Өлкөдө 1 аптада 494 айдоочу мас абалында унаа айдап жүргөн жеринен кармалганы маалымдалды.
Энергетикалык суусундуктарды өлкөгө ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун парламент 1-окууда жактырды.
9-11-декабрда өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, суук күчөйт.
Жалал-Абадда сойкуларды калкалаган деп 2 милиция кызматкери кармалды.
Депутат Эмил Жамгырчиевге карата козголгон кылмыш иши кайра жанданды.
Жогорку Сот пара талап кылууга шектелген Мээрим Тилекованы (саламаттыкты сактоо министринин мурдагы жардамчысы) толук актады.
Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм каракчылыкка шектелип кармалды.
Токтогул районунда мал уурулукка шектелип 3 жаран кармалды.
Айыл чарба министрлиги: Өлкөдө 28 мал союучу жай талапка жооп бербегени үчүн убактылуу жабылды.
Блогер Ырыс Жекшеналиевди Биринчи Май райондук соту актады.
29-ноябрдан 5-декабрга чейинки сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргыз-Тажик чек арасынын дагы 24 чакырымы такталды.
Элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине катталды.
Камчыбек Ташиев 6-декабрда “базар ээлери ижара акысын 2 эсе арзандатышы керек” деп билдирди.
Парламент депутаттары Эдил Байсаловдун жүрүм-турумуна кайрадан нааразычылык билдиришти.
Чолпон-Ата шаарына жаңы кичи район курулары жарыяланды.
Бишкекте сойкукана уюштурган деп шектелип 20 жаштагы жигит кармалды.