Манас Алыкулов, шоумен: «АЗЫР АТАМ БОЛСО, КУЧАКТАП ЭЛЕ ЖАТМАКМЫН»

Бул жолу “Атам – аска-зоом” рубрикабыздын алкагында алпаруучу, шоумен Манас Алыкулов менен баарлаштык. Атасы – кыргыздын “Шорпо” каймана атка ээ атактуу куудулу Жаныбек Алыкулов тууралуу айтып берет.

«Балдарды көрсө эзиле берчү, неберелерин көрсө кантмек болду экен?..»

– Атам абдан мээримдүү, боорукер, ак көңүл, баласаак адам эле. Бирөөнүн баласын көрсө деле эзиле берчү. Азыр биздин балдарды – неберелерин көрсө кандай болмок, элестете албайм. Бир туугандардын ичинен атама көбүрөөк мен окшошмун. Муну атамдын достору, кесиптештери, бир туугандарым да айтышат, апам да “сенин ак көңүлдүгүң, боорукерлигиң, мүнөзүң атаңдын өзү” деп калат. Атам айкөл адам болчу. Биздин курсагыбызды тойгузуп, кийимибизди бүтүн кылып, жакшы кам көрдү, жакшы-ы тарбиясын берди (ыйлап)...

Атам жаш кезинде спорт менен алектенчү, сүрөттөрү бар. Гүлжигитке окшош, арык. Футбол, баскетбол ойночу экен, ал жагын байкем менен иним тартты. Жакшы окуган жагын эжем тартты. Атам илгери Токтогулда Пионерлер үйү, азыркы Жаштар чыгармачылык үйүндө мугалим да болуптур. Атамдын колунда азыркы Эл артисттери, чоң бизнесмен, Жогорку Кеңештин депутаттары окушкан.

«Эки куудулдун аты-фамилиясын алып жүрөм»

– Артисттердин үй-бүлөсүндө төрөлдүм, апам да ырдайт, убагында Ошто филармонияда иштеген. Атам экөө ошол жактан таанышып, табышып калыптыр. Мен төрөлгөндө эле өзгөчө шаңга бөлөнүптүрмүн. Ал кезде Чубак Сатаев Кыргызстанды дүңгүрөтүп жаткан учур. Сатаев аккордеону менен ырдап, аяш аталарым коштоп ырдап төрөтканага киришиптир, ал жактагы врач, медайымдар таң калып эле калышыптыр. Мен Ноокат районунда төрөлгөм. Төрөлгөндө башталган шаан-шөкөт менен жашап келе жатам, азыр жумушум да, өзүм да шаан-шөкөтмүн (күлүп).

Атым аяш атам Манас Бердибековдун атынан коюлган. Апам кош бойлуу кезде атам Каныкей Эралиева, Манас Бердибеков менен гастролдо жүрсө “балаң жакында төрөлөт, атын ким коёсуң?” деп сурашыптыр. Атам “кыз төрөлсө Каныкей, уул төрөлсө Манас коём” деген экен. Ошентип досунун атынан Манас болгом. Манас Бердибеков да куудул, атам Жаныбек Алыкулов да куудул, эки куудулдун атын, фамилиясын алып жүрөм. Ушул эки атты татыктуу алып жүрөйүн, уят кылбайын, жаман сөз жабыштырбайын деп турам.

«5 жашымда жарнамалык роликке тартылгам»

– Кичинемде үйдө караганга киши жок, гастролдордо чогуу алып жүрүшчү экен. Мен гастролдо төрөлүп, гастролдо чоңойгон баламын. Кичинемден эле музыкалык аппаратураларды жөндөп, үнүн текшерип, аркы-беркисин өздөштүрүп алдым. Биринчи жолу 5 жашымда жарнамалык роликке тартылгам. “Апа, нан берчи” деген ролик эле. Азыр ошону таппай жүрөм.

Чоңойгондо атамдын жолун улап, сахнага чыга баштадым. Биринчи жолу 2005-2006-жылдары чыктым. Ошол кезде Мажит жарып жаткан кези эле. Кээде “мен да ошол кезде жарып чыга берсем болмок” деп калам. Бирок атам “сен быша элексиң” дечү.

Бала кезде тентектик кылган учурларым да болду. Мектепте өзүм мушташпасам да, мушташ боюнча уюштуруучу элем. Директорлор атамды көп чакырышты, үйгө барганда урушабы десем, “эркекчиликте боло берет” деп койчу. Бир жолу машинесин сурабай айдап кетип, милиция кармап алган. Анда да урушкан эмес. Өмүрү кол көтөргөн жок. Бир жолу машинесин айдап баратып сүзүп алдым. Ошондо урушуп, башыма акырын бир чапкан. Чапканына кайра бушайман жеп, ушундай киши болчу.

«Атамдын концерттерин уюштуруп жүрдүм»

– Эсимде, 10-классымда Хонда Одиссей деген машинелүү болдум. Өзүмдүн иштеген акчамдын үстүнө атам акча кошуп сатып алганбыз. Ошол машинеге аппаратураларды салып, Ысык-Көлгө гастролго кеттик. Балыкчыга барганда мага афиша жазганды үйрөттү. Анан ундан клей жасап, “балам, мындан ары уюштуруу жагын сен жасайсың” деди. Эртеси эрте саат 7де тургузуп жөнөттү. Ошентип Маданият үйлөрүн сүйлөшүп, айыл кыдырып концертке чакырып, аппаратуранын үнүн даңкылдатып коюп алып концерт болот деп жарыя айтып, афиша чаптап жүрдүм. Бир айылга 20 афиша чаптачумун. Концерт учурунда атамдын музыкаларын коюп, ар бир монологуна ылайыктуу музыка тандап, азыркыча айтканда, “диджей-звукач” да болот элем. Ортосунда костюм-шым кийип чыгып ырдап коём. Ал кезде Ильяз Абдыразаковду кумир тутчумун, анын 1-2 ырын жаздырып, ошону ырдайт элем. Кебетем да Ильяз Абдыразаковго окшош болчу. Ошондо 1 жарым ай жүрүп, 400 миң сомдой таптык. Ысык-Көлдүн ар бир айылын кыдырып чыктык. Айылдын тентек балдарынан таяк жеген күндөрүм да болду. Ошондо эң жакшы тажрыйба алдым.

«Чыгармачылыкка көп энергияңды бер дечү»

– 2010-жылы атам Караколдо концерт берди. Ошондо 500 кишилик аудиторияга биринчи жолу ырдадым. Анан Бишкекке келип кайра кабактарда ырдай баштадым. Ошол кезде Спорт ордосундагы бир концертке атам катышмак экен. Ошол күнү атам “балам, жүр, костюм-шым кийип ал, ырдайсың” деди. Ошентип биринчи жолу чоң сахнага чыктым. Сахнага чыгарда аябай толкунданып турсам, атам “балам, бул деле Ысык-Көлдө чыгып жүргөндөй сахна, болгону аппаратура чоңураак, эл көбүрөөк. Сахнага чыккандан ырахат ал” деп шык берди.

Кийин Бек Борбиев, Гүлжигит Сатыбеков, Султан Садыралиевдин концерттерин алпарып баштадым. Гастролдон келип эле атама “ушундай болду, сиздин сөздөрүңүздү айтсам эл аябай күлдү” дечүмүн. Ал өзүнүн акыл-насаатын айтып, “гастролго чыкканың жакшы болду, гастролдон бышасың, чыгармачылыкка көп энергияңды бер” дечү.

Азыр эми чоң, масштабдуу, президенттер катышкан иш-чараларды алпарып жатам. Ал жактагы толкунданууларымды атама айтайын десем, кеңеш сурайын десем, атам жок. Ушул нерсе аябай өкүндүрөт, ыйлагым келет, ыйлайм кээде.

«Бизге Алыкулов деген чоң байлык калтырып кетти»

– Атам бизге эң жакшы нерсени – Алыкулов деген фамилияны байлык кылып калтырып кетти. Бул фамилия менен биз азыр бактылуу жашап жатабыз, ырыскыбызды таап иштеп жүрөбүз. Өзгөчө мен, иним, бир туугандарым дагы. Атам көп окуган, өтө акылдуу киши эле. Менин оюмча, атам жарым тонна китеп окуса керек. “Станиславский айтмакчы, Жек Лондон айтмакчы” деп китептерден үзүндүлөрдү айтса, мен түшүнчү эмесмин, эми түшүнүп жатам (ыйлап)...

Сизге чоң рахмат, үйгө чейин келип интервью алып жатканыңызга. Үйдү сизге көрсөткүм келди. Анткени ушул үйдү атам экөөбүз салып баштаганбыз. Ошондо экөөбүз кыялданат элек “бул жерден чай ичсек, бул жерде сүйлөшүп отурсак” деп (ыйлап). Атам менен өткөн күндөрдү эстесем ыйлагым келип жатат, кечирип коюңуздар. Мага азыр атамдын кеңештери жетишпейт, биздин азыркы ийгиликтерибизди көрсө кандай сыймыктанмак?!

«Түшүмө көп кирет»

– Эсимде, бир жолу катуу ооруп калдым, 5 жашта болчумун. Атам экөөбүз Бишкектен Ошко учуп баратканбыз, учактан кусуп, кыйналдым. Атам аябай күйпөлөктөп жатты. Ошко барганда эжесинин үйүнө алып барып дары берип жаткырып кетти. Катуу кыйналып, тердеп, уйкудан көзүмдү акырын ачсам, атам мени кычыраган костюм кийип жылмайы-ып карап туруптур. Тармал чачы, ошол элес эч эсимден кетпейт.

Атам түшүмө көп кирет. Түшүмдө апакай костюм-шым кийип, мени карап турат. Чуркап барып кучактайм, жыттайм, кадимкидей жытын сезем. Атам каза болгондон кийин бир футболкасын жыттап жата берчүмүн. Эгер атам азыр жанымда болсо кучактап жыттап эле жатмакмын. Көп жерлерге алып бармакмын, батасын, кеңештерин алмакмын. Ар бир адамдын атасы менен болгон күндөрү тарых, өзүнчө китеп болуп калат тура. Атам бейиштик болсун!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан