ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 11-декабрдан 17-декабрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Ишиңиз өтө көп болот, андыктан жардам берем деген адамдардын сунушунан баш тарпаңыз, өзүңүз бүтүргөнгө жетишпей каласыз. Кесиптештер менен конфликтке барбоого аракет кылыңыз, компромисс издеңиз. Өзгөрбөс принциптерди кармана бербей, кээде артка чегинип, эрежеден тыш иштерди жасап койсоңуз деле болот. Сиз мындан көбүрөөк утушка ээ болосуз. Көбүрөөк жылмайып, тамаша айтыңыз, бул сиздин гана эмес, чөйрөңүздөгүлөрдүн да маанайын көтөрөт.


БУКАЧАР (21.04–20.05)

Ийгиликке жетүүнү кааласаңыз, жумушуңузга көбүрөөк көңүл бурушуңуз керек. Сырга бекем болуңуз, бирөөнүн сырын башкаларга жарыялап жиберсеңиз, сизге ишенип сырын айткан адамдын репутациясына доо кетет. Шашылыш чечим чыгарбай, жакын адамдарыңыз менен алдын ала кеңешип иш кылыңыз. Олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маанилүү келишимдерди түзүүнү кийинкиге калтырыңыз. Дем алыш күндөрү алыстан коноктор келиши мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Жумушта өзгөрүүлөр күтүлөт. Жетекчилик сиздин айлык маянаңызды көтөрүп, оптималдуу иш графигин сунуштайт. Бизнестеги өнөктөштөр менен жолугушууда маанилүү сүйлөп, баарлашууну туура багытта алып кетиңиз. Так жана далилдүү аргументтер айтылган учурда гана сизге өнөктөштөрүңүз ишенишет. Сүйүүдө жаңылык күтүңүз, жашооңузга шаң кошкон адам пайда болот. Аны жакын адамыңызга айлантасызбы же досуңузгабы, баары убакыттан көз каранды.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Эмоцияга алдырбаңыз. Кыска убакытка сезимдериңизди башкара албай, жакын адамыңыздын көңүлүн оорутуп алышыңыз мүмкүн. Чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүңүздү максималдуу түрдө пайдаланууга аракет кылыңыз. Жалгыз эмес, команда менен иштеңиз. Бул жалгыз иштөөгө караганда натыйжалуу болот. Сүйүктүүңүз менен пикир келишпестиктерди түп тамырынан жоюуга аракет кыласыз. Бири-бириңиздерге көбүрөөк мээрим төгүп, кам көрүңүздөр.


АРСТАН (23.07–23.08)

Жеке жашооңузда чыр-чатактар жана көңүл калуулар болушу күтүлөт. Жаңы мамиле баштаганга аракет кыласыз, бирок эски жаратыңыз коё бербей кыйнайт. Бирөөгө үстөмдүк кылмай адатыңызды таштап, башкалардын кеңешин укканга аракет кылыңыз. Аптанын экинчи жарымын жумушка, чыгармачылыкка арнаңыз. Кыска убакытка саякаттап тоого чыгып келсеңиз болот. Бирөөгө өчөшүү, анын жаман жагын чукулоо сыяктуу нерселерди издебеңиз.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Кызыктуу жана келечектүү жумуш сунушталышы мүмкүн сизге. Бизнестеги көйгөйлөрүн чечүү үчүн да жакшы убакыт, бардык келишимдер, расмий документтерге кол коюулар шыр жүрөт. Балдарыңыз сизди жетишкендиктери менен кубандырышат. Сүйүктүүңүзгө байланыштуу маселелерди чечүүдө тайсалдабаңыз, качпаңыз, кийинкиге жылдырбаңыз, болбосо жашооңузду татаалдаштырып аласыз. Компромисс табышыңыз керек.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Айланаңыздагы адамдар сизге каржылык колдоо көрсөтүп жардам беришет. Дем алыш күндөрү үйдө топтолгон көйгөйлөрдү чечүүгө убакыт бөлүңүз. Жеке жашооңузда ийгиликке жетүү үчүн сырткы келбетиңизге көбүрөөк убакыт бөлүүңүз керек болот, жылмайып, майда нерселерден бакыт таап жашасаңыз, дүйнө да сизге жылмаят. Бойдоктор жактырып же сөз айткысы келип жүргөн адамын романтикалык жолугушууга чакырышса болот.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Каалооңуз күчтүү болсо, буга чейин жасоого мүмкүн эмес болгон иштерди деле жасап коё аласыз. Үч эсе жогорку энергия, шамдагайлык сизди карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө, чоң ийгиликтерге жеткирет. Сиз мындай ийгиликти мурун элестете да алчу эмессиз. Жеке жашоодо сизди кумарлуу жолугушуу күтөт. Бойдоктор, сезимдерди тайманбай айтууга убакыт келди. Сүйгөн адамыңызга жакындашуу үчүн маанилүү кадамды жасаңыз.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Узак сапарга чыгууга жана жаңы тааныштарды арттырууга ыңгайлуу мезгил. Кесиптештер арасында сөзүңүзгө этият болуңуз, анткени аткара албай турган убадаларды берип, кийин ишке ашыра албай убайым тартасыз. Жеке мамиледе сүйүктүүңүз менен сезимдериңизде муздактык, бири-бириңиздерди түшүнбөгөн абал орун алат. Андан өзүңүздү алаксытам деп, азгырыктарга туш болушуңуз мүмкүн. Андыктан сүйүүдө туруктуулугуңуз сыналат.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Жакындарыңыз сиздин ийгилигиңизге кубанып, баалашат. Көйгөйлөр менен күрөшүп жатып чын ыкластуу досторуңузду байкабай калышыңыз мүмкүн. Жеке жашоодо буга чейин курган мамилеңизди сактоого, ага кам көрүүгө арнаганыңыз жакшы. Сизди башка жерде андан да идеалдуу адам күтүп жатат деп ойлобоңуз. Башка бирөөнүн багындагы алма дайыма таттуу көрүнө берет, бирок жеп көрсөңүз даамы сиздин алмаңыздыкындай эле.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Апта сизди бардык тармактагы ийгиликтер менен кубандырат. Мейли бизнесте, карьерада же сүйүүдө болсун. Өзүңүздүн күчүңүзгө, дареметиңизге ишеним болуп көрбөгөндөй жогорулайт. Бирок мындай ийгилигиңизге ич күйдүлүк кылган да жакындарыңыз чыгат. Узак жолго иш сапарга чыгуу сунушталбайт. Сүйүү мамилесинде кандайдыр бир нерсени өзгөрткүңүз келген каалооңузду жакын адамыңыз башка мааниде түшүнүп таарынышы мүмкүн.


БАЛЫК (20.02–20.03)

Өзүңүздүн кадыр-баркыңызды жогорулатуу менен алек болосуз. Активдүүлүгүңүз, демилгечилдигиңиздин артынан жумушта сый акыга татыйсыз. Каржы тармагында жылыш болот. Дем алыш күндөрү эскини бузуп, жаңыны баштоо үчүн жакшы убакыт. Жеке мамилелерде өзүмчүлдүктөн жана өнөктөшүңүзгө ашыкча талаптарды коюудан баш тартканыңыз жакшы. Канчалык оор кырдаал болбосун, анын жакшы жактарын көрө билиңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан