ВРАЧТАР КАБЫЛГАН ӨЗГӨЧӨ ОКУЯЛАР

Дагыгерлик татаал гана эмес, кызыктуу да жумуш. Бейтаптын абалын жакшыртып, өмүрүнө өмүр улаганы үчүн алкыш угушат. Далай көз жашты, кубанычты көрүшөт. Кээде жеме да угушары белгилүү. Бул жолу врачтар кабылган өзгөчө окуяларга орун бердик.

Мамбет Мамакеев, хирург: “Хирургду өлтүрөбүз деп бейтаптын жакындары оорукананы түп көтөрүшкөн”

– Мындан 65 жыл мурун, мен ординатор болуп жүргөн кез. Биздин ооруканага билим берүү министринин Мусакунов деген орун басары аппендицит оорусу менен түштү. Ага Михайленко деген хирург операция жасады, бирок бейтап каза болуп калды. Ошондо 25-30 чакты адам “Михайленкону өлтүрөбүз” деп кирип келишти. Бири таяк, бири бычак көтөрүп алган. Шаштыбыз кетип хирургду Ахунбаев клиникасынын дааратканасына жашырып, эшигин сыртынан кулпулап аман алып калганбыз. Тигилер бардык кабатты кыдырып, тинтип хирургду таппай калышты. Жашырбасак ачууга алдырып тургандар хирургду өлтүрүп салышы мүмкүн эле. Михайленкону башка ооруканга жашыруун которуп, бизде иштеп жаткан туугандарын да иштен бошотуп, араң кутулганбыз тигилерден.

Көп жыл мурун ооруканага 35 жаштагы немис аялды алып келишти. Күйөөсү менен ажырашып кеткен аял экен. Күйөөсү “жарашалы” деп бара берип тажатыптыр. Бир күнү да барса аялы үйгө киргизбей коёт. Ызырынган күйөөсү таң аткыча сыртта күтүп отурат да, аялы сыртка чыкканда кармап алып, 11 жерине бычак саят. Үйүнө боору менен сойлоп кирген аял “баары бир өлөм го, биротоло тындым болоюн” деп мылтык менен өзүн-өзү оозго атат. Бизге “Тез жардам” менен келгенде кызыл-жаян кандан өң-түсү көрүнбөйт. Көрөр күнү бар экен, этап-этап менен операция жасап отуруп айыктырдык. Кийин ыраазычылыгын айтып көпкө чейин кат жазып жүрдү.

Бир жолу атактуу башкармага операция жасадым. Салмагы 140 килограмм эле, өтө семиз экен. Денесин кескенде казысы 5 эли экенин көрдүк. Майы эрип, кесилген жери бүтпөй, бир топ ыкмаларга салып эптеп айыктыргам.

Талант Өмүрбеков, балдар хирургу:“Врачтык тажрыйбамда андайды биринчи көрүшүм”

– Бир топ жыл мурун Кара-Балтадан жаңы туулган ымыркайды алып келишти. Аны көргөндө башымдан ылдый бирөө суу куюп жибергендей болду. Врачтык тажрыйбамда көптөгөн окуяларга туш болсом да, андайды биринчи жолу көрүшүм эле. Ымыркайдын баш сөөгү жок экен, мээси ачык жүрөт. Апасы боздоп ыйлайт, бир нерсе кыла көрүңүз деп. Медицина адамдын башына баш сөөк өстүргөн деңгээлге жете электигин айтып түшүндүрдүм. Баланы кайра алып кетишти, көп өтпөй чарчап калды, сыягы.

Гүлжигит Аалиев, хирург: “Колу-бутсуз калган жигит өзүн уу берип өлтүрүүнү суранган”

– Анда СССР кези болчу. Ооган согушу жүрүп жаткан маалда мен Ташкенттеги аскер госпиталында иштеп калдым. Союздун курамына кирген өлкөлөрдүн жоокерлери интернационалдык милдетин аткарып жатышты. Согуш деген согуш. Миналардын жарылуусунан, гранатомёт, пулемёт, автоматтын огунан дегендей колу, буту үзүлгөндөр, ичегиси чубалгандар, айтор ар кандай жаракат алгандар түшүп жатты. Бир күнү минанын жарылуусунан 2 колу, 2 буту үзүлүп кеткен, эсин жоготкон, канга чыланган чырактай жаш баланы алып келишти. Аны көрүп катуу сестендим, абалы өтө аянычтуу эле. Гангрена болбошу үчүн үзүлгөн жерлеринен өйдөрөөгүнөн кесип салдык эле, томурайып эле калды байкуш. 3-4 күндөн кийин өзүнө келип, эмне болгонун түшүнө албай көпкө жатты. Акыры түшүндү да, катуу стресске түштү. Анан бизге “ушул кебетем менен кимге керегим бар? Кантип жашайм? Сиздерге доом жок, мага уу берип эле өлтүрүп салгылачы?” деп буркурап ыйлап, абдан суранды. Биз эптеп психолог таап, аны менен сүйлөштүрүп, жубаттык. Кийин туулган жерине кеттиби, эмне болду билбей калдым.

Сабыр Жумабеков, ортопед: “Операцияда бейтапка өз канымды куйдуруп...”

– 2013-жыл болчу. Бир күнү кан борбору “кан жок” деп ооруканаларга кан бербей койду. Ошол күнү курулушта иштеп жатып 9-кабаттан кулаган жигитти алып келишти. Омурткалары талкаланып, кан тамырлары үзүлүп кетиптир. Бизге алып келгиче эле көп кан жоготкондуктан операция жарымдаганда кан басымы түшүп, пульсу жоголуп, моюндагы уйку артериясы иштебей калды. Шашылыш кан куйбасак өлүп калат. Эмне кылыш керек? Канынын тобу I экен. Менин да каным ошол топто болгондуктан “дароо менин канымды түз куйгула” дедим. Хирургдар убак-убагы менен текшерилүүдөн өтүп турабыз да. 2 апта мурун канымды текшертсем таза чыккан эле. Кан куюла баштаганда күрөө тамыры кага баштады. Ошентип жигитти аман алып калдык. Буту, жүлүндөрү иштеп, басып кетти. Рахматын айтып, “эми каныбыз бир, бир тууган болуп калдык” деп күлгөн.

Миталип Мамытов, нейрохирург: “Мээсиндеги шишик муштумдай болгуча билген эмес”

– Мындан 2 жыл мурун 30 жаштагы жигиттин мээсине операция жасадык. Кара куш тараптан чоңдугу 4 жумурткага барабар шишикти алып чыктык. Негизи андай терең тараптагы шишикти алып чыгуу өтө кыйын. Тобокелге салып, тажрыйбага таяндык. Жигитке “мындай шишик менен кантип жашап жүрдүң?” десек, билген эмесмин дейт. Байкабай жүрө берип, качан гана башы айланып, катуу оорутуп басылбай, убак-убагы менен эсин жогото баштаганда келиптир. Дарыланып жакшы болуп кетти.

Болот Иманов, хирург: “Ошондо врачтар баарыбыз ыйлаганбыз...”

– Бир топ жыл мурун жайында Бишкектен мөлтүрөгөн окуучу баланы алып келишти. Айнеги сынып, ортосу оюлуп калган терезеден балдар ары-бери секирип ойношчу экен. Аларды көрүп тиги да секирем деп айнекке ичи менен сайылып калыптыр. Ичтен кан көп кетиптир. Операция жасадык, бирок аман алып кала алган жокпуз. Ошондо бөлүмдөгү дарыгерлер, баарыбыз ыйлаганбыз.

Асылбай Базакечев, күйүк хирургу: “Дааратканадан көчүгү күйүп чыгыптыр”

– Бизге бети-башы, каш, кирпиги күйгөн бир эркек түшкөн. Көрсө, ал унаасынын багында канча бензин калганын көрөм деп ширеңке чагыптыр. Ошондо бензин “лап” этип өрттөнүп, тигил киши да күйүп калган. Эсинен танган абалында алып келишти. Дарылап, кийин пластикалык операцияга барасың деп кетиргенбиз.

Мурун мындай бир окуя болгон экен. Бир киши темир тетиктерди бензинби же керосинби, айтор, бири менен жууп-тазалап, анан калдыгын дааратканасына куят. Анан өзү ал жакка барып отурат да, тамеки чегип, бөчөгүн тешикке таштайт. Ошентип көчүгүн күйгүзүп, ооруканага келиптир.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан