ЖОГОЛГОН ЖЫЛДАР...(Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Дайыр апасына, атасына 2-3 жолу телефон чалды эле, экөө тең тутканы албады. Шаштысы кетип калды. Алтынайдын алдында өзүн ыңгайсыз сезбеш үчүн официантты ары жакка тартып кетти.

– Сизден суранам, биз отурган столго эсепти төлө деп барбай туруңузчу. Өзүм төлөйм. Бир аз катачылык болуп жатат банктык картамда.

– Макул, байке, бирок кетип калабыз деп ойлобоңуз.

– Жок, андайлардан эмеспиз. Төлөйм сөзсүз.

– Аланчик,- Дайыр сыр билгизбей барып Алтынайдын жанына отуруп уулу менен сүйлөшүп калды.

– Дайыр, баланы ойноткону алып баралыбы?

– Ооба,- Дайыр чалуу келип жаткан телефонун чөнтөгүнөн алып чыкты.

– Атам чалып жатат, сүйлөшүп коёюнчу, деп сыртка чыгып кетти.

– Ассалом алейкум, ата.

– Учурашып калгансыңбы?

– Ата, сизден суранайын. Мага акча керек болуп жатат.

– Сен өзү жөн-жай, ден соолук сурап чаласыңбы? Качан болсо акча сурап эле басып жүрөсүң.

– Ата, бүгүн өтө керек болуп жатат.

– Дагы эмне болуп кетти. Эмне картаңда акчаң жокпу?

– Карталарымды жаптырып салыптыр.

– Ким?

– Сиз болбосоңуз, анда апам.

– Өзүң иштеп акча тап анда. Бизди эле карап отура бересиңби?- атасы тутканы коюп салды. Дайыр кайра чалды.

– Эй, сен түшүнөсүңбү?

– Ата, суранам. Бир эле жолу. Бүгүн Аланды Алтынайга кошо ойноткону алып келгем. Кечээ алардыкында калган элем. Азыр аларды тамактандырганы алып кирип, ресторанда эсепти төлөй албай отурам. Эптеп көндүрүп ээрчитип чыктым эле. Азыр акчам жок экенин билсе капа болот,- Дайыр атасына баарын айтып жетишти.

– Ой, сен Аланга бардыңбы? Аланды мага дагы алып келип кетчи,- атасынын кубанып кеткени сөзүнөн байкалды.

– Макул, ата, Алтынайга айтайын.

– Дарегиңди айт, айдоочум сага барат. Акча берип жиберем. Ресторандан чыгып, дароо эле менин кеңсеме келгиле. Неберемди бир жыттатып алып анан ойноткону алып кеткиле.

– Макул, ата, рахмат сизге. Даректи сизге жазып жибердим.

“Эх, атам, канча тажатсам дагы баары бир баш тартпайсыз. Сиздер бар мен жокчулук эмне экенин билбей жүрөм да” деп башын чайкап өзүнчө сүйлөнө ичкериге кирип кетти. Кирип баратып официантка десерт буюртма берди.

– Байке, сиз...

– Сарсанаа болбо азыр акча келет. Ага чейин таттуу жеп туралы билгизбей. Эсепти ашыгы менен төлөйм,- деп күлүп койду.

– Болуптур, сиз бара бериңиз, дароо алып барып калам,- деп жылмайып калды официант. Көбүрөөк чайлык акча таштаарынан үмүт кыла.

– Эмне болдуң, чыгалыбы? Алан бул жактын оюн залында эле ойноп алмай болду,- деп жылмая сүйлөдү.

– Азыр мен таттууларды буюртма кылып койдум. Анан дагы атам айдоочусун жиберди, Аланды сагындым, алып келчи деп жатат, алпарып коёлу макул элесиң да? Сага айтпай эле шашып кетип макул деп коюптурмун,- ыңгайсыздана сүйлөдү.

– Мейли анда, Алан дагы атамды көптөн бери көрө элек. Алпарса алпаралы, сагынычтарын таркатып алышсын.

Көп өтпөй атасынын айдоочусу келди. Алтынай Аланды алып келгени кеткен учурдан пайдаланып, айдоочудан акча алып, эсепти төлөдү Дайыр.

– Баланы сен эле алып кир, мен сыртта күтүп турайын,- деди Алтынай атасынын кеңсесине келгенде.

– Жок, апа, бас, сени менен барам. Болбосо сенин жаныңда калам,- деп уулу көнбөй койду. Үчөө чогуу кирмей болушту ошентип. Алан экөөнүн колун бекем кармап тепкичтерден секирип ойноп баратты.

Көп кабаттуу имараттын айнегинен сыртта келе жаткан небересин көрүп чоң атанын эт жүрөгү элжиреп кетти. “Бала – көпүрө деген ушул тура, садагаң болоюн, экөөнү жетелештирип койгонунан” деп уул-келинин бирге көргөнгө дагы кубанып алды.

– Тоо ата,- деп эркелей Алан кирип келди.

– Оо, садагаң болоюн арстаным, мени тааныбай калды го деп ойлоп чочулап жаткан элем, чоң атаңды ыйлатып жибере жаздадың го,- деген киши небересинен айланып-кагылып өпкүлөп жатты. Аңгыча сырттан чоң куту көтөрүп бир жигит кирип келип, кишинин колуна карматты.

– Мына, арстаным, сага белек алдырдым.

– Апа, карачы, көтөр муну, тоо атам мага берди,- деп бала апасын көздөй чуркады.

– Чоң атаңа рахмат де,- деп Алтынай күлүп кутуну колуна алды.

– Тоо ата, рахмат,- бала жүгүрүп келип бойтойгон колдору менен чоң атасынын бутун кучактап калды... Кайра кутуга чуркап, кубанычы коюнуна батпай жатты баланын.

– Ата, уруксат берсеңиз биз чыгалы, Аланды ойнотобуз деп жатпадым беле,- деп Дайыр атасына жакын келип Аланды колдон алды.

– Ура-а, тоо ата, биз ойнойбуз,- бала кудуңдап эшикти көздөй жүгүрдү.

– Алтынай, кызым, келчи бери,- акча сунду.

– Жок, ата, рахмат, жөн эле коюңуз,- деди Алтынай тартына.

– Жөн эле койчу беле, сени келет деп атайын даярдап койгом, алагой, кызым,- деп башын ийкеди ыраазы болгонун билдиргендей.

xxx

Ася баягы Жакыповго байланышып, жаш кызды жарнамалай баштады.

– Бизде баары мурдагыдай эмес, ВИП бөлмө жасадык. Жапжаш, чырайлуу, эч кимдин колу тие элек кыз бар. Биринчи болуп сага айтып жатам.

– Аның анан чындап эле тазабы?

– Баары текшерилген, эч кам санабай эле кой. Кепилдик берем.

– Анда бүгүн кечкиге даярдай бер.

– Жарайт, шеф,- Ася телефонду өчүрүп даярдыкка киришти.

– Гуля, тиги кызыңды чакыр Жакыпов бүгүн кечинде келмей болду.

– Анан жакшылап эле соодалаштыңбы? Түзүгүрөөк акча иштеп алалы,- деди Гуля.

Болот, буюрса, андан көрө жакшылап кызды даярдайлы. Аның бир иштин үстүнөн чыкпасын.

Даярдык иши менен алпурушуп жатып бат эле кеч кирди, ансыз да экөө келди-кетти кишилер менен эсеп-кысап кылып жатып колдору деле бошобойт.

Айзада жасанып алып алдын ала дайындалган бөлмөгө кирип кетти. Аны ээрчий басып Ася кирди.

– Айзада, сен анын болгон чыргоолугуна чыдашың керек. Бүгүн көңүлүн таап алсаң, андан кийин ал сенин дайымкы кардарың болот.

– Макул, кабатыр болбоңуз. Мен бар күчүмдү жумшайм.

– Анда сен ушул бөлмөдө өзүңдү даярдап тур,- деп эшикти жаап чыгып кетти.

Эки жакты карады. Шектүү эч нерсе жок, столдун үстүндө 1 бөтөлкө суу турат. Айзада ага акырын бир дары кошуп, кайра капкагын бекем жапты. Ичинен “Жакыпов, сенин да бул дүйнө менен коштошор убактың келе жатат” деп мыйыгынан жылмайып койду.

– Келди, келди,- сырттагылар күбүр-шыбыр түшүп калышты. Жакыповдун бир жигити келип бөлмөнү тинтип, керебеттин астынан бери текшерип чыкты.

– Баары жайында,- деп чыгып кетти. Анан гана Жакыпов кирди. Колундагы кара сумкасын кире бериштеги столго койду. Кызды айланта карады.

– Кыз эр жүрөктөнүп Жакыповго бет келгени менен, ушул тапта коркуп турду. Анын коркунучун Жакыпов дагы сезди. Кыздын өң-келбетин жактырды, бирок аны кыйнап ишин бүтүрүүгө негедир дити барган жок. Ага кыздын тажрыйбасыз экени, каалоосунун жоктугу даана байкалып жатты.

– Суу ичесизби?- керебеттин этегинде отурган Жакыповго столдун үстүндө турган сууну алып сунду кыз.

– Рахмат,- бөтөлкөнү кармалап ары-бери колуна өткөрүп эрмектеп отурду Жакыпов.

Кыз болсо “бир эле ууртап койсо” деп ичинен чебелектеп жатты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан