Курсанали Бакыев, Баткен окуясында майып болгон жигит: “БУТУМ ИШТЕБЕСЕ ДА, КОЛУМ ИШТЕЙТ, ӨКҮНҮЧҮМ ЖОК”

Каарманыбыз 29 жаштагы Курсанали Бакыевге 2021-жылкы Баткен окуясында ок тийген. Ошондон кийин баса албай, 2,5 жылдан бери майыптар арабасында жүрөт. Ага карабай тиричилик агымынан четтеп калган жок. Устачылык кылып, үй-бүлөсүн багып жаткан учуру. Бизди Курсанали мырзанын оптимисттик маанайы суктандырды. “Кудайга шүгүр, бутум иштебесе да колум ишейт. Үй-бүлөмдү бакканга кудуретим жетет” дейт ал. Алты саны аман туруп элден жардам үмүт кылган айрым жарандарга Курсанали мырзанын жашоо образы үлгү болчудай.

“Белим тыз дей түштү, өзүмө келсем бутум иштебей калыптыр”

– 1994-жылы Баткен районунун Бужум айылында төрөлүп өстүм. Кесибим электрик. 6-7 жыл ширетүүчү болуп иштедим. Азыркы тапта жашоомду Баткен окуясына чейинки жана андан кийинки деп экиге бөлүп карайм. Анткени ошол каргашалуу окуядан кийин ой-кыялдарым түп тамыры менен өзгөрдү. Мени майып кылган каргашалуу күн алиге дейре көз алдымда, кечээ эле болгонсуп элестей берет. 2021-жылдын 29-апрели болчу, “тажиктер кол салып кириптир” деп эл уу-дуу түшүп калды. Биздин айылдагы балдар да “чогуу баралы, жардам берели” деп айылдагы башка балдарды чогултуп жатышты, кээ бири кол салуу башталганын укканда эле жөнөп кетишкен экен. Биз досум экөөбүз түшкө жакын окуянын очогу болгон жерге келдик. Аскерлердин заставасына кирсек, алар тажик тараптагылар менен аткылашып жатышыптыр. Биз аларга унаа менен ок-дарыларын ташып жардам берип жүргөнбүз. Бир убакта дөң тараптан тажик аскери аткылай баштады, унаа менен жетип барып артынан кармайлы деп дөңгө чыкканбыз. Ошол маалда белиме “тыз” деп бир нерсе тийгендей болду. Ызы-чуу, баш аламан учурда ок тийгенин деле билген жокмун. Шалак деп эле жатып калдым. Канча бир саамга эс-учумду жоготтум, көзүмдү ачсам бел жагым кыймылдап жатат, бутум иштебей калыптыр ошондо эле.

“Келмеңди айт дешкенде, өлөт деген ушул окшойт дедим”

– Аскерлер мени БТРге салып ылдыйга алып түшүштү. Заставада мени Спринтергеби же “Тез жардам” унаасынабы салып жатышканын элес-булас билем. Көп адамдар мени тегеректеп турушкан, бирөөсү мага “келме келтир, келмени айт” деп жатканы эсимде. Ошондо “өлөт деген ушул окшойт, чын эле өлүп баратамбы” деп ойлоп келмемди кайталадым. Ичер суум түгөнбөптүр, аман калдым. Дарыгерлер башында “убакыт керек, калыбыңа келесиң” дешкен. Тилекке каршы, ок бел омурткамдын нервдерине тийгендиктен бутум мындан ары баспайт экен. Учурда азыркы абалымды кабыл алып, Кудайдын берген сыноосу ушул экен деп жашоомду улантып жатам. Эч кандай өкүнүчүм жок. Согушка катышпай, кетип калууга деле мүмкүнчүлүк бар эле, бирок кете алган жокмун. Мекенчилдик, эл-жерди коргоо сезими баарынан бийик турду. Арабада жүргөнүм эле болбосо, акыл-эсим жайында, колумдан баары келет, жашоом эл катары эле өтүп жатат.

“Ооруканадагы азаптуу күндөрдү эстегим келбейт”

– Атам колунан көөрү төгүлгөн уста киши. Мен кичинемден атамдан устачылыкты үйрөнүп ар кимге жардамчы болуп иштеп жүргөм. Бишкекте жогорку окуу жайда окуп жүргөндө да окуудан сырткары эмерек чыгарган ишканаларда иштейт элем. Айтор, ата-энем бизди кичинебизден эмгекке бышырып өстүргөн экен, ошонусуна ыраазымын. Мен кырсыктап калгандан кийин өзүмдүн үй-бүлөм, ата-энем баары Бишкекке келишкен. Такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, 5-6 ай реабилитациялык борбордо жатып калдым, мени жакындарым карашты. Азыр үй-бүлөбүз менен батирде турабыз. Жакында эле ушул жерди (ред.: Арча-Бешик конушундагы чакан ишкананы) ижарага алып, курулушка керектүү темир жабдыктарды жасап баштадым. Дарбаза, араба, балдар аянтчаларына ылайыктуу отургучтарды жасайбыз. Мындан 7 жыл мурун, окууну жаңы аяктаганда, үйлөнгөм. Келинчегим экөөбүздүн 2 балабыз бар. Баткен окуясында жарадар болгонумда, экинчи баламдын төрөлгөнүнө 15 гана күн болгон эле. Келинчегим башынан аябай көп кыйынчылык өткөрдү менин айымдан. Ата-энем Орусияда иштечү, алар да кайтып келишти, ата-энемди да көп түйшүккө салып койдум. Ата-энем, бир туугандарыма, келинчегиме, айтор, баарына ыраазымын. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатсам дарыгерлер “ата-энең, келинчегиң келди” дешсе аларды аябай көргүм келип, сүйлөшкүм келип кусаландым. Анткени эртеден-кечке жалгыз жатып, бирөө менен сүйлөшүп отурууга зар болот экенсиң. Белимден жараат алгандыктан кыймылсыз түптүз асманды тиктеп жатып далай кунарсыз күндөрдү өткөрдүм, ал азаптуу күндөрдү азыр эстегим да келбейт.

“Убагында элден жардам алып жүргөм, эми жардам бергим келет”

– Мен кырсыктап дарыланып жүргөндө эл мага акча чогултуп берип Түркияга барып дарыланып келгем. “Алган колдон берген кол артык” деп айтылат эмеспи. Убагында элден жардам алып жүрсөм, эми элге мен жардам бергим келет. Мага жардам бергиси келгендер мен жасаган буюмдарды сатып алып турушса, мына ошол аракети деле чоң жардам болот. Кыялым – жардам ала турган эмес, жардам бере турган адам болуу. Мамлекет тараптан берилген жардамга деле шүгүр, майыптыгым боюнча жөлөкпулдун үстүнө Баткен окуяларына катышканың үчүн деп дагы 3700 сом кошуп беришти. Айына 11 500 сом алып турам баарын кошкондо.

“Баткендин эли тынч жашоону сагынды”

– Баткен окуяларына чейин үй салып баштаган элем. Пайдубалын түптөп, дубалын тургузабыз деп усталарды сүйлөшүп жатканда кырсыктап калып, ал иштин баары бүтпөй калды. Эми Бишкектен үй сатып алсакпы деп аракет кылып жатабыз. Анткени балдарым бул жакка көнүп калышты, менин да такай дарыланып турушум үчүн Бишкек ыңгайлуу болуп жатат. Бизде азыр үй маселеси абдан курч көйгөй, мамлекет биздей карапайымдарга жеңилдетилген шарт менен ипотекага үйлөрдү берсе акырын кыбырап иштеп төлөй берет элек. Мен унаа дагы айдайм, унаанын газ жана тормозунун педалын атам атайын рулдун жанына орнотуп берген. Күндө жумушка өзүм келип-кетем. Тилегим – эл-журт тынчтыкта жашаса экен. Баткенге улам-улам кол салуу боло берип, эл деле тынчтыкты, бейпил турмушту сагынды. Көбү заарканып калышты. Мындан ары чек арабыз такталып, талашыбыз чечилип, элдин тынч жашоосун эч ким бузбаса экен деп тиленем.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан