КЫРГЫЗСТАНДА АР БИР 3,5 МҮНӨТТӨ БИР ЫМЫРКАЙ ТӨРӨЛӨТ

Өлкөбүздө күнүнө 417, ар бир 3,5 мүнөттө бир ымыркай жарык дүйнөгө келет. Бул тууралуу World Population Review бүткүл дүйнөлүк калкты каттоо бюросунун маалыматында айтылат. 2023-жылдын 5-декабрына карата Кыргызстанда калктын саны 6 миллион 779 миң деп белгилеген бюронун божомолу боюнча, 2050-жылы кыргызстандыктардын саны 9,4 миллионго жетет. Ал эми бүгүнкү күндө Кыргызстанда суткасына 104 адам, ар бир 14 мүнөт сайын бир адам каза болорун жазат аталган орган. Ошондой эле күн сайын 27 адам, ар бир 53 мүнөттө бир киши миграцияга кетери маалымдалды.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө калктын саны 7 миллионго жеткенин расмий түрдө 2022-жылы октябрда жарыялаган. Статистикалык маалыматтарга таянсак, акыркы 13 жылда Кыргыз элинин саны 1,6 миллионго көбөйдү. Орточо жылдык өсүш учурда 2,1 пайызды түзөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан