ИИМ: АЛДАМЧЫЛЫКТЫН ЖАҢЫ ТҮРҮ ЧЫКТЫ, ВИДЕОБАЙЛАНЫШ АРКЫЛУУ СҮЙЛӨШҮҮДӨ АБАЙЛАГЫЛА

Ички иштер министрлиги жарандарды алдамчылардын курмандыгы болуп калуудан этият болууга чакырды. Министрлик технологиянын өнүгүшүнөн пайдаланып шылуундар адамдарды алдоонун жаңы ыкмаларын таап жатышат дейт. Алардын бири – видеочалууну пайдаланган телефон алдамчылыгы.

– Мисалы, белгисиз адамдар телефон чалып, аны менен видеобайланышка чыгууну суранат. Алар ар кандай шылтоолор менен сатыкка коюлган товарды көргүсү келип же таппай жатканын айтышы мүмкүн. Бирок алар экрандан көрүнбөй, телефондогу өзгөртүүлөрдөн улам ушундай болуп жатканын айтып шылтоо кылышат,- деп айтылат маалыматта.

ИИМ ушундай жол менен алдангандар боло баштаганын айтып, мисал келтирди.

– Жабырлануучу кыздын айтымында, ага мессенжерден белгисиз адам чалып, адашып калганын айткан, бирок экрандан өзү көрүнгөн эмес. Ал видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүнү сунуштап, сүйлөшүп жатканда телефондогу уюлдук оператордун электрондук капчыгындагы 28 миң сомун чыгарып кеткен. Ошол учурда телефондун экранында СМС аркылуу сыр белгинин (пароль) өчүрүлүп кайра калыбына келтирилип жатканы көрүнүп турган. Жыйынтыгында кыз акчасын алдырып жиберген,- деп айтылат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан