ЭНЕРГИЯНЫ ТУШ КЕЛДИ ЧАЧПАЙ, ТУУРА КОРОТ

Дайым шашып жүргөн, түйшүкчүл, тынчсыздануусу күч адамдар көп арабызда. Адамдын энергиясы пайдасыз, боштукка кетип, жакшы иш жасоого же учурдан ырахаттанууга артпай калууда дешет психологдор. Канткенде адам энергиялуу жүрөт? Аны кантип туура коротуу керек? Психолог Гүлипа Жапарова кеңеш берет.

– Акыркы мезгилде адамдардагы энергия бат короп, энергиясыз адамдар көбөйүп жатабы?

– Энергия – бул кубат. Адамдын ою, кылган иши, сезими, ичкен тамагы баары энергиянын булагы болуп саналат. Азыр адамдар чөнтөк телефонду эбегейсиз көп пайдаланышат, ылгабай социалдык тармактардын баарында отура беришет, ушундан улам энергия төмөн. Түрдүү сүрөттөр, видеолор, жаңылыктар, бирөөнүн жеке жашоосу алдынкы планга чыгып кетип, өз жашоосуна кубаты жетпей калууда. Маалымат көп, ал мээге таасир берип ошондон улам ойлор чачкын. Эмнеден чарчаганы билинбейт, бирок чарчап калышууда.

Экинчи себеп – адам өз жашоосуна маани бербей калды. Ички дүйнөсүн жаап коюп, беткап кийип жашап жүргөндөр көп. Энергияңыз түгөнүп, шалдырап жатсаңыз эле өзүңүздүн кандай жашап жатканыңызга караңыз. Энергияны кайда кетирип, кантип булгап жатасыз? Аны булак деп элестетиңиз – булакты тазалап, карап туруш керекпи же ага таштандыларды таштап, агып турган сууну бууп салуу керекпи?

Ал эми аң-сезими бийик, жан дүйнөсү таза, өзүн тең салмактуулукта кармап жүргөн адамдардын энергиясы таза жана кубаттуу болот. Бирөөгө актанбай, мактанбай, сын такпай, кемсинбей, ичи тардык кылбай өз дүйнөңүзгө гана үңүлүңүз. Ошондо энергияңыздын кайда короп жатканын байкайсыз.

– Азыркы жашоону телефон же компьютерсиз элестетүү мүмкүнбү? Алардын ордун баса ала турган кандай альтернатива бар, мисалы?

– Адам өзүнүн суроо-талабын иреттеп алышы керек. Билесизби, алдыдагы 20 жылдын ичинде үй, автоунаа, бийлик жана башка материалдык баалуулуктар арткы орунга жылат да, башка нерселер энергиянын булагы болуп калат. Азыркы учурда абдан катуу ыргакта энергиябызды түккө да арзыбаган нерселерге коротуудабыз. Ушунча убактан бери жоготкон нерсебизди кайра толукташ керек болот. Андыктан жакынкы 20 жыл ичинде табигый нерселерге талап күчөйт.

Кыргыздар илгертен эле табият менен гармонияда жашаган. Баш калкалаганы боз үй, жүргөн жери тоо, тамак-ашы экологиялык жактан таза. Генден келе жаткан нерсебиз бизди сактайт. Мен альтернативдүү сунуш катары – элибиздин түпкүлүгүнө кайтууну сунуштайм. Ата-бабалар калтырып кеткен оюндарды жандандырууга, баштапкы дүйнө таанымыбызга кайтууга, улуттук даамдарыбызды пайдаланууга чакырам. Анткени ошол жакта чоң энергия жатат. Балдарды тоо коюнуна көп чыгаруу керек, ат мингенди, тоо шартында жашоону кадимкидей үйрөтө турган курстарды ачууга мезгил жетти.

– Жекече карасак, адам энергиясын кантип толуктай алат?

– Мүнөздү оңдош керек. Мисалы, сизге бирөө жакпай жатат дейли, мисалы, жетекчиңиз. Ага каяша айтып, кежирлик көрсөтө берүү менен сиз энергияңызды төгүп салгандай жоготосуз. Кадимки суу төгүлгөндөй жок болот. Абал өзгөрбөйт, ал баары бир сиздин жетекчиңиз. Кайнене же күйөөнү алалы. Сизге кыймыл-аракети, сүйлөгөнү, дегеле эч нерсеси жакпай жатат дейли. Жетекчиден макул, башка жумушка кетип кутуласыз, ал эми тиги экөөнөн кутулуу оңойго турбайт. Ушул жерден кабыл алуу мыйзамы иштеши керек. Кабыл алганды үйрөнүү зарыл. Андан тышкары ушак айтуу, бирөөгө кыйынсынуу, эго, негативдүү ойлонуу, жөнү жок коркоо берүү, тынчсыздануу, баары энергияны жок кылат. Негативдүү жаңылыктарды окуу, телефондон улам аба ырайын карай берүү сыяктуу адаттарды таштаган туура. Адатта, кандай адамдар жаңылыктарды аба ырайына чейин окуйт? Коркок адамдар жана баарын көзөмөлдөгүсү келген адамдар. Ааламда эмне болуп жатканынан бери алардын көзөмөлүндө болгонун жакшы көрүшөт. Энергияны таптакыр эле туура эмес жакка кетирип салганын сезишпейт. Бара-бара кыжырдануу, шашкалактоо, сын тагуу, жашоого нааразы болуу көбөйөт. Ой чачыранды болот, иш бүтпөйт.

– Биздин ата-бабалар энергияны кайдан алышкан?

– Эң чоң энергияны табияттан, көчмөн жашоодон алышкан. Дагы бир маанилүү нерсе – кыргыздар эркин жашаган калк. Эркиндик – адамга өтө чоң кубат берет. Ата-бабаларбыз көр тиричиликке байланган эмес, дүнүйө, мүлк анча кызыктырбаган. Азыркынын тили менен айтканда, минимализмде жашашкан. Орун которуп көчө турган болгондо бир-эки көлүккө гана жүк болор боз үйү, буюм-тайымы болгон. Ошол үчүн энергиясы булактай таза, медицинасы жок эле чымыр денелүү, концерти жок эле шайыр, сансыз жоокери жок деле күчтүү жоого туруштук берген калк болгон. Азыр деле минимализмге умтулуу керек. Ошондо адамдын энергиясы үй-бүлөсүнө, эркин өмүр сүрүүгө, жакшы маанайда жүрүүгө сарпталат.

– Энергияны кантип туура бөлүштүрүү керек?

– Адамда базалык керектөө бар эмеспи. Акылдын таразасына салып, атүгүл жазып алып ошол керектөөлөргө жумшоо керек. Мисалы, сизге энергия эң биринчи эмнеге керек? Аялдар үй-бүлөсүнө кетирет адатта. Анын энергиясы менен үй-бүлөсү кадимкидей азыктанат. Аялдын жүрөгү ток, жакшы маанайда болбосо жолдошун, балдарын ачка таштап койду деген эле маани. Демек, аял жакындарына энергия берүү үчүн өзү дайыма позитивдүү, көңүлү ток, тынчсыздануусу жок жүрүшү керек. Ички абалын оңдошу шарт. Энергиясы үй-бүлөсүнөн ашып баратса жумушуна, андан да ашып баратса коомдук иштерге, дагы башка жеке керектөөлөрүнө жумшаганы туура.

Эркекке эң биринчи үй-бүлөсүн багуу керек болгону үчүн энергиясынын көбүн сырттагы иштерге коротот. Жумушуна жана башкаларга...

Балдар болсо энергиясын дүйнөнү изилдегенге көбүрөөк кетирет. Таза абада ойноо, спорт менен машыгуу, сабактарга жана башкаларга. Энергияны оң-солго чача бербеш керек. Акыл менен өлчөп, жашооңузда эмне маанилүү болсо, биринчи ошого коротуңуз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан