Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: “ЖЕННИФЕР ЛОПЕСКЕ ОКШОШКУМ КЕЛЕТ”

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы бул жолу журналисттин эмес, балдардын суроолоруна жооп берди. Анын жаш күйөрмандары да көп экен, жагымдуу сөздөрүн айтып, кызыктуу суроолорду беришти. Гүлназ айым да балдардын дүйнөсүнө сүңгүп кирип, сонун жоопторду узатты.

Нурамина Мирбекова, 6 жашта:

– Гүлназ эже, сиз эмнелерди жакшы көрөсүз?

– Мен жашоону, жакын адамдарымды, айланамдагы бардык жакшы адамдарды, жаратылышты, кесибимди, кооз жерлерден чай ичкенди, адамдарга жардам бергенди, айтор, көп нерсени жакшы көрөм.

– Сизге кантип жолукса болот, дарегиңиз кандай?

– Дарегимди гезитке айтсам болбой калат. Аябай жолуккуң келип жатса, анда “Супер-Инфо” аркылуу байланышып жолуксак болот.

– Сиз манты жасаганды билесизби? Манты жасасаңыз мени конокко чакырат белеңиз?

– Манты жасаганды билем. Бирок көптөн бери жасай элекмин. Жасап калсам, буюрса, чакырам.

Адиль Нурсултан уулу, 8 жашта:

– Гүлназ эже, сиз менин жакшы көргөн ырчымсыз. Абдан сонун ырларды ырдайсыз. Менин да сиздей ырчы болгум келет, ырчы болуш үчүн кайсы сабактарды жакшы окуш керек?

– Жагымдуу, жылуу сөздөр үчүн чоң рахмат. Жаштын тилегин берет дейт. Азыр кандай тилек кылсаң, чоңойгондо сөзсүз ишке ашат. Менин да кичине кезимде ырчы болгум келчү, тиленчүмүн, минтип ырчы болуп калдым. Ырчы болосуңбу, башка кесиптин ээси болосуңбу, бардык сабактарды жакшы окушуң керек. Ал эми ырчы болуш үчүн атайын музыкалык мектептер бар. Ошол жактан окусаң болот.

– Концертиңизге барып көргөм, аябай сулуу экенсиз. Сиз өзүңүздү кимге окшоштурасыз?

– Концертиме келген экенсиң да ээ, сонун. Өзүмдү бирөөгө окшоштурбайм. Бирок кичинемден Гүлнур Сатылганованы жакшы көрүп, ага окшошкум келчү. Айрымдар ага окшош экенимди айтып калышат. Акыркы учурларда Кенже Дүйшеевага окшоштуруп жатышат. Экөө тең мен жакшы көргөн, сыйлаган эжелерим. Кийин 50-60ка чыкканда Женнифер Лопеске окшош болгум келет.

Нурай Асанкулова, 8 жашта:

– Гулназ эже, сиздин мага окшош кызыңыз барбы?

– Жок, Кудай буюрса, кыздуу болгонду да насип этсин. Азырынча кызым жок. Күйөөгө тийип калсам кыздуу болсом экен деп ниет кылам. Сонун суроо бериптирсиң, тыпылдаган сулуу кыргыздын кызы экенсиң.

– Сиз ырдап жатканда да күлөсүз го, ээ? Мага күлгөнүңүз жагат

– Мен уктап жатканда деле күлө берем (күлүп). Олуттуу болуп ырдасам маанайым жоктой көрүнүп калбайын деп күлүп ырдайм. Негизи эле күлүп жүрөм.

– Сиздин Гелендваген деген машинаңыз барбы?

– Жок, мен Гелендваген унаасын кыялданган эмесмин. Ал чоң, эркектер мине турган унаадай көрүнөт мага. Менин Тойота Камри деген унаам бар.

Эмирхан Абдырахманов, 5 жашта:

– Жаңы жылда Аяз атадан эмне сурайсыз?

– Жаңы жылда эле эмес, күндө Кудайдан мага керек нерселерди сурап турам. Быйыл күйөө сурасамбы деп ойлоп жатам.

– Мен бала бакчаны жаман көрөм, сиз бала бакчага бардыңыз беле?

– Ооба, бала бакчага баргам. Мен да жаман көрчүмүн. Айрыкча уктатканын жаман көрөсүңбү? Мен да уктатканын жаман көрчүмүн. Бирок кийин мектепке барганда бала бакчаны аябай сагынгам. Кийин өмүр бою бала бакчаны сагынасың. Ошон үчүн азыр жыргап ойноп, уктап ал, ээ, Эмирхан?

Байэл Ишенбаев, 10 жашта:

– Мектепте окуп жүргөнүңүздө кыздар, балдар менен мушташтыңыз беле?

– Ооба, мушташкам. Акыркы жолу 7-класста бир кыз менен мушташкам. Талаада уй кайтарып жүрсөм, уюм алардын эгин талаасына кирип кетиптир. Ошонун айынан тиги кыз экөөбүз мушташып кеткенбиз, мен аны уруп койгом.

– Кайсы сабакты жакшы көрүп, кайсынысын жаман көрчү элеңиз?

– Кыргыз тили, адабиятын жакшы көрчүмүн. Бул сабактан олимпиадага да катышчумун. Алгебра, геометрия да жакчу. Тарых, география, физика, химияны анча жактырчу эмесмин. Чоңойгондон кийин жакшы сабактар турбайбы деп кызыгып калдым. Анткени саякаттаганга тарых, географияны билгениң жакшы экен да, жакшы окуш керек тура. Азыр кызыгып, өздөштүрүп жатам.

Бектен Үсөнов, 10 жашта:

– Эртең менен турсаңыз 4-класстын окуучусу болуп калсаңыз эмне кылмаксыз?

– Анда аябай жакшы окумакмын. Биз мектепте окуган учурда силердин кездегидей шарт жок болчу, телефон, интернет жок эле. Эгер окуучу болуп калсам, анда жакшы окуп, интернеттен да көп нерсени үйрөнүп алмакмын.

– Мектепте бир кызды жакшы көрөм, кеңеш бериңизчи?

– Ананайын десе... Ар бир кыздын дайыма жанында жүргөн курбу кызы болот го. Ошол жанындагы кызга эле жакшы сүйлөп, жакшы мамиле кыла берсең, тиги кыз сени өзү жакшы көрүп калат. Себеби берки досу улам сени мактап айтып берет да.

Аделина Бакытбекова, 5 жашта:

– Апам кыз төрөсө сиздин атынызды коёбуз. Атам жакшы көрөт да.

– Ананайын, тилегиңерди берсин. Апаң чын эле кыз төрөп, ысымын менин атымдан койсо, мага сөзсүз байланышка чыккыла. Белегимди көтөрүп барып Гүлназды көрүп келем.

– Чоңойгондо бардык кыздар сулуу болушабы?

– Ооба, бардык кыздар төрөлгөндөн баштап эле сулуу болушат. Сен да супсулуу кыз болуп чоңоёсуң.

Нурдан Мунарбек уулу, 5 жашта:

– Сизди жакшы көрөм, мен чоңойгончо күйөөгө тийбей турасызбы?

– Ананып кетейин. Сен чоңойгончо сени күтүп жүрө берсем, чоңойгондо “карып кетиптирсиз” деп мени албай койсоңчу? Эгер “сөз жок, алам” десең, анда тийбей турайын.

Айдана Жээнбекова, 12 жашта:

– Сахнада ырдап жатып кулап кеткен учуруңуз болду беле?

– Жок, андай учур болгон эмес. Бирок туфлимдин такасы сахнанын тешигине кирип кетип, чыгара албай бир жерден жылбай туруп ырдаган учур болгон. Кудай сактасын, кулабай эле коёюн.

– Кандай кинолорду көп көрөсүз? Негизи киного кызыгасызбы?

– Кино көргөндү жакшы көрөм. Романтикалуу мелодрамаларды, шыктандырган кинолорду көп көрөм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан