5 МААЛ ТАМАКТАНУУ МЕНЕН АРЫКТООГО БОЛОТ!

Бул диета Бишкек жана Ош шаарындагы СеннаМед интегративдик клиникасы тарабынан түзүлгөн. Ал тууралуу аталган клиниканын негиздөөчүсү, медицина илимдеринин кандидаты Шайлообек Үркүнбаев маалымат берет.

Биздин борбор 18-декабрь күнү “Арыктоого аракет” аттуу уникалдуу 2 апталык марафонун баштайт. Марафонго катышуу менен адам үйдө отуруп, колунда болгон азык-түлүктөрдөн тамак жасап, 5 маал тамактанып арыктай алат. Марафонду тамак-аш продуктуларынын технологиясы боюнча илимдин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын мүчө корреспонденти Бермет Журупова иштеп чыккан.

Андыктан күндө жаңы меню, рецепт сиздерге сунушталып, ошол боюнча тамак-аш жасайсыздар. Кокус өнөкөт ооруңуз болсо, анда ал меню сизге туура келерин же менюдан эмнени өзгөртүү керектиги тууралуу клиниканын врачтарынан сурап, ошол боюнча жасайсыздар.

Марафонду бүткүчө жетекчи катары өзүм көзөмөлдөйм. Ал эми клиниканын тажрыйбалуу дарыгерлери сиздин ден соолугуңузду жана сизде болуп жаткан өзгөрүүлөргө көзөмөл салып, акысыз кеңеш берип турат. Мисалы, кан басымы түшкөндөргө терапевт, гинекологиялык дарты барларга гинеколог.

Долбоордун дагы бир өзгөчөлүгү – руханий жан дүйнөңүздүн сактыгы үчүн эл аралык сынактардын жеңүүчүсү, рокий Сүйүн ажы Куран аяттарын окуп, кеңештерин айтып тура тургандыгында.

Марафондун жүрүшүндө “Дарылык укалоо” жаатында дипломдуу адис, 25 жылдык тажрыйбасы бар “СеннаМедден сергек жашоо” программасынын жетекчиси, ЛФК машыктыруучусу Казбек Мусалыев сиздерге белди ичкертүү, ичти киргизүү сыяктуу ылайыкталган көнүгүүлөрдү жасап көрсөтүп турат. Андыктан “арыктоо тышкы кебетеме терс таасир берип, терилерим шалбырап калбайбы?” деп коркууга негиз жок.

Биздин рецепттер менен арыктоодо организм витамин, микроэлементтер менен камсыз болуп, организмге кымынчалык зыян келбейт.

Байге утуп алыңыз!

Марафонго катышып, ашыкча салмактан арылууну көздөгөндөр арасында жарыш өтөт. Ким көп салмак таштаса, ага белектер ыйгарылат:

• 1-орун – алтын чынжырча

• 2-орун – күмүш зер буюмдары топтому

• 3-орун – марафондун кийинки айлампасына жолдомо

Марафон 18-декабрь күнү старт алат!

Катышыңыз, арыктаңыз, белек утуп алыңыз!

Катталуу үчүн аты-жөнүңүз, телефон номериңиз керек.

Баасы: 1200 сом.

Байланыш телефондору:

0502 254444,

0771 226668.

Мбанк: +(996)700178091

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан