Урмат Мырзабек уулу: “УЧУРДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨДӨ САТЫП АЛУУЛАР АДИСИНЕ СУРОО ТАЛАП КҮЧТҮҮ”

“Супер-Инфо” гезити ар кайсы кесип ээлеринин уникалдуу жетишкендиктери тууралуу баяндоону улантат. Бул ирет “Эмгек жарчысы” рубрикасында “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Урмат Мырзабек уулу Борбордук Азиядагы сатып алуулар боюнча адистердин арасынан кантип биринчи болуп Америка Кошмо Штаттарынын Сатып алуу, жеткирүү чынжырын жана туризмди башкаруу ассоциациясынын (AAPSCM) мүчөсү болгонун баяндайт. Урмат Мырзабек уулу “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде дүйнөдөгү эң чоң жана абройлуу ассоциацияга кандай эмгеги жана жетишкендиктери үчүн киргенин, эмнеден улам сатып алуулар боюнча адис бүткүл дүйнөдө өтө зарыл кесип экенин айтып берди.

– Урмат мырза, бул тармакка кантип келип калдыңыз?

– Бул менин жан дүйнөм самаган кесип деп билем. Бала чакта үйгө, анан чакан дүкөнүбүзгө азык-түлүк сатып алуу менин милдетим болчу. Өзүм да ага жөндөмдүү элем. Ошондон улам болсо керек, экономика факультетине тапшырдым. Бирок сатып алуулар боюнча адис болуу үчүн эмес. Ал кезде мындай кесип азыркы формада таптакыр жок болчу. Кыргызстанда бул кесиптин маанисин эми гана түшүнүп, ага жаңыдан гана көңүл бурула баштады. Мындан үч жыл мурун Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде логистика факультети ачылган, бул факультет сатып алууларды окутат. Бирок окуу жайды аяктоо эле жетиштүү болбойт, бардыгын өз тажрыйбаңдан жана кетирген каталарыңан үйрөнүшүң керек.

Сатып алуучулук карьерам мындан 14 жыл мурун ири долбоор – Бишкек шаарынын мэриясынын материалдык-техникалык жактан камсыздоо башкармалыгы менен башталган.

Жумуш ары татаал, бирок кызыктуу болду. Мага борбор калаанын муниципалитетинде натыйжалуу сатып алуу системасын уюштуруу жагып калды. Ошентип мен бул жаатта калдым. 2016-жылдан бери өзүм үчүн жаңы тармакта –“Инфоком” мамлекеттик ишканасынын сатып алуулар бөлүмүндө иштеп келе жатам. Мен аргасыздан же милдеттүү болгонум үчүн эмес, өзүмдүн кызыгуум артып, тажрыйба топтоюн деп иштеп жүрөм. Адатта көпчүлүк бул жерде көпкө турбайт. 2-3 жыл иштеп, кетип калышат.

– Адистер эмне себептен бул тармакта иштегиси келбейт? Атаандаштык күчтүү болгондуктанбы?

– Жок. Бүгүнкү күндө мыкты сатып алуулар адисине талап жогору, табуу кыйын дегендей. Анткени сатып алуу багыты маанилүү жана актуалдуу. Сатып алуулар боюнча адис – бул дипломат, юрист, экономист, керек болсо IT адиси. Бул жумуш өтө жоопкерчиликтүү, анткени суммалары чоң келишимдерди түзөсүз. Иш түйшүктүү, ошондуктан эл көпкө турбайт. Анткен менен мага жакты жана ушул чөйрөдө калууну туура көрдүм. Ушунча жыл иштегенден кийин мен бардык түйшүктөрүн жакшы билем: андагы жоопкерчилик, процедуралык маселелер жана сатып алуу процедурасындагы тобокелчиликтердин деңгээли. Кээде жеткирүүчүлөргө жеңилдиктерди жасап, сүйлөшүүгө барышың керек, антпесе, балким, бир дагы сатып алуу натыйжалуу болбошу мүмкүн.

– Магистрдик диссертацияңызды дагы сатып алуулар темасында жактаганыңызды айтып калдыңыз, ага эмне түрткү болду?

– Мен абдан кызыктуу жана көп изилденбеген теманы тандап алгам. Ал кезде Бишкек мэриясында иштечүмүн. Мен өзүмдүн билимимди жана колдо болгон маалыматты пайдаланып магистирдик диссертациямды “Мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү” деген темада жактагам. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бешке жетпеген адам бул темада магистирдик диссертациясын жактаган.

– Сиз жакында Америка Кошмо Штаттарынын Сатып алуу, жеткирүү чынжырын жана туризмди башкаруу ассоциациясына (AAPSCM) кабыл алындыңыз. AAPSCM миңдеген сатып алуу, жеткирүү чынжыры жана туризмди башкаруу боюнча профессионалдардын өсүп келе жаткан коомчулугун бириктирген дүйнөдөгү алдыңкы кесиптик бирикме. Бул ассоциацияга мүчө болуу сизге эмне берет?

– Менде сатып алуулар багытында жалпысынан 14 жылдык тажрыйбам, анын ичинде дүйнөлүк стандарттар боюнча сатып алуулар боюнча дагы тажрыйбам бар. Бул багытта бир нече изилдөө макалаларынын авторумун, андан тышкары, жогоруда айткандай, сатып алуулар багытында магистирдик диссертацияны ийгиликтүү жактагам. Ошондуктан документтерди чогултуп, арызымды тапшырууну чечтим. Эл аралык деңгээлде таанылган сатып алуулар боюнча эксперттерден турган AAPSCM Сертификациялык комитети менин арызымды жана документтеримди карап чыгып, алардын талаптарына жооп бере аларымды текшерип чыкты жана кийин кесипкөй мүчө катары кабыл алындым. Чынында мен сатып алуулар боюнча уникалдуу адис катары таанылып, алардын катарына кабыл алындым. AAPSCM мүчөлүгү престиждүү жана профессионалдуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берет. AAPSCM сатып алууларды башкаруу боюнча профессионалдар үчүн эл аралык таанылган сертификациялоо тутумуна ээ, ал адистерге көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө жардам берет. Катышуучуларга өздөрүнүн уникалдуу тажрыйбалары менен бөлүшүү жана өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү да бар. Анткени AAPSCM өзүнүн айланасына сатып алуулар боюнча уникалдуу адистерди гана чогултат.

Дүйнөдөгү эң чоң жана абройлуу кесиптик ассоциациялардын бири мени сатып алуулар боюнча уникалдуу адис катары таанып, өз катарына кабыл алды. Бул мен үчүн жылдар бою топтогон кесипкөйлүгүмө берилген жогорку баа болуп, мындан аркы өсүшүмө стимул болду. Чынында эле, сатып алууларда жасалма интеллект жана маалыматтардын аналитикасы сыяктуу заманбап технологиялар колдонула баштаган шарттарда, сатып алуулар боюнча адистер бул чакырыктарга жооп берген билимге ээ болушу керек.

– Азыр сиз иштеген “Инфоком” мамлекеттик ишканасы да өлкөдөгү алдыңкы компаниялардын бири эмеспи. Бул жерде сатып алуулардын өзгөчөлүктөрү кандай?

– Албетте, “Инфокомдо” иштөө Бишкек мэриясынан айырмаланат. Бул мен үчүн жаңы тажрыйба болду. Мунун өзүнүн өзгөчөлүгү бар, татаал техникалык товарлар жана программалык продуктулар сатылып алынат. Сиз дүйнөлүк өндүрүүчүлөр менен иштейсиз, жеткирүүчүлөрдүн контингенти башка. Сиз айткандай, “Инфоком” өлкөдөгү алдыңкы IT компаниясы жана мен негизинен ири IT долбоорлорду ишке ашыруу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алам. Сатып алуулардын экономикалык натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн сиз сатып алынган жабдуулардын жана программалык продуктулардын техникалык мүнөздөмөлөрүн, максатын, иштөө шарттарын жана өзгөчөлүктөрүн деталдуу изилдеп чыгасыз. Эрксизден IT аналитик болуп каласың (күлүп).

– Долбоордун ийгилиги сатып алуулар боюнча адистен канчалык деңгээлде көз каранды?

– Сатып алуу – бул ар бир долбоордун абдан маанилүү жана ажырагыс бөлүгү. Анткени товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өз убагында жана сапаттуу сатып алуу ар кандай долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусуна таасирин тийгизет. Долбоордун сатып алуу системасында мүчүлүштүктөр болсо, ал дароо долбоордун жүрүшүнө таасирин тийгизет. Долбоорлор өз убагында жана сапатсыз сатып алуулардын айынан ишке ашпай калган көптөгөн мисалдар бар. Сатып алуулар боюнча адис жеткирүү шарттарын, салыктарды, бажы жол-жоболорун, техникалык спецификацияларды, логистиканы жана тобокелдиктердин бардык түрлөрүн эске алган тендердик документтерди компетенттүү түрдө иштеп чыгууга тийиш. Айрыкча эл аралык тендерге келгенде. Ар кандай долбоордун ийгилиги көбүнчө сатып алуулар боюнча адистин компетенттүүлүгүнөн көз каранды. Кээде жеткирүүгө байланыштуу оор маселелер пайда болот. Ошондой эле аларды мүмкүн болушунча тезирээк чече билиши керек. Бул кесипкөйлүктү талап кылган иш, бирок ары кызыктуу жана өтө зарыл. Кыргызстанда да бул тармакка көбүрөөк көңүл бурулат деп ишенем.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан