СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Амантур Жумаев бокс боюнча дүйнө чемпиону аталды

Армениянын борбору Ераван шаарында 24-ноябрдан 5-декабрга чейин бокс боюнча жеткинчектер арасында дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Бул мелдешке катышкан 6 спортчубуздун ичинен бири алтын, бири коло байгеге ээ болду. 52 килограмм салмакка чейин Амантур Жумаев Дүйнө чемпиону аталса, 57 килограмм салмакка чейин Дилербек Садиров коло тагынды. Дүйнө чемпиондугуна 60ка жакын мамлекеттен 600дөн ашык спортчу катышты. Амантур Жумаев ага чейин
21-октябрь-4ноябрь аралыгында Астанада өткөн Азия чемпиондугунда да алтын медаль уткан.

Супермодель Жизель Бюндхен жиу-житсу боюнча сыя-көк курдун ээси болду

43 жаштагы бразилиялык супермодель Жизель Бюндхен эми спортто ийгилик жаратууда. Ал уулу менен кызын жиу-житсуга алып келип жатып, бул спорттун түрүнө өзү да кызыгып калган айтат. Балдары менен кошо машыгууга бара баштаган модель жакында өз баракчасына сыя-көк курдун ээси болгонун жарыялады. Бул анын жиу-житсу боюнча ортонку деңгээлге көтөрүлгөнүн кабарлайт.

Бюндхен жашына карабастан идеалдуу дене түзүлүшүнө ээ белгилүү моделдердин бири. Формасын сактап жүрүүнүн сыры спорт менен “дос” болуп, туура тамактанууда экенин баса белгилеп айтып келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан