АНГИОЛИПОМА. Бөйрөктүн залалсыз шишиги

Бөйрөк ооруларынын бири – ангиолипома. Ал залалсыз шишик катары эсептелет жана эркектерге караганда аялдарда 4 эсе көп жолугат. Дарттын коркунучу – шишиктеги кан тамыр жарылса, курсак көңдөйүнө кан толуп, өмүргө коркунуч жаралат.

Эмнеден келип чыгат?

– Бөйрөктүн ангиолипомасы залалсыз шишиктердин катарына кирет. Шишик май ткандардан, булчуңдан жана буларга кан жеткирген кан тамырлардан түзүлөт. Жөнөкөйлөтүп айтканда, кан тамырлуу, булчуңдуу май шишик. Адатта шишик бир бөйрөктө жаралат, экөөндө тең жаралышы аз кездешет. Кээде шишик май ткандарсыз эле түзүлүшү мүмкүн. Бул медицинада атипиялык ангиолипома деп аталат.

Аталган дарттын эмнеден улам келип чыгары тууралуу илимде азыркыга чейин так аныктама жок. Бирок божомолдор бар, алар:

• Өнөкөт оорулар. Бөйрөктүн гломерулонефрит, пиелонефрит, табарсык жана бөйрөктүн таш ооруларынын өнөкөт түрүнөн келип чыгат.

• Гормондордун бузулушу. Көбүнчө организмдеги гормондордун глобалдуу өзгөрүшүнүн айынан жаралат. Аялдарда кош бойлуу жана климакс кезинде, эркектерде андропауза учурунда.

• Тукум куучулук. Генден берилүүчү бурневиль-прингл оорусунда (органдардын көбүндө шишик өсүп кетет) бөйрөктө да ангиолипома жаралат.

• Вирустук оорулардын таасиринен, зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат.

• Өз алдынча пайда болот. Өнөкөт оору, гормоналдык бузулуу жана башкасыз эле жаралышы да мүмкүн.

Шишик 4-5 сантиметрге жеткиче билинбейт

Шишик кичине кезинде, башкача айтканда, диаметри 4-5 сантиметрге жеткенге чейин оорунун белгилери билине бербейт. Анткени бөйрөктүн шишик өсүп кетүү мүмкүндүгү бар жерлеринде нервдер азыраак. Шишик чоңойгондо гана нервди кысып калып, оору белгилери билине баштайт. Андан тышкары, шишиктин өлчөмү кичине кезинде адам УЗИге түшүп калганда аныкталат.

Шишик чоңоюп баштаганда ага кычкылтек жана азык-заттар көп керектеле баштайт. Булчуң ткандары кан тамырларга салыштырмалуу активдүү түрдө тез өсөт. Натыйжада булчуңдардагы майда кан тамырлар чоюлуп, тартылып, ичкере баштайт да, акыры бир күнү жарылат. Шишиктин өскөн жерине карата кан бөйрөк ичине же сыртына коюлат. Мындай учурда дароо операция жасабаса ткандар өлө баштайт (некроз), адам каза болуп калат. Шишик чоңойгон сайын тегерегиндеги ткандарды, органдарды да кысып, алардын иштеши бузулары түшүнүктүү.

Бел туштагы оорутуу – оорунун белгилеринин бири

• Бөйрөктөгү, бел туштагы оорутуу

• Чарчоо, алсыроо, көңүл коштук, тамакка табиттин начарлашы

• Ооруган бөйрөктүн сыртынан томпойгонсуп турушу

• Кан басымдын көтөрүлүшү

• Жарылып кеткенде катуу оорутат, заара кан аралаш чыгат.

Диагноз кантип коюлат?

• Бөйрөктүн УЗИси

• Магниттик-резонанстык томография. Мындай изилдөө бөйрөктүн ткандарын толук текшергенге, шишиктин ордун, өлчөмүн билүү үчүн керек. Бейтап мультиспиралдык компьютердик томографияга да түшсө болот. Бул бөйрөктүн катмарын жана кан менен жабдылышын, шишиктин өлчөмүн, жайгашкан ордун, түзүлүшүн так көрсөтүүчү изилдөө

• Дуплекс-сканирлөө. Бул шишиктеги кан тамырлардын абалын көрсөтөт

• Биопсия. Шишиктен атайын аппарат менен чымчып үзүп алып, гистологиялык изилдөөдөн өткөрүү. Мындай изилдөө шишиктин ангиолипома же залалдуу шишик экенин так билүү үчүн зарыл

• Генетикалык тест. Бул шишик тубаса патологиядан улам жаралганбы деп шектенүү пайда болгон кезде колдонулат.

Шишиктин өсүшүн токтотууга болот

• Өлчөмү кичине болсо дарылоонун кереги жок. Бейтаптын абалы жана шишиктин канчалык өсүп жатканы байкоого алынып турат. Ар 3 ай сайын УЗИге түшүү керектелет. Өлчөмү чоңоюп, операция жасоо убагы келди деп табылса, анда хирургиялык жол менен шишик алынат.

Шишикти алуудагы хирургиялык ыкмалар булар:

1. Эмболизация. Жоон сандагы же колдогу кан тамырга атайын аппараттын ичке түтүкчөсү киргизилип, шишик азыктанып жаткан башкы артерияга жеткирилет. Артерияга атайын зат куюлуп, кан тамыр бүтөлөт. Азык-зат барбаган шишиктин көлөмү кичирейип, өсүшү токтойт. Бул ыкма көбүнчө шишиктин көлөмү кичине кезде колдонулат.

2. Энуклеация. Эндоскопиялык ыкма менен шишик алынат. Анын тегерегиндеги соо ткандар жабыр тартпайт. Бул ыкма шишик залалсыз деп аныкталган учурда гана колдонулат.

3. Бөйрөк резекциясы. Чоңоюп кеткен шишик бөйрөктүн өзү жайгашкан бөлүгү менен кошо алынат. Бул үчүн лапароскопия ыкмасы же ачып жасоо операциясы колдонулат.

4. Нефрэктомия. Шишик өтө чоңоюп кетип, бөйрөктү иштен чыгарып салганда бөйрөк менен кошо алынат. Операция жасалгандан кийин дары-дармек менен дарылоо улантылат.

Кантип алдын алуу керек?

• Бөйрөктүн, табарсыктын таш оорулары бар болсо, убагында дарылануу керек. Зарыл десе операция жасатып алдыруу кажет.

• Бөйрөктүн өнөкөт ооруларын, инфекциялык ооруларды убагында дарылатып, оорунун кабылдап кетишине жеткирбеш керек.

• Жылына 2 ирет УЗИге түшүп, бөйрөктү текшертүү сунушталат.

Материалды даярдоого көмөктөшкөнү үчүн Улуттук онкология жана гематология борборунун урологиялык онкология бөлүмүнүн жетекчиси Болот Ибраевге ыраазычылык билдиребиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1095, 1-7-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан