ТҮРКҮН ТҮСТҮҮ КУЙМАКТАР

Таңкы, түшкү же кечки дасторкондо деле куймак турушун жактырсаңыз керек. Бирок такай эле куймактарыбыз окшошпой калат. Же көнүп калган рецебибизге азыктар жетишсиз болот. Мындай учурларды эске алуу менен төмөнкү рецепттерди, лайфхактары менен сунуштайбыз.

Лайфхактар

• Бардык азыктар бөлмө температурасында болушу кажет. Эгер тешиктери көп болсун десеңиз газдалган суу, жылытылган айран же айрандын суусун колдонсоңуз болот. Ошондой эле камырды бышырарда 10-15 мүнөт тыныктырыңыз.

• Куймак жасоодо оңой жасалышы үчүн бакалажканы колдонсоңуз болот. Бардык азыктарды воронка аркылуу куюп, чалып, тыныктырабыз.

• Аябай жука болушун кааласаңыз даяр камырга 20-30 миллилитр кайнак суу куюп жибериңиз. Суюк камырдан жука куймактар жасалат.

• Түсү сары-кызыл болуп бышышына кумшекер менен жумуртка таасир этет. Алар аз болсо агышыраак, көбүрөөк болсо сары-кызыл куймактар бышат. Кумшекер көп салынса бат эле кызарып, күйүп кетиши да мүмкүн.

• Куймактар жабышпашы үчүн куймак бышыруучу табаны колдонгон жакшы. Ага андан башка эч нерсе бышырбаш керек.

Каймактан жасалган куймак

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 100 грамм

Кумшекер – 3 аш кашык

Жумуртка – 2 даана

Каймак (сметана) – 250 грамм

Сода – 0,5 чай кашык

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Кайнак суу – 1 стакакан

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумурткаларды чегип, үстүнө каймак, кумшекер, сода кошуп аралаштырабыз. Туз татып турушун кааласаңыз 3-4 чымчым туз кошуп жибериңиз.

2. Аралашмага ун кошуп, коюу масса даяр болгондо кайнак сууну куюп аралаштырабыз. Эң акырында өсүмдүк майын кошобуз.

3. Куймак бышыруучу табаны ысытып, ысаган соң отту бир аз азайтып коюу зарыл. Бул куймактын күйүп кетишинен сактап, керектүү тешиктердин пайда болушуна таасир этет. Табага камырдан жука куюп, эки тарабынан бышырып алабыз.

Шоколаддуу куймак

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 150 грамм

Какао упасы – 1 аш кашык

Кумшекер – 1-2 аш кашык

Газдалган суу – 250 миллилитр

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Көптүргүч – 0,5 чай кашык

Туз – 0,5 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Кургак азыктардын баарын бириктирип аралаштырып алабыз. Үстүнө газдалган суу менен өсүмдүк майын куюп миксердин жардамы менен чалабыз. Же ашкана чалгычын колонуңуз.

2. Куймак бышыруучу табаны алгач майлап алуу керек. Жай отто камырдан жука куюп эки тарабынан бышырабыз. Кийинкилерин майлабай эле бышырсаңыз жабышпайт.

Суу менен жасалган куймак

Керектелүүчү азыктар:

Жумуртка – 3 даана

Ун – 220 грамм

Кумшекер – 2 аш кашык

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Көптүргүч – 0,5 чай кашык

Жылуу суу – 450-500 миллилитр

Туз – 0,5 чай кашык

Бетине сүртүү үчүн каймак май – 20 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумурткага кумшекер менен тузду салып чалабыз. Көбүктөнүп чыкканда жылуу сууну кошуп чалабыз. Үстүнө ун менен көптүргүчтү себелеп улам аралаштырып туруу кажет. Эми өсүмдүк майын куюп аралаштырып, 10 мүнөт коё турабыз.

2. Табаны ысытып, камырдан жука куюп эки тарабынан бышырабыз. Куймактар бышкан сайын бетине каймак майдан сүйкөп туруу керек.

Жумуртка, сүтсүз куймак

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 100 грамм

Манна акшагы – 180 грамм

Кумшекер – 2-3 аш кашык

Бат ачытуучу ачыткы – 1 чай кашык

Жылуу суу – 550 миллилитр

Сода – 1 чай кашык

Уксус (6-9%) – 1 чай кашык

Туз – 0,5 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Ун менен манна акшагына кумшекер, туз, ачыткыны кошуп аралаштырып, үстүнө жылуу суу куюп чалып суюк камыр даярдайбыз. Үстүн жаап жылуу жерге 15-20 мүнөт коё турабыз.

2. Ачып чыккан камырга соданы салып, үстүнө уксусту куюп аралаштырабыз.

3. Куймак бышыруучу табага камырдан аз-аздан жука куюп, бир тарабынан бышырып чыгарабыз. Бир тарабынан эле бышырылгандыктан куймактарды жай отто бышыруу кажет.

Түстүү куймак

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 250 грамм

Жумуртка – 1 даана

Сүт – 400 грамм

Кумшекер – 1 аш кашык

Кызылча – 1 даана

Өсүмдүк майы – 4 аш кашык

Туз – 0,5 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Кызылчаны сүргүчтүн майда тишинен өткөрүп, марлиге салып ширесин сыгып чыгарабыз. Кызылчанын ордуна сабиз, ашкабакты, же шпинатты колдонсоңуз болот.

2. Эленген унга кумшекер менен тузду кошуп алабыз. Үстүнө сууну куюп, бир массага келгиче аралаштырабыз да, кызылчанын ширеси менен өсүмдүк майын кошобуз.

3. Табаны майлап, ысытабыз. Ысыганда отту жайлатып, камырдан жука куюп, эки тарабынан бышырабыз. Түстүү куймактарыбыз даяр!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан