Ырыскелди Сатыбалдиев, ырчы: “КАНЫКЕЙ МЕНЕН ЫРДОО – МЕНИН КЫЯЛЫМ БОЛЧУ”

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Ноокен району

Туулган жылы, күнү – сыр тутат

Билими – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде 4-курста окуйт.

Үй-бүлөдө – 5 бир туугандын төртүнчүсү

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

– Ырыскелди, кандайсыз? Маекти балачагыңыздан баштагым келип турат...

– Жакшы, рахмат. Макул, ошондон баштайлы. Мен балачагымда бир топ эле тентек болгом. Балдар менен мушташуу эркектердин баарында эле болсо керек. Менде көп эле болгон. Мектепте 1-класста жакшы окуган жокмун. Ошондо атам акыл-насаатын айтып, 2-класстан 9-класска чейин эң жакшы баага окудум. Мектепте активдүү болчумун.

Кичинемде чыгармачылык деген нерсе мага жакчу эмес, кызыкчу эмесмин. Спортко кызыгып, футбол ойноп жүрдүм. Сынактарда, Жалал-Абад шаарындагы чоң коцерттерде ырдап койчумун, бирок ырдаганды анча жактырчу эмесмин. Бишкекке келип музыкалык окуу жайга тапшыргандан кийин гана ырдагым келип калды. 2016-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам. Ошол жактан 5 жыл жакшы тарбия, кыйын мугалимдерден сабак алып, ырдагым келип, акырындан чыгармачылыкка аралаша баштадым.

– Көрсө, ырчылык сиз мурда элестеткендей жеңил эмес экен...

– Ооба, чыгармачылык мен ойлогондой жеңил эмес экен. Кечинде уктап, эртең менен турсаң эле жылдыз болуп кетпейт экенсиң. Эң жөнөкөй мисал, ыр тандоо оңой эмес. Өзүмдүн фактурама, үнүмө жарашкан ыр тандаш аябай кыйын экенин билдим. Чыгармачылык оор, татаал жол. Колдон келишинче талыкпай иштөөгө аракет кылып жатам.

– Албетте, эч ким даяр ырчы болуп туулбайт. Сахнага, эл алдына чыккыча далай жумушта иштегенин кесиптештериңиз айтып калышат. Сиз дагы убагында жүк ташуучу, унаа жуугуч, тигүүчү болуп иштеген экенсиз.

– Ал кыйналган күндөрүмдү азыркы жашоомо жетиш үчүн Кудайдан берилген сыноо деп билем. Көп жерде иштедим, көп кыйынчылыктар болду. Анын баары артта калды. Азыр аз да болсо өз ордумду таап, эл алдына чыгып, аз да болсо элге таанылып жатам. Жаңы чыгып келе жаткан жаш ырчылардын катарына кошулуп калдым, баары сонун.

– Ошол оор күндөрдө сизди алдыга түрткөн эмне болду?

– Ал учурда оюмдун баары эле мыкты ырчы болуу эле. Жакшы ырдашым керек, ал үчүн көп аракет кылышым керек дечүмүн өзүмө-өзүм. Демек, бийик максат алдыга түрттү мени.


– Бир туугандарыңыздын баары чыгармачыл чөйрөдө экенин билдик...

– Биз 5 бир тууганбыз. Улуу агам Майсалбек улуттук консерваторияда окуган. Базарбек агам сүрөт академиясында окуган, сүрөтчү, скульптор. Зиягүл эжем да консерваторияны бүтүргөн. Мен музыкалык окуу жайын бүтүрдүм, азыр Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде окуп жатам. Иним Сыймык да консерваторияда экинчи курста окуйт. Апам врач, атам дыйкан. Ата-энем эл алдына чыккан ырчы болбогону менен, жакшы ырдашат. Балким, ошол себептүү баарыбыз чыгармачылыкка жакын болуп калдык.

– Филармонияга кантип жумушка кирип калдыңыз, таланттын эле күчүбү?

– Улуттук филармонияда иштеп жатканыма бир жыл болду. Азербайжандын президенти келгенде резиденцияда ырдаган элем. Ошол жактан Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин жетекчиси Асылбек Насирдинтегин менен таанышып, ошол киши “сынак болот, жаңы солисттерди тандайбыз, кел, катыш” деп калды. Барып кароо-сынактан өтүп, анан жумушка киргем.


– Учурда аталган оркестрде солистсиз. Оркестрде ырдоо оорбу?

– Оркестрде иштөө мен үчүн жеңил болду. Себеби музыкалык окуу жайда окуп жүргөндө оркестр менен көп ырдачумун, симфониялык оркестр, эл аспаптар оркестри менен. Көп ырдап жүргөн үчүнбү, кыйналган жокмун. Филармонияда иштегендер да сонун. Айрыкча жетекчибиз Кыргызбай Осмонов агайыбыз жаш солисттерге аябай колдоо көрсөтөт, жардамын аябайт.

– Ырчы Каныкей менен иштешүү жеңилби?

– Каныкей эже менен иштешүү жеңил. Ал сонун адам. Убакытка так, аракетчил, адамгерчиликтүү. Андай адам менен иштешип калганыма Кудайга шүгүр, ал кишиден да көп нерсени үйрөнөм, акыл-насаатын айтып турат.

– “Каныкей менен ырдаганы үчүн тааныла баштады” деген пикирлерди кандай кабыл алып жатасыз?

– Жакшы эле көз караштамын. Аны трагедия катары кабыл албайм. Анын жанында ырдаш көп кишинин кыялы болсо керек. Мен үчүн да бир учурда кыял болчу.


– Ар бир ырчынын элге тааныткан бир ыры болот го. Ошондой топту жарган, бул Ырыскелдинин ыры деп тааныта турган ыр эмнеге жаралбай жатат?

– Башында айтып кетпедимби, ырды тандаш оңой эмес деп. Ошондой ырды табыш оор. Колдон келишинче изденип жатабыз, андай ыр да жаралат, буюрса.

– Сизди көпчүлүк кавер ырдаганыңыздан улам тааныйт экен. Учурда өзүңүзгө таандык канча ырыңыз бар?

– Башында чыгармачылыкты кавер менен баштадым да. Мага оңой жолу ошол болгон. Азыр өзүмө таандык 5-6 ыр бар. Бирок сиз айткандай топту жарып чыкканы азырынча жок.

– Канча тилде ырдай аласыз?

– Итальянча, англисче, түркчө, азербайжанча, өзбекче, кыргызча, орусча ырдагам. Концертте ырдаш керек болуп кытайча ырдаган учур да болгон. Ырдаш керек болсо кайсы тилде болсо да ырдай алам. Андан коркпойм.

– Кайсы концертке катышканыңыз үчүн сыймыктангансыз, көбүрөөк толкундангансыз?

– Концертке катышканыма сыймыктана элекмин. Андай чоң концерт боло элек. 2013-жылы Ысык-Көлдө эл аралык сынак өткөн. Ошол жерде ырдаганда толкундангам. Колу-бутум калтырап калган. Ошондо чоң сахнага биринчи жолу чыккан элем. Бирок калтырап-титиресем да ошол сынакта жеңүүчү болгом.

– Жеке жашооңузга келсек, ал жакта жагдай кандай?

– Бойдокмун. Үйлөнгүм келип жүрөт. Буюрса, жакында үйлөнөм.

– Кандай кыздар жагат?

– Жөнөкөй, адамгерчиликтүү, түшүнүктүү кыздар көңүлүмдү бура алат. Чыгармачыл адамдарга түшүнүктүү аял туш келбесе аябай кыйын болуп калат. Анан сөзсүз сулуу кыздар жагат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан