Азамат Сарыбаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «БИРИНЧИ СЫНЧЫМ ДА, ПРОДЮСЕРИМ ДА ЖУБАЙЫМ»

Алдымда токтоо, оор басырыктуу, эмоциясын ичине каткан, келбети жагынан бири-бирине окшошуп кеткен түгөйлөр отурду. Белгилүү ырчы, “Бульварым”, “Аппагым”, “Досторум” сыяктуу салмактуу ырлардын аткаруучусу Азамат Сарыбаев жана анын жубайы Каныкей Жакыпова “Жан шерик” рубрикабызда конокто.

– Куш келипсиздер! Азамат ага, алгач жубайыңыз менен таанышып алсак.

Азамат Сарыбаев: – Рахмат. Жубайымдын аты Каныкей. Медицина тармагында иштейт, бирок чыгармачылыкка жакын, жакшы ырдайт. Мен студент кезде Кесиптик-техникалык окуу жайга караштуу Маданият үйүндө да иштечүмүн. Окуудан кийин барып, студенттерди ырдатчумун. Каныкей фармакология жаатында окучу. Ошентип агай-студент болуп жүрүп таанышып калганбыз.

– Каныкей айым, азыр да ырдайсызбы?

Каныкей Жакыпова: – Ырчылык менин хоббим гана. Туугандардын арасында ырдап калам. Негизи кичинемден ырдаганды жактырам. Кесиптик окуу жайга да Маданият үйү бар экенине кызыгып эле тапшыргам.

– Азамат ага кантип сиздин көңүлдү буруп, сүйдүрүп алды?

К.Ж.: – Азамат агай болуп жүрдү. Негизи сабак 2 күндө бир болчу, а мен кызыгып ырдайм, бийлейм деп күнүгө эле бара берчүмүн (күлүп). Мага “Ямаха” ойноп берчү. Өзү да татынакай жигит эмеспи, көп убакыт чогуу жүрүп жактырып калгам.

– Азамат ага, сизде кандай болду? Көп кыздын арасынан Каныкей айымга кантип көңүлүңүз түштү?

А.С.: – Ооба, ал жакта кыздар көп болчу. Ошончо кыздын арасынан жакшы ырдаганы да, тартиптүүсү да, көңүлүмө жакканы да Каныкей эле. Экөөбүз 3-4 жылдай тааныш болдук, анын 2 жылында кыз-жигит катары мамиле курдук. Анан 2002-жылы баш коштук.

– Турмуш кургандан кийин бири-бириңиздерде мурда билбеген же байкабаган сапаттар ачылган жокпу?

К.Ж.: – Азамат экөөбүз көбүрөөк сүйлөшүп калгангабы, турмушка чыкканга чейин эле жакшы билип калгам. Өзгөргөн жок. Кичине “капризный” жагы бар, бирдемени оңою менен жактырбайт. Айта берейинби (күлүп)?

– “Капризный” болгондо кандай?

К.Ж.: – Бардык тамакты эле жей бербейт. Баарын карап, кийимди дагы тандап киет, көрүнүп турбайбы (күлүп). Мисалы, “кашык берчи” дейт да, жуулган кашыкты берсең деле карайт да, “башкасын берчи, бул кир экен” дейт (күлүп).

– Бул сапаты жиниңизге тиеби?

К.Ж.: – Кээде жиним келет, ооба (күлүп). Бирок азыр көнүп калдым, дароо эле байкайм.

А.С.: – Каныкей башында кандай болсо азыр деле ошондой. Үйлөнгөндөн кийин деле туура эмес кыял-жоруктарын көргөн жокмун. Төрт жыл тааныш болуп жүрдүк да, бири-бирибизге болгон сырыбыз белгилүү болуп, анан баш коштук.

– Баш кошконуңуздарга 20 жылдан ашып калыптыр. Пикир келишпей калган учурлар да болдубу?

А.С.: – Андай деле чоң келишпестик болгон жок. Эми анча-мынча таарынышып кетебиз. Бирок Каныкейдин мүнөзү жакшы, унчукпай жеңип кетет.

К.Ж.: – Азаматтын жини бат келет. Мен унчукпайм, каяша айтпайм такыр. Унчукпай койсом өзү тынчып калат.

– Эң биринчи ата-эне болгон күндөгү көз ирмемдерди эске салсак...

К.Ж.: – Бир кыз, 2 уулубуз бар. Улуу кызыбыз Айкөл 21де, 4-курста окуп жатат. Уулдарыбыз 17 жана 9 жаштарда. Айкөл төрөлгөндө экөөбүз жатаканада жашачубуз. Ал кезде уюлдук телефон жок. Төрөгөнүмдү туугандарга деле айтпай калыптырбыз. Менин апам 15 күндөн кийин келип, мени көрүп ыйлап, “бизге эмне айтып койбойсуңар?” дегени эсимде. Түзүк кийимим деле жок, баарына ыраазы болуп эле жашап жүрүптүрбүз. Азамат эле иштейт, айлыгы деле аз. Айкөл дагы жоош кыз болду, өзүбүз билгендей эле чоңойттук (күлүп).

А.С.: – Өзүбүз деле бала болчубуз да. Каныкей 21де, мен 24-25ке чыгып калган кезим. Каныкейди төрөтканага жеткиргендин эртеси төрөдү. Анан досторубуз келди. Аккордеон, комузубузду көтөрүп алып төрөткананын жанында аябай ырдадык, күүлөнүп алганбыз да (күлүп). Кызыбызды кичинекейинде эле көтөрүп алып конокко кетип кала берчүбүз. 3-4 айында кычыраган кышта Таласка чейин кетип калганбыз (күлүп).

К.Ж.: – Кулагын оорутуп келдик ал жактан. Ошентип эле жүрө берчү экенбиз, азыр эстесек.

А.С.: – Кызым тили чыккандан тарта эле ырдап баштады. Каныкей кызыбызды ээрчитип мага, жумушка келчү да. Анча-мынча кыздарга караганда жакшы ырдап койчу. Кийин бирок медицина тармагын тандады. Экинчи балабыз Темирлан дагы жакшы ырдап, кыйын бийлейт. Каерге барса эле “ырдап берейинби, бийлеп берейинби?” деп бийлеп кирчү (күлүп). Ал дагы чоңойгону созолонуп, ырдап-бийлебей калды. Кичүү балабыз Мусанын да угуп-сезүү жөндөмү күчтүү. Менин фортепианодо ойногонумду карап отуруп эле үйрөнүп алды. Сардарбек Жумалиев жана башка улуу агайлар “балаңды сөзсүз пианиного бер” дешкен эле. Азыр Шубин атындагы музыкалык мектепте окуп жатат. Балдарыбыздын үчөө тең музыкага жакын.

– Каныкей, жолдошуңуздун негизги күйөрманысызбы?

К.Ж.: – Ооба. Мен Азаматтын ар бир ырына күйөрманмын, анан биринчи сынчысымын дагы. “Мындай ырдап койдуң, тигиндей ырдап койдуң” деп ачыгын айтам.

А.С.: – Ооба, башка адамдар көңүлүмө карап айтпай коюшу мүмкүн да. Ыр жаздырганда биринчи буга жиберем. Бул каталарын дароо айтат. Биринчи сынчым, биринчи продюсерим Каныкей десем болот. Репертуар да тандап берет.

– Тажрыйбалуу, ынтымактуу үй-бүлө катары жаш үй-бүлөлөргө кандай кеңеш бересиздер?

А.С.: – Этапка бөлсөк, үйлөнүү – биринчи этап. Андан кийин бирге жашап кетүү – андан да чоң этап. Азыр бат эле ажырашып кеткендер көп болуп жатпайбы. Жашоонун ысык-суугуна чыдап, түшүнүшүп, анча-мынча эмоцияга алдырып жибербей, бири-бирин сыйлап жашаш керек.

К.Ж.: – Аял үйдөгү нерсени төркүнүнө айтпаш керек такыр, ошондо ортодо сый болот. Мен Азаматтын эч нерсесин айтпайм. Атам менен апам Азаматты көргөндө кээде сүрдөп кетишет. Аял киши эркекке теңелбей, бир тепкич ылдыйраак болуп койсо эле жашоо жакшы уланат.

– Ырчынын жубайы болгон кандай?

К.Ж.: – Өзүм ырчы болбой калгандан кийин тилегиме жолдошум аркылуу жеттим. Азамат менен жүргөн сонун, барган жерибиздин баары шаң. Чыгармачыл адамдар менен жүргөн жагат. Башында кызгана берчүмүн. Улуу кызыбыз төрөлгөнгө чейин кызгандым окшойт, ээ?

А.С.: – Андан кийин деле кызганчусуң...

К.Ж.: – Үйдө отуруп стресс болдумбу, кызганып жүрдүм. Кийин кызганбай калдым.

– Бала тарбиялоодо кандай ыкмаларды колдоносуздар?

А.С.: – Бир көз караш менен, бир сөз менен жеткиргенге аракет кылам. Кыйкырып урушпайм.

К.Ж.: – Балдар ата-энени карап түздөнөт. Кандай жүрсөң, сени туурайт. Кээде кызымдан өзүмдү көрөм. Балдар тентектик кылса биринчи Азаматка айтпай жайгарганга аракет кылам.

А.С.: – Кызыбызга такыр жумшак. Кичинекейинен эле экөө башкача ынак.

– Азамат ага, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?

А.С.: – Чыгармачылыкта чоң жаңылык бар. Буюрса, 16-декабрда өзүмдүн жеке концертимди бергени жатам. Былтыр декабрь айында Эмгек сиңирген артист наамын алган элем. Ошондон кийин отчёттук концерт берейин деп ойлонуп жүргөм. Жеке концерт бериш оңой эмес. Азыр ошонун түйшүгү менен жүрөм.

– Бактылуу болуңуздар!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан