БАҢГИЛИККЕ БАЙЛАНГАН АТАКТУУЛАР

Баңгизат адамзат жашоосуна чырмооктой чырмалып келет. Анын канчалык зыяндыгын билип туруп эле колдонгондор арбын. Өзгөчө атактуулардын арасында. Алардын кээ бири эми гана ийгиликке жете баштаганда маң заттардын торуна түшүп азап тартса, дагы бири жылдызы жанып турганда “жашыл дүйнөгө” аралашып, ушул жамандыктын айынан көз жумушкан.

КАРМАЛГАНДА БОЛБОГОН ШЫЛТООНУ АЙТКАНДАР
Бүгүнкү дүйнөлүк шоу-бизнес чөйрөсүндө баңгизатын татып көрбөгөндөр жокко эсе. Эң кызыгы – алар муну жашыруу үчүн болбогон шылтоолорду айтышканы. Мисалы, Наоми Кэмпбелл, Пэрис Хилтон, Эми Вайнхаус, Лили Аллен, Линдсей Лохан, Жорж Майкл, Вайнона Райдер, Стинг, Бритни Спирс, Тара Рейд, Кирстен Данст жана башкалар баңгизатын алып жүрүп кармалган учурлар болгон. Ошондо алардын айткан сандырак шылтоолору окшош чыкканын коомчулук күлкү менен кабыл алат. Алардын: «Оо, адашасыз, бул кургак сүт», «Бул упа», «Мен упамдын түсүн алмаштырып алгам», «Эмне, чөнтөгүмдө кокаин бар бекен? Анда бул менин кийимим эмес, кийим бөлмөсүнөн
алмаштырып кийип алыпмын» деген сыяктуу шылтоолоруна сиз менен биз деле күлөбүз.

КОЛДОНГОНУН МОЮНГА АЛЫШКАН
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө баңгизат баш оорусуна чалдыккандар көп. Өзгөчө атактуулар арасында. Бирок бир кезде колдонуп көрүп, убагында тизгинин тарткандар да бар.

СТИВЕН КИНГ
Коркунучтуу чыгармалардын «атасы» деп саналган жазуучу Стивен Кинг бир кезде баңгизатын колдонгондугун ачык айтып келет. «Рита Хейуорт и побег из Шоушенка» («Рита Хейуорт жана Шоушенктен качуу»), «Талисман» («Тумар») сыяктуу чыгармалары кантип жазылганын эстей албайт. Анткени баңгизатын колдонуп, анын таасиринде жазганын моюнга алат.
Баңгиликке берилүү учуру энесин жоготкондо башталган экен. Кокаинди колдонуп, бирок убагында эсине келгенине жазуучу азыр кубанат. Эгер эсине келбесе, баңгизат аны жеңмек.

ЖОННИ ДЕПП
Популярдуу актёр Жонни Депп баңгизатка байланган жашоосу тууралуу ачык эле айтат. 12 жашында тамеки тартууну үйрөнгөн Жонни баңгизатын 16 жашында колдонуп көргөн. Өткөөл курагында колдонуп көрбөгөн баңгизат калган эмес.
Актриса Кейт Мосс менен сүйлөшүп жүргөн чакта «кайф кармап» жүргөн абалда кармалып, жоопкерчиликке тартылган. Ошондон кийин тизгинин тартып, бул жаман адаттан арылган.

БАҢГИЗАТТАН КАЗА ТАПКАНДАР
Таза жашоосуна баңгиликти аралаштырып алып, андан арыла албай каза тапкандар четтен чыгат.

МЭРИЛИН МОНРО
Легендага айланган актриса Мэрилин Монронун өмүрү кыска болгону жалпыга маалым. «Американын секс-символу» аталган бул актриса 36 жашында дүйнө салган. Ал эмне себептен өлгөнү тууралуу ар кандай жоромолдор айтылып келет.
Мисалы, «атайын мафия тарабынан өлтүрүлгөн», «уктатуучу дарыны ашыкча ичип алган» сыяктуу. Бирок анын жакын тааныштары «жылдызы жанып турган чакта анын баңги дүйнөсүнө аралашып алганы чатак болду. Эгер ошол балээге жолукпаганда, ким билет, мындан узак жашамак беле?.. Айтор, актрисаны баңгилик эле тындырды» дешет.

ЭЛВИС ПРЕСЛИ
«Рок-н-роллдун падышасы катары белгилүү Элвис Преслинин өлүмүнө баңгизатынын түздөн-түз тиешеси бар» дешет.
Элвис аскерге барганда баңгизаттарына байланып, ошондон баштап көз каранды болуп калган. Кийинчерээк андан арылууга аракеттенет, дарыланат, бирок эч кандай жыйынтык болбойт.
Актёрлуктун жолуна түшкөндө бул кызыгуусу күчөгөн. Атайын баңгизатын колдонбосо да, курамында баңгиси бар дарыларды иче баштаган. Анткени ал ансыз уктай албай, эс албай, ачуусу келип болбой калчу экен. Организми түрдүү дарыларсыз жашабай калганын өзү акылы менен сезген эмес. Жеке дарыгерин укпай, бир эмес, бир нече жолу организми ууланып, ооруканага түшкөн учурлар болгон. Бирок буга олуттуу карабай, акыры өмүр менен кош айтышкан.

АННА НИКОЛЬ СМИТ
2008-жылдын 8-февралында «Плэйбой» журналынын 39 жаштагы популярдуу жылдызы Анна Николь Смиттин денеси Флорида штатындагы кайсы бир шаардагы мейманканалардын биринен алынып чыккан.
Анна 70 жаштагы миллиардерге турмушка чыгып, аз өтпөй байкуш чал каза тапкан. Анын болгон байлыгы бул сулууга калган. Дөөлөттү көтөрө албаган Смит акчаны каалагандай чачат. Ошол чакта баңгизатын колдонуп, өзүн токтото албай калган. Дарыгерлер «Плэйбой» жылдызы ашыкча өлчөмдө баңгизатын колдонгондон улам дүйнө салганын билдиришкен.

МУРАТ НАСЫРОВ
4 жыл мурун январда ырчы Мурат Насыровдун өлүмү элдин эсин оодурган. Ырчы көп кабаттуу үйдөн боюн таштап жиберген. Себептери түрдүү айтылат. Андан жарым жыл мурун каза болгон досу Баглан Садвакасов чакырып жатканын айтып, «мен ошого барышым керек» деп секирип кеткен» дешет. Ошол күнү таасири күчтүү баңгизатын колдонуп, ага туруштук бере албаганынан улам каза тапканы айтылып келет.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Nurzhanat
2011-02-04 21:55:43
Кейт Мосс актриса эмес модель.
0
nensi
2011-02-05 16:30:17
Murat Nasyrov jakchy ele,jakwy yr4y ele,Olgondo jaman bolgom men.Negizi bangi zat jok ele bolso eken.
0
venchik
2011-02-07 19:14:25
Кейт Мосс модель катары атагы чыккан. Бирок актриса деп да уккам.
0
Dastin
2011-03-24 14:53:15
чынын айтканда кобунчо ырчы актрисалар негизи искусствага аралашкан адамдардын кобу банги зат аркылуу которулушкон.... анткени банги зат колдонгон адамдын ой жугуртусу озгочо болот )))
0
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан