Самара Каримова, ырчы: “ЖОЛДОШУМА СУЛУУ КЫЗДАР ЖАГАТ”

Самара Каримова өзүн чыгармачылыктын түрдүү багытында сынап жүргөн өнөр адамы. Ырчылык менен актрисалыкты алып жүргөн айым акыркы учурларда блогерлик менен да кызуу алектенип жатканын айтат. Бул аптанын каарманы менен үй-бүлөлүк жашоосу, чыгармачылыктагы оош-кыйыш күндөрү, бала тарбиясы боюнча кенен баарлаштык.

– Самара, куш келипсиз биздин редакцияга. Алдыда Жаңы жыл келе жатат, өтүп бараткан жыл сиз үчүн кандай окуялар менен эсте калды?

- Саламатсыздарбы “Супер-Инфо”, сиздердин куттуу редакцияда отурганыма абдан кубанычтамын. Менин Самара болуп таанылышыма кошкон салымыңыздар зор. 2010-жылдары болсо керек, биринчи жолу “Супер-Инфого” интервью бергенде космоско учкандай эле сүйүнгөн элем. Талпынып келе жаткан жаш ырчынын канатын таптап учурган эмгегиңиздер унутулбайт. Өтүп бараткан жыл чыгармачылыгымда жемиштүү болду. Үй-бүлөбүз менен чет өлкөгө саякаттарга чыктык, Казакстан, Өзбектан, Орусияга концерттерге чакыруулар көп болду. Айтор, дүйнө көрүп, таанууга көп убакыт сарптадык.

– Жакында 700 киши чакырып чоң той бердиңиздер. Дал ошол маалда коомчулукта тойлордун форматын өзгөртүү, ысырапкорчулукту азайтыш керек деген талкуу кызып жаткан эле. Белгилүүлөр элге үлгү болушу керек деген пикирлер бар, бул боюнча оюңуз кандай?

- Негизи той берип элдин батасын алууну ар бир эле үй-бүлө кыялданса керек. Биз да кийин уул үйлөп, кыз беребиз, бата алуу бул кыргыздын өзгөрүлбөс салттарынын бири эмеспи. Албетте, коомчулукта айтылган бардык сын-пикирлерге кошулам. Эгер шарты, мүмкүнчүлүгү болсо, катышы көп болсо эмне үчүн чоң той бергенге болбосун? Ысырапкорчулук кылбай, карызга, насыяга батып калбай той бере берсе болот го дейм. Биз башында коноктордун тизмесин эсептегенде 1000ден ашып кеткен болчу. Кийин кыскартканда 700 чакты киши болду.

– Жолдошуңуз сиздин чыгармачылыкты колдойт, билебиз. Чогуу вайн, тамашалуу видеолорду тартууга көндүрүү сизге оңой элеби?

– Башында көнчү эмес, суранып жүрүп тартчумун. Азыр көнүп калды. Анткени үй-бүлөм менен тарткан тамашалуу видеолорду жүктөгөнүмдө баракчамдын активи кадимкидей көтөрүлүп кетет. Билесиңер, азыр социалдык тармактар чоң куралга, акча тапчу аянтчага айланып калган. Анан өзүм да акыркы учурларда блогерликке көп кызыгып жүрөм. Социалдык тармактарды жакшы иштетип, онлайн тармакты туура өздөштүрүүнү билсең ал жакта чоң акчалар айланып жүрөт. Мен жакында атайын инфобизнес багытында абдан кымбат баага окуп билим алдым. Эми онлайн багытта мыкты долбоор жасасамбы деп турам, учурда өз ишин билген адистерди чогултуп жатам. Буюрса, буга чейин Кыргызстанда жок чоң долбоорду ишке ашырып, анын жүзү болом. Балдарымдын кызыгуусун байкап калсам аларга да “социалдык тармактарыңарды иштете бергиле, кийин пайдасы тиет” деп калам. Барсбек баламдын 300 миң окурманы бар Инстаграмда, азыр балдар кийимдерин саткан дүкөндөрдү жарнамалап, өздөрүнүн кийимдерин, оюнчуктарын бартердик негизде алышат.

– Жолдошуңуз дайыма жаныңызда коштоп жүрөт, анын башка да жумушу барбы?

– Жолдошум да маданият адамы, менин атымды жасаш үчүн көп эмгек кылган. Жерлерин, унааларын сатып ыр жаздырып, клип тарттырып “Самара, сен кийин белгилүү ырчы болосуң” деп мага, талантыма ишенген жалгыз адам. Өзү кезинде “Жаш кыял” тобун чыгарган, “Биз”, “Эламан”, “Кыз-Бурак” топтору менен иштешип жүргөн. 20 жылдан ашык Ош драма театрынын директору болуп турду. Абдан күчтүү менеджер. Менин чыгармачылыгым – бул жолдошум экөөбүз түптөгөн жемиш. Азыр ошол үй-бүлөлүк бизнесибиз менен алекпиз. Алыска чыксам дайыма жанымда, колдоочум, коргоочум, айдоочум дегендей. Менин карьерам үчүн өзүнүн жумушун курмандыкка чалып баш-оту менен менин чыгармачылыгымды колдоп жүрөт. Ал жанымда болсо өзүмдү коопсуз сезем. Сахна артында толтура түйшүк бар, техника иштери, концерт уюштуруу, баары жолдошумдун жоопкерчилигинде. Анын баарын жалгыз кылсам жинди болуп кетмекмин. Сахнага жаркырап чыгып ырдап койсом “Оо, Самара кыйын” дешет да, артындагы түйшүктүн көбү Асан акенин моюнунда экенин билишпейт (күлүп). Менин чыгармачылыгымдан сырткары жолдошумдун бизнестери бар, албетте, айылда алма бактарыбыз, чайканабыз бар. Өзүмдүн кийим саткан дүкөнүмдү да жолдошум ачып берген. Анча-мынча алтын зер буюмдарды сатып иштеп жатам, социалдык баракчалардагы жарнамалардан түшөт.

– Үй-бүлөлүк бюджетти ким кармайт сиздерде?

– Жолдошум кармайт, анткени эркек киши кармаганы берекелүү болот деп ойлойм. Анан бизде “менин акчам, сенин акчаң, менин тууганым, сенин тууганың” деген бөлүнүү жок. Дайыма биз деп айтабыз. Мына ошол “биз” деп бири-бирибизди түшүнүшкөнүбүз үчүн да 13 жылдан бери ынтымакта жашап келе жатсак керек. Үй-бүлө деген куштун эки канатындай да, меники, сеники деп башталганда эле көп уруш-талаш, интрига, көңүл калуулар болуп кетет экен. Ашыкча кызганыч, көзөмөл да адамды өстүрбөйт. Мен, мисалы, Аскемди кызганбайм, ага ишенем. Аскем өзү сулуу кыздарды жакшы көрөт, аларга “сулуусуң, жакшынакайсың” деп комплимент айтат. Аны туура эле кабыл алам.

– Өзгөчө күйөрмандарыңыз тууралуу сурагым келип турат. Инстаграмдагы окурмандарыңыз жеке жашооңузга байланыштуу көп суроолорду бергенин байкап калам?

– Ооба, мен окурмандарымды абдан сыйлайм, биз бир чоң үй-бүлө болуп калдык. Өткөндө бирөө жолугуп балдарымды, апамды, атамды баарын сурап чыкты, баламдын мектебин, эжейлерин, ата-энемдин атынан бери билет экен. Ичимден “Баткендеги алысыраак туугандарыбыздан окшойт, “сиз ким элеңиз?” деп сурап ыңгайсыз абалга салбайын” деп “ии” деп эле сүйлөшүп келе жатам. Мен жөнүндө аябай көп нерсе билет экен. Коштошордо “мен сиздин Инстаграмдагы окурманыңызмын” деп жатпайбы боорду эзип. Айтор, өзүм да боорум эзилгиче күлдүм. Ошто 21 күн концерт бергенде бир күйөрманым 21 күн тең концертиме келиптир. Аягында термоско чайын, жегенге шам-шумун кошо көтөрүп келип калган да (күлүп).

– Акыркы учурларда өлкөдө аялдарга зордук-зомбулук күчөп жаткандай. Ушул көйгөй боюнча оюңузду уккум келип жатат?

– Өзүмдүн мисалымда айтсам, мен өмүрүмдө атамдын апамды уруп-согуп, сөккөнүн көргөн эмесмин. Апам да атамды сыйлап “атасы” деп кайрылчу, атам кыздарын, өзгөчө мени өтө жакшы көрөт эле, чоңойгуча эле жонуна көтөрүп жүрдү. Кызым Даткайым да ошондой, “жаным атам” деп эркелетсе киши жанына тура албайт элжиреп. Өткөндө тойдо “менин атам эң жакшы адам” деп ырдаса бир толкунданам, көзүмө жаш тегеренип. Кыз кишилер биз биринчи сүйүүнү аталарыбыз аркылуу тааныйт экенбиз да. Ошол үчүн да көзүмө бардык эркектер атамдай жакшы көрүнө берчү. Эркектерди жек көргөн кыздар, балким, атасы тарабынан сүйүлбөй калышкандыр. Ошондуктан бардык мырзаларга кыздарыңарды сүйгүлө, мээрим бергиле, эркелетип, көкөлөткүлө деп айтат элем. Зомбулукту көрүп чоңойгон бала кийин өзү зомбулук көрүп калышы мүмкүн. Андыктан бала тарбиясына, дегеле үй-бүлө баалуулуктарына аяр мамиле кылсак деген тилек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан