ДИЕТА КАРМАП КЕСКИН АРЫКТОО ЗЫЯНБЫ?

Илгери жокчулук заманда семиздик жакшы жашоонун белгиси катары эсептелчү. Медицина өнүккөн сайын семиздик ооруларды жаратары белгилүү болуп, адамдар ашыкча салмактан арылуу керектигин түшүнө башташты. Учурда дүйнөдө арыктоо, келбеттүү болуу модасы жүрүүдө. Суроо-талап көп болгондуктан диетанын түрү жана нутрициологдордун саны да көбөйүп баратат. Арыктайм деп тамактан өзүн тыйып, аягында оору тапкандар да бар. Келиңиз, диета темасында сөз кылалы.

Диета кармаганда организмде эмнелер өзгөрөт?

Жылдар өткөн сайын медицина өнүгүп, диеталардын улам жаңы түрү жаралып келет. Мисалы, гречка, айран, таблетка, белок, атайын фирмалардын койтейль диетасы, суюктук ичүү диетасы, деңиз диетасы жана башка. Интернетте алар тууралуу маалыматтар жайнайт. Кааласаң диетолог же нутрициологго барбай эле, бирин тандап алып арыктай бер. Бирок... Дал ушул “бирок” кармаган диетаңыздын айынан зыян тартып, оору таап алууңуз мүмкүн экендигин эскертип жаткан болушу мүмкүн.

Туура эмес кармалган, өзгөчө моно диета жүрөк-кан тамыр, борбордук нерв системдерине, ашказан-ичегиге, өпкөгө терс таасирин тийгизет дейт өлкөдө жеке медициналык клиникалардын бирин негиздеген дарыгер Шайлообек Үркүнбаев. Анын айтымында, организмде белоктун жетишсиздиги булчуңдардын алсыздыгына, ички органдардын начар иштешине жеткирет. Майдын жетишсиздигинен тамак-ашка кошо организмге кирген витамин жана минералдар начар сиңет деген да көз караш бар. Чач түшүү, теринин өңүнүн бозорушу, уйкусуздук жана маанайдын чөгүшү ушундан улам дейт. Углеводсуз же аз углеводдуу диетаны көп кармаганда гормондордо жана сөөктөрдө бузулуу башталат. Айрымдар кыска убакытта арыктоону каалашат. Тамактын өлчөмүн, калориялуулугун кескин азайтышат. Бул организмде стрессти жаратат. Стресстен иммунитет начарлап, ооруларды жуктуруп алуу коркунучу жогорулайт. Кескин арыктоодо гастрит жаралашы же ал оорусу барларда дарты курчуп кетиши ыктымал.

– Адам арыктаганы менен, акыры диетаны токтотот. Бирок бат эле кайра мурдагы салмагына келип калат. Эмне үчүн? Анткени туура эмес диета кармоодон денедеги зат алмашуу бузулган. Мурункудай өлчөмдө тамак жегени менен, кайра толуп баштагандары ошондон. Бул эле эмес, кайрадан тамакты көп жеп баштаганда уйку бези инсулинди кескин түрдө көп бөлүп чыгара баштайт. Бул диабеттин жаралуусун шартташы мүмкүн.

Ич өткөрүүчү каражаттарды ичип бат арыктагысы келгендерде ичеги, ашказан, геморрой ооруларынын жаралуу коркунучу бар.

Таблетка ичип арыктагысы келгендерде таблетка тамакка табитти жок кылат. Сиз арыкташыңыз мүмкүн, бирок организм өзүнө керектүү витамин, микроэлементтерди албай калат. Мээнин ачкачылыкты, тойгонду сезүү касиети төмөндөйт. Диетаны токтоткондон кийин кайра семирүү да ушундан.

Андыктан нутрициолог же диетолог менен кеңешип, организмге зыян келтирбей турган жол менен арыктоо керек,- дейт Үркүнбаев мырза.

Диетанын тарыхынан

• Углеводсуз жана аз углеводду диета илгертен белгилүү. Байыркы Грецияда атлеттер мелдештер алдында физикалык формасына келүү үчүн этти көп жеп, нан, жемиш, жашылчалардан баш тартышкан. Бул салмакты азайтып, булчуңдар калыпта болушу үчүн керек болгон.

• 1864-жылы Англияда маркумдарды акыркы сапарга узатуу мекемесинин жетекчиси Уильям Бантинг углеводсуз диета тууралуу китебин жарыкка чыгарган. Анын бою 165 сантиметр, салмагы 92 килограмм болуп семиздиктен жапа чеккен. Бантинг китебинде врач Уильм Гарвейдин диетасы менен арыктаганын жана аталган диета тууралуу жазган. Гарвей сыра ичпей, картошка жебей, алардын ордун балык, эт менен алмаштырууну сунуштаган. Натыйжада Бантинг 21 килограмм арыктаган. Китеп окумуштууларда, элдерде кызыгууну жаратып, бир нече тилде басылып чыккан. 4-ирет китеп 100 миң нуска менен басылган. Бул диета тууралуу китептердин көч башы бтолгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан