ДЕНЕДЕГИ “БӨТӨН” КЛЕТКАЛАР

Кыргызда “каны тартат”, “эне алыстагы баласынын абалын жүрөгү менен сезет” деген сөздөр бекер айтылбайт, сыягы. Анткени балада энесинин, бир туугандарынын да клеткалары жашайт. Андай бөтөн клеткалар илимде “микрохимерлер” деп аталат. Алар энеден балага, баладан энеге жана бир туугандарга кантип өтөт? Пайдасы, зыяны эмнеде? Илимий изилдөөлөргө үңүлүп көрөлү.

Микрохимерлер – сиздеги бөтөн клеткалар

Чоң адамдын организми орточо алганда 30 триллион клеткадан турат. Ар бир миллион клеткага болжол менен 1 бөтөн клетка туура келет. Андай бөтөн клеткалар – “химерлер” өтө кичине жана аз санда болгондуктан “микро” деген сөз кошулат. Илимде бул сырдуу көрүнүш “микрохимеризм” термини менен аталат. Эмне үчүн химерлер? Байыркы гректердин уламышы боюнча, химера – бул башы, моюну арстандыкындай, денеси эчкиникиндей, куйругу жыландыкындай болгон, оозунан өрт бүрккөн, эч кимден жана эч нерседен жеңилбеген жаныбар. Бир организмде 3 жаныбардын денеси жашайт. Ошондуктан адам организминдеги чоочун клеткалар да химерага салыштырылган.

Клеткалар энеден балага, баладан энеге кантип өтөт?

Микрохимеризмдин бир нече түрү бар.

Мисалы, феталдык (түйүлдүк) микрохимеризм. Феталдык микрохимеризм – түйүлдүктүн эмбрион кезиндеги клеткаларынын эненин организмине өтүшү. Түйүлдүк энесинен керектүү кычкылтекти, азык-затты өзүнүн тону аркылуу алары маалым. Бирок тон түйүлдүк жаралгандан кийинки 3-аптада пайда болот. Ага чейин эмбрион кычкылтекти жана азык-затты кайдан алат? Бойго бүткөндөн тартып 6-8 күн болду дегенде эмбрион өтө кичинекей тоголок тамчы канды элестетет жана өлчөмү 0,2-0,4 миллиметрди түзөт. Ушул аралыкта ал өзүнүн сырткы кабыкчасынын түкчөлөрү менен жатынга бекем жармашат. Жармашат да ошол туштагы жатындын кан тамырынын капталын эритип жиберет. Чекиттен да бир топ эсе кичинекей эриген жерден жыбылжып агып турчу кан эмбрионду чулгап, түкчөлөрүнүн араларын жууп, түйүлдүктү кычкылтек, азык-зат менен камсыз кылып турат. Ал кан кайра түйүлдүктөгү көмүр кычкыл газын чогултуп венага куюп, анан эненин канына кошулуп турат.

Жүрөк каккан сайын түйүлдүктү курчап турган канда айлампа жаралат. Ошондой чанда бир учурда эмбриондун түкчөлөрүндөгү айрым клеткалар кокустан жулунуп, эненин канына кошулуп кетет. Кан менен барып аялдын тигил же бул органдарындагы капиллярдык кан тамырына токтоп, кан тамырдагы азык-заттар менен азыктанып жашоосун уланта берет. Ошентип тон жаралгыча энеге түйүлдүктүн канча бир клеткалары өтүп кетет. Феталдык микрохимеризм деген ушул.

Энелик микрохимеризм

Энелик микрохимеризм – биздин организмибизде түйүлдүк кезибизде энеден алган клеткалардын жашашы. Апабыз болсо андай клеткаларды түйүлдүк кезинде кан аркылуу өз энесинен алган. Таенебиз болсо өз апасынан... Ошентип апабыздын канында апа жактан тегибиздин кан клеткалары болгондуктан алар канча бир санда бизге апабыздын каны аркылуу өткөн.

Апабызда мындан тышкары боюнда көтөргөн бардык түйүлдүктөрдүн клеткалары жашайт. Анткени ал түйүлдүктөр кийин бала болуп туулганына, же туула электе аборттун курмандыгы болуп кеткенине же ичтен өлүп калганына карабай алардын эмбрион кезиндеги айрым клеткалары апабызга өтөт. Анан алардын канча бир бөлүгү бизге апабыздын каны аркылуу өттү. Демек, тун балада гана кичүү бир туугандарынын каны болбойт. Эгер үйдө 4-бала болсоңуз, сизде улуу бир туугандарыңыздын баарынын канча бир пайызда клеткалары жашап жатат.

Ошентип ар бир адам апасынын, апа тараптан тегинин, өзүнөн улуу ага, эжелеринин клеткаларын алып жүрөт.

Микрохимерлер боор, жүрөк, эмчек, сөөк, калкан сымал без жана башка органдарда кездешет.

Энелик туюм

Жогоруда айткандай, эненин жана улуу бир туугандарынын клеткалары балада, баланыкы энеде болот. Минтип баарын байланыштырып турган клеткалар ДНКга гана ээ болбостон, бири-бирине тартылып турчу да касиетке ээ болушу мүмкүн дешет айрым окумуштуулар.

Ошондуктан эне алыстагы уулу же кызы жакшылыкка же жамандыкка кабылганын, ооруп калганын ички туюму менен сезип турат окшобойбу. Бир туугандар, айрыкча эгиздер бири-бирине өзгөчө жакын болуп, боор тартып турушу да ушундан болушу мүмкүн дешет илимпоздор.

Дагы башка түрлөрү

Эгиздерде. Бир тондо же 2 тондо жатканына карабай алардын канча бир сандагы микрохимер клеткалары да эмбрион кезинде бири-бирине кан аркылуу өтүп кетет.

Трансплантациялык. Адамга башка адамдын каны куюлса, же кайсы бир органы көчүрүлүп жамалса да адам чоочун клеткаларга ээ болот.

Пайдасы барбы же...

Бул боюнча так аныктама жок, анткени бул нерсе аягына чейин, так изилденип бүтө элек. Бирок аздыр-көптүр гипотезалар бар. АКШ, Европа, Япония, Орусиянын окумуштууларынын айткандарын жалпылап берсек мындай: Микрохимер клеткалары адамга пайдасын да, терс таасирин да тийгизиши мүмкүн. Ээсинин өз клеткаларынан азык-затты талашып, атаандаш болушу ыктымал. Ал тургай өздөрүн “кожоюн” сезип, ээсинин клеткаларына каршы чабуул жасап, өлтүрүүгө өтүшү, ушундан улам иммунитет жаңылыштыгы келип чыгуусу мүмкүн деген көз караш бар. Иммунитеттин жаңылыштыгынан бөрү жатыш, ревмотоиддүү артрит сыяктуу оорулар пайда болот. Демек, жогоруда аталган аутоиммундук дарттардын жаралышынын бир себеби микрохимерлер болушу мүмкүн.

Америкалык окумуштуулар жүрөгүнөн операция болуп, ошондой эле операция ыкмасы менен төрөп, жарааты бат бүткөн аялдардын кесилген жерлеринен көптөгөн микрохимер клеткаларын табышкан. Ал эми жарааты кеч бүткөн аялдарда алардын саны аз болгон. Ушундан улам алар жаранын тез бүтүшүнө салым кошушат окшойт деп жоромол кылышкан. Ал эми эмчек жана калкан сымал безинин рагынан жабыркаган аялдардын эмчек жана калкан сымал бездеринен андай клеткалардын саны төрөбөгөн аялдарга салыштырмалуу көп болуп чыккан. Мунун жандырмагын таба алышпай, микрохимер клеткалары агрессивдүү болуп кетип, рактын жаратышына кайсы бир себептер таасир этет окшойт дешкен.

Аутоиммундук дарттар эркектерде жана төрөбөгөн аялдарга салыштырмалуу төрөгөн аялдарда көп жолугат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан