ТҮРКИЯДАГЫ СЫНАКТА КАЛЫСТАРДЫ ТАМШАНДЫРГАН АШПОЗДОР

Жакында Түркиянын Анталья шаарында “Gastro Antalya” аттуу гастрономиялык фестиваль өтүп, ага Кыргыз ашпоздору да катышты. Жөн эле катышпай, байгелүү орундарды ээлеп кайтышты. Гульшод Исакбаева жана анын кызы Айбийке Батырканова аталган фестваль, кантип калыстардын оозун ачырышканы тууралуу айтып беришти.

Гульшод Исакбаева, Бишкектеги №97 кесиптик лицейдин ашпоз-кондитер бөлүмүндө иштейт, өндүрүштүк окутуунун устаты: “Кабыргаларды бышырууга 45 мүнөт беришти”

– Биз аталган фестивалга өлкөбүздүн ашпозчулар ассоциациясы аркылуу катыштык. Ал жакка окуу жайдан төртөөбүз: 2 мугалим, 2 окуучу бардык. Окуучулардын бири – өзүмдүн кызым Айбийке.

Фестивалга 40 өлкөдөн 950дөн ашык ашпоз катышты. Калыстар тобунда 15 өлкөнүн, анын ичинде дүйнөдөгү атактуу ресторандардын шеф-ашпоздору да болушту. Сынактар кесипкөй шеф-ашпоздор, чебер-ашпоздор, анан жаш ашпоздор ортосунда өз-өзүнчө өттү. Биз койдун кабыргаларынан, балыктан тамак жасасак, ал эми окуучуларыбыз торт жасап, жыйынтыгында баарыбыз медалдарга ээ болдук.

Козунун кабыргаларынан жасаган тамагым “Кой этинен жасалган тамак” номинациясы боюнча алтын медальга татыса, балыктан даярдаган тамагым күмүш утту. Тамакка керектүү эт, балык, каймак май, түстүү капуста, сарымсак жана башкаларды Бишкектен ала барган элек. Анткени биздин жашылча-жемиштер экологиялык жактан таза, сөзсүз тамактын даамын арттырат. Козунун кабыргаларын тоңдуруп, вакуумдук таңгакка салып бардык.

Сынактын шарттары оор эле болду. Кабыргаларды бышырууга 45 мүнөт беришти. Ушул убакыттын ичинде тамакты бышыруу технологиясын, тазалыкты сактоо менен этти бышырып, соусун, пюресин да жасап, кооздоп жетишип калышыбыз керек эле. Эл абдан көп болгондуктан толкундандым, уят болбой жакшы бышырсам экен деген ойлор болду. Калыстар жаныбызга келип-кетип, кантип, эмнелерди кошуп жасап жатканыбызды майда-чүйдөсүнөн бери карап жатышты. Мен кабыргаларды 7 мүнөт маринаддап анан бышырууга өттүм. Зайтун, каймак май, пияз, 1 талчадан розмарин, тимьян кошуп кызартып кууруп алдым. Жаныбызда негизги плитадан (ред.: меш) тышкары бирдей температурада ысып турган башка плиталар да болду. Эт күйүп кетпесин деп убак-убагы менен көмөч казанды аларга коюп, капкагын жаап, кабыргаларды жумшартып алып жаттым. Чынында кабыргаларды духовкага бышырышым керек эле, болбосо кууруганда толук бышпай калуу коркунучу бар болчу. Мен тобокелдикке салдым. Муну көргөн калыстар ийин күүшөп, күмөн санап жаткандарын да байкадым. Соусун, анан түстүү капустаны, коюлтулган сүттү (сливки) блендерден өткөрүп, пюре даярдадым. Суу, ун, май, тамак-аш боёгун кошуп аралашма жасадым. Бул тамактын үстүн жабуучу кулинардык тор болуп бермек.

“Тамагымды калыстар калтырбай жеп коюшту”

– Тамакты калыстарга ысык беришибиз керек эле, ошого тарелканы да плитага ысытып алдым. Менин тамагымды даамдап жатышканда калыстар өз ара кызуу сүйлөшүп киришти. Каштарын серпип, таң калып жатышканын байкадым. Тарелка бат эле бош калды, баарын жеп коюшту. Ошондо жакты окшойт деп калгам. Сезгенимдей эле болду.

Бизге Кыргызстандан баргандар, Түркиядагы кыргыздар моралдык колдоо көрсөтүп турушту. “Манастын тукуму, мыктысыңар, алга! Жеңиш силердики!” деп жатышты. Бул, албетте, бизге дем берди.

Сынактар бүткөндөн кийин кызым экөөбүз Аланья шаарын көрүп кетели дегенбиз. Фестивалда бир түрк айымы менен таанышып калдым, ал ошол Аланьяда жашап, майыптыгы бар балдар окуган мектепте музыка мугалими болуп иштейт экен. Ал “биздин мектепке баргыла, тамак жасоо боюнча тажрыйба алмашалы” деп калды. Биз макул болдук. Мектепте палоо, боорсок, каттама, кесме тамак жасап берсек, мугалимдер кошо тамшанып жеп, мактап жатышты. Бирок убакыт тар болуп, алардын тамактарын жасоону үйрөнүүгө жетишпедик. Буюрса, мындан ары да ушундай сынактарга катышсам деп турам.

Айбийке Батырканова, 15 жашта. №97 лицейдин ашпоз-кондитер бөлүмүнүн 1-курсунун студенти: “10 күн торт бышырып үйрөндүм”

– Апам да, атам да ашпоз. Мени медициналык окуу жайга тапшыр дешкен. Бирок кичинемден ата-энемди көрүп ашпозчулукка, тамак жасоо сырларына кызыгам.

Сынакта бир аз толкунданып, бир сыйра сүрдөдүм. Бирок эмоцияны жеңип, тортту мыкты деңгээлде жасашым керек эле. Ошого өзүмдү колго алдым. Негизи торт жасоого 70 мүнөт берилиш керек болчу, бирок сынактын түрү көп болгонго 45 мүнөт эле берип коюшту. Биз торт жасап жатканда кыргызстандыктар кыргыз ырларын коюп, ал тургай “Кара жорго” бийин бийлеп жиберишти. Апам да бийледи (күлүп). Бул бизге көрсөтүлгөн колдоо болду. Мен кыргыздарды уят кылбайм дедим ичимден. Тортту 3 кабаттуу кылып жасадым. 1-кабат “фальшивка” болду. Ал пенопласттан жасалган, сыртын эле кремдеп торт сымал көрсөтүп койдум.

2-кабат тунук пластик жашикченин ичине салынган тирүү гүлдөрдөн турду. 3-кабат чыныгы торт. Мен сынакта орун алайын деп ал тортту үйдөн жасап үйрөнүүгө 10 күн убакыт, 40 000 сомдон ашык каражат короттум. Туугандар торт жеп жыргап калышты (күлүп).

“Ресторан ачууну кыялданам”

– Сынак учурунда биз үчүн тортту бат, тез тоңдуруп алганга “шоковый” муздаткычтын жоктугу ыңгайсыздык жаратты. Кадимки муздаткычты колдондук. Аны бизге чейинки сынактарга катышкандар колдонуп, улам ачып-жаба бергенге биздин тортту ойдогудай муздатып бере албады. Ошого тортту калыстарга берерде бир сыйра маанайым түштү. Бирок күмүш медаль алып, кайра кубандым. Бул менин 2-жолку жеңишим. Мындан 2 ай мурун Астанада өткөн ашпоздордун фестивалына да торт жасап катышып, анда коло медаль утуп келгем.

Кыялым – жеке ресторан ачуу, дүйнө элинин тамактарын жасоону үйрөнүү, элге жакшы даамдарды тартуулоо.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан