек деген сыяктуу көп нерсени, сатиранын маани-мазмунун үйрөндүм. Кечээ жакында Бишкекте, Ошто Рахман Разыков агайымдын китебинин ачылышы болду. 6-декабрда Бишкекте Рахман Разыковду эскерүү концерти болот. Анда агай жазып берген сатираларды ойнойбуз. Эми бул киши Кыргыздын мыкты уулу. Өлкөдө 10 сатирик болсо, ошонун бири, 5 сатирик болсо ошонун бири, бир сатирик болсо ошол сатирик Рахман Разыков деп эсептейм. Андай киши кайра Кыргызстанда төрөлөбү, төрөлбөйбү, бир Кудай билет.

– Устаттын шакирти катары ал өнөрдү кантип улантып жатасыз?

– Менин оюмдагыдай суроо болду. Бул нерсе уланыш керек. Муну эч качан көрүңө алып кете албайсың. Менин он шакиртим бар, бешөө куудул, бешөө тамада. Мен эмнеге шакирт өстүргөндү жакшы көрөм? Анткени кимдир бирөөгө кимдир бирөө себеп болуш керек. Эртең жашың өткөндө жакшылыктарда, бир иш-чараларда, же өзүңдүн жамаатыңда төрдүн көркү болуп отуруу – бул байлык. Агай ушунчалык бай экен, шакирттери көп. Профессионал адам гана шакирт өстүрө алат. Мен бул кишинин шакирти болгонума сыймыктанам.

– Сизди өнөр чөйрөсүнө Талант Анарбаев ээрчитип келгенин айткан элеңиз мурунку маегиңизде. Азыр мамилеңиздер кандай?

– Кечээ жакында Рахман агайдын китебинин бет ачарынан жолуктук. Бул киши сахнадан алыстап кетпедиби. Талант Анарбаев тууралуу эч качан жаман нерсе айткан эмесмин. Устатым, агайым деп сыйлап келгем. Менин сахнага чыгышыма себеп болгон чын эле.

– Бул чөйрөдө өзүңүздүн атыңызды канчалык жасай алдым деп ойлосуз?

– Канат Шанаев болуш үчүн мен аябагандай көп эмгек, мээнет кылдым. Ысык-суукту көп көрдүк, көптөгөн балдар топко келип, кайра чыгып кетишти. Ушунчалык кыйналып, ыйласам да Канат Шанаев деген атты жасай алдым. Бул фамилия-ат менен, буюрса, ачка калбайм деп ойлойм (күлүп). Жөндөн-жөн эле фамилия-атка конуп калыш оңой эмес, мунун баары аракетиңден, эмгегиңден көз каранды. Эгер көкүрөктө “артист болом, элге кызмат кылам, мен да концерт коюп элге таанылам” деген максат болсо, кандай кыйын күндөр болсо дагы жеңип өтөт экенсиң. Азыр баары оңой, шарт бар. Мурун Бишкектен гана чыга алчусуң, “Супер-Инфодон”, КТРден чыгыш деген аябай кыйын эле. Бирок популярдуулукту, фамилия-атты кармап туруш аябай кыйын. Себеби 6 ай, бир жыл эле иштебей койсоң эл сени унутуп калат.

– Кыйналган, ыйлаган күндөрүңүздү эстеп көрөлүчү...

– 2005-2008-жылдары, 4 жыл ушундай бир кыйынчылык болду. 6-8 айлап гастролдоп, концерттен кийин ачка, суукта афиша илесиң, ал кезде элдин аң-сезими башка, таяк жейсиң көчөдөн. Суукта жүрөсүң, ооруганда сыздооктор чыгып кетчү. Акча жок, туфли менен кыштан чыгып кеткен күндөр болду. Бирок көкүрөктө артист болом деген сезим катуу орногон экен, баарын жеңип өттүм. Ошол нерсенин баарына чыдап, топто акырында жападан-жалгыз өзүм калгам. Анан Талант Анарбаев бир убактары сахнадан кетти. Ошондо өзүм балдарды топтоп, “Талант шоу” деген ат менен эл аралап концерт коюп бир жылдай жүрдүк. Анан Талант Анарбаев “Эл СМС берди, Талант Анарбаев сахнага келди” деп кайра сахнага кайтканда мен ошо топтогон балдарды ээрчитип барып бергенмин. А өзүм “сиздерге таянып жүрө бербей өз оокатымды кылайын” деп чыгып кеткем.

– Канат Шанаев үйдө кандай ата, кандай жолдош?

– Төрт кызым, аялымды кошкондо беш кызым бар. Сахнада да ушинтип тамашалап калам. Аялым аябай жаш көрүнөт, көчөдө баратсак “кызыңбы?” дешет. “Ооба, чоң кызым” деп коём. Үй-бүлөдө колдон келишинче атамын эми, кыздарыма туура тарбия берсем дейм. Кыздарым да таланттуу, анча-мынча концерттериме чыгып калышат. Кудай берген күнү уулдуу да болоттурмун. Кудайга шүгүр, алтындай болгон апакем бар, кыздарыма каралашып биз менен чогуу. Бир туугандарым өздөрүнүн үй-бүлөсү менен. Апамдын өмүрү узун болсун, акыркы кезде мага келген сыноолор менен көп санаа тарттырып койдум.

– Ал кандай сыноо?

– 2020-жылы карантин маалында мага дагы сыноо келди. Аябагандай оор сыноолор катар келип, аларды эми-эми жеңип, эми өзүмө келип жатам. Мурункудай соцтармактарга чыкпай, мурункудай көрүнбөй, эч нерсеге каалоом жок болуп калгам. 2 жарым жыл ушул сыноолор менен күрөштүм. Оорусу деле бар, башкасы деле бар, бир кырсыктар болуп кетти. Анын азабын тарттым. Мен жөнүндө өзүмдүн эле кесиптештерим, мени тааныган кишилер туура эмес маалыматтарды чыгарышты. Жакында 4-кызыма операция жасалат, ага жоролорум, Оштогу кесиптештер колдон келишинче акча чогултуп беришип, колдоо көрсөтүштү. Себеби чындык баары бир жеңет экен, эми чындык мен тарапта экенин билип калышты. Эми, буюрса, белди бекем бууп, чыгармачылыкка кайра өзүмдү арнап жатам.


– Кызыңыз эмне болду эле?

– Төртүнчү кызым тубаса бир көзү көрбөй төрөлгөн. Экинчи көзүнө күч келип, көрүү пайызы азайып баратат. Аны Өзбекстанга да алып барып көрдүм. Азыр эми Түркиядан врачтар келет дегенинен Бишкекке кезекке туруп койгонбуз. Ошого операцияга даярданып жаткан учурубуз.

– Мындан ары жашооңузда сыноолор болбосун, кызыңыз сакайып кетсин!

– Эч качан эч кимде маселе, кырсыктар болбосун. Сиздерге да жалпы жамаатыңыздарга ыраазычылык билдирем, эл менен биздин ортобузда маалымат көпүрөсү болуп жүрө бериңиздер.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан