БАЗАРДАГЫ ЧУУ: БИЙЛИК ПАТЕНТ СИСТЕМИНЕ ДАГЫ 6 АЙ ТИЙИШПЕЙ ТУРУУНУ ЧЕЧТИ

Бишкектин базарларында иштеген соодагерлер патент системин жокко чыгарууга каршы болушуп бул аптада да митингге чыгышты. Алар “Дордой”, “Дордой Моторс”, “Кудайберген” сыяктуу ири базарларда иштегендер.

“Эртеби-кечпи баары бир тартип орнотобуз”

5-декабрда президент Садыр Жапаров “Дордой” базарына барып соодагерлердин пикирин угуп, жолугушуу аягында “патентти жокко чыгарууну 2024-жылдын июлуна чейин токтотууга тапшырма бердим. Ага чейин азыркыдай, патент менен эле иштеп тургула. Салык кызматы өзү даяр эмес экен. Бирок биз базарларды эртеби-кечпи, баары бир тартипке келтиребиз” деди.

Соодагерлер патент системин жоюу – акыркы сатып алуучуга, карапайым элге гана оорчулук келтирет дешти. Садыр Жапаров патент системин жок кылуу, ККМ системин өнүктүрүүнүн максаты – элди кыйноо эмес, байларды кирешесине жараша салык төлөттүрүү экенин айтты.

– Базарда дүңүнөн товар сатып, ондогон контейнерлерди 3-5 миң доллардан ижарага берип, Лексус 570 тээп, бирок бир тыйын салык төлөбөй чыйт түкүрүп жүргөндөр бар. Мына ошолорду аныктап, салык төлөтөлү деп жатабыз. Элди кыйнайлы деген ой жок. Билесиңер, жылдык акча айлантуусу 8 миллион сомго жетпеген соодагерлер салыктан да, патенттен да бошотулган. Бүгүн тапшырма бердим, ал сумманы 8 миллион эмес, 15 миллионго көтөргүлө деп. 15 миллионго жеткиче мамлекетке бир тыйын төлөбө, байып ал деп жатпайбызбы,- деди президент.

“Революцияны көксөгөн күчтөр бар”

Мамлекет жетекчиси базардагы чуудан пайдаланып өлкөдө дагы бир революция кылып жиберүүнү көздөгөн күчтөр бар экенин айтты.

– Силер алардын кимдер экенин билбейсиңер. Алар силерди курал катары колдонгусу келишет. Саналуу эле 3-4 топ алар. Бизде кантип даярданышканы тууралуу бардык маалыматтар бар,- деди президент.

Жыйында сөз сүйлөгөн “Дордойдун” негиздөөчүсү Аскар Салымбеков дагы соодагерлерди сабырдуулукка, үчүнчү күчтөрдүн чагымчылдыгына алдырбоого чакырды.

Соодагерлер менен пикир алышып жатып Садыр Жапаров “Дордойдо” салык төлөгүсү келбей, ККМге каршы чыккан байлардын катарында 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү да бар экенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, бийлик 2024-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө патент системин жокко чыгарганы жаткан эле.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан