Адилет Азимов, ырчы: “КЕРСЕЙИП БИР НЕРСЕНИ КӨРГӨНҮ КАЛДЫҢ ДЕП АПАМ УРУШУП ЖҮРДҮ”

– Салам, Адилет! Жашоо кандай?

– Салам. Баары жакшы. Ырларды жаздырып, альбом даярдап жатам. Альбомго кирчү биринчи ырдын обонун жараттык. Буюрса, жазында бет ачарын өткөрөбүз. Үйгө кирип-чыгып тамак жей берип 116 килограмм болуп кеткен элем. Азыр тамакты тыйып, машыгууларды баштап аркытоонун үстүндөмүн. Учурда 100 килограммга түштүм. Дагы 15 килограмм таштасам сонун болуп калам. Мунун эмнеге айтып жатам? Зарлык Камбаралиев 2 ыр жазып берген, бири “Жүзүң аппак розадай” деген ыр. Бул ыр клиби менен чыкты. Экинчисин ырдаш үчүн формага келишим керек болуп жатат. Ал ырды томпоюп алып ырдасам жарашпайт. Сөзү, обону Расул Маматкуловго таандык “Алтын балык” деген да ыр жаздырдык. Бул ырга жомоктогудай комедиялык клип тартканы жатабыз.

Бул жылы эл аралык сынактарга барайын деген оюм бар болчу. Бирок атамды чет жакка жумушка чакырып калышып, апам экөө кетишти. Үйдү карап, үйдөгү жумуштар менен алек болуп чыгармачылыгыма көңүл бура албай калдым. Келе жаткан жылы сынактарга катышам деген максатым бар. Учурда ата-энебизден убактылуу бөлүнүп, Бишкекте жашап жатабыз. Анткени чыгармачылыгым үчүн Бишкекте болуу мага ыңгайлуу. Ата-энеме “иштеп алайын” десем түшүнүштү. Кийин кайра эле айылга кайтабыз. Анткени мен үйдүн жалгыз уулумун.

– Жубайыңыз менен чогуу ырдаганыңыз жакшы кабыл алынып жатат...

– Ооба, эл жакшы кабыл алууда. Жубайым Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда окуган да, анын да мурда ырдап чыгуу кыялы болгон экен. Экөөбүз баш кошкондон кийин “сен ырда, мен ырдабай эле коёюн” деген. Мен 30 жашка чыкканда чай-концерт өткөрбөдүм беле, ошондо “мен дагы ырдап койсом кандай болот?” деп калды. Ыр тандап жаздырып жаткан учурда мен коштоп ырдап койсом, жаздырып жаткан бала “сиз да кошулсаңыз сонун болот экен” деп калды. Ошентип концертте чогуу ырдадык. Анда тартылган видеону интернетке жүктөсөк жакшы көрүү топтоду. Кийин бир инибиз “ушул ырга видео тартып берейин” деп калды, тарттырып койдук. Бул дуэтти интернеттеги баракчаларыбыздын активин көтөрүү үчүн жүктөп жатабыз. Негизи Зарина ырдап чыкпайт. Кээде гана ал өзү каалаганда чогуу ырдап калышыбыз мүмкүн.

– Экөөңүздөрдү иш-чараларга чогуу чакырып жатышса керек?

– Ооба, бирок андайда кызыбызды караганга киши жок болуп калууда.

– Адилет Азимов азыр кандай болуп өзгөрдү?

– Мурда курч, өрт, эртең эмне болуп кетет деп ойлонбогон жигит элем. Үйлөнүп, ата болгондон кийин өзгөрдүм. Көп нерседен коркуп, этияттап калдым. Мурда унааны катуу айдасам, азыр акырын айдайм. Мурда бирөө менен мушташып кеткенден коркчу эмесмин. Азыр корком. Таяк жегенден эмес, “үйлөндү, ата болду, чоңойсо деле токтолбоптур бул бала” деген сөздөн, ата-энеме уят болгондон корком. Бардык адамдарга сылык мамиле кылганга аракет кылып жатам. Мурдагыдай кыйын болуп керсейбей калдым. Мурда өзүмө аябай ишенчүмүн. Эл аралык сынактарга барып келгенден кийин дагы өзүмө болгон ишенимим өсүп кеткен. Апам “балам, өтө керсейип бир нерсени көргөнү жатасың, жөнөкөй бол. Керсейе берсең эч кимге жакпайсың” деп урушчу. Жакын досторум да айтып жүрүштү. Алар “кыйын болбочу” дешсе, “кыйын болом да, мендей болуп сынактарга барып алгыла” деп жооп берген учурлар да болду. Ошон үчүн айрымдар менен таарынышып кеткенбиз. Көрсө, бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт экен. Кийин бир учур болду, жумушум жүрүшпөй, акчам жок калды. Ата-энемден сурай албайм, чоң эле баламын да. Ошондо көп нерсени түшүндүм. Башыңа түшмөйүнчө түшүнбөйт экенсиң. Ал учурда кээ бир досторум телефон чалсам албай калышкан. Шылдыңдагандар болду. Ошол кезде көп нерсени түшүнүп, адамдарга болгон мамилем өзгөрдү. Азыр комментарий жазып, лайк басып коюшса сүйүнөм. Анткени азыр адамдар лайкты, жакшы сөзүн аяшат.

– Үй-бүлөлүк жашоо кандай болуп жатат?

– Турмуш тиричилик деген нерсе жейт экен. Чыгармачыл адамга эркиндик керек да. Эркиндигим чектелди. Ошондон улам кээде уруш да чыгып кетет үйдө. Заринага “качан келесиң?” деп сурай бербе дейм. Өзүм деле жумуштар боюнча эле чыгам үйдөн, жумуштарымды бүтүрүп коюп үйгө барганга шашам. Анткени кызымды сагынып кетем. Мени сабырдуулукка үйрөтүп жаткан кызым. Ачуумду тараткан, чарчаганымды жазган кызым. Томпоюп мага окшош. Көз тийбесин деп эки жакка көп чыгарбайбыз, социалдык желедеги баракчабызга да ошол себептен жүзүн көрсөтүп чыгарган жокпуз.

– Жумшак ата болсоңуз керек?

– Ооба, ошондой го. Кызымдын каалаганын кылам. Ал эмитен эле мени башкарып алды.

– Үйдө урушуп кеткен кезде ким биринчи болуп кечирим сурайт?

– Ким күнөөлүү болсо ошол кечирим сурайт. Зарина сураса мен дароо кечиришим керек экен. Болбосо кайра өзүм кечирим сурап, таттууларды алып келип беришим керек болуп калат (күлүп). Ал эми мен 3-4 жолу кечирим сурагандан кийин гана кечирет.

– Экөөңүздөр баш кошкондо жаш айырмачылыгына карата ар кандай комментарийлер жазылды, алардын таасири тийдиби?

– Башында аябай көп жазышты. Азыр анчалык көп жазышпайт. Калп айтпайын, башында бир аз ойлонуп калчумун. Азыр андай комментарий окусам күлөм. Баарынан жакын тааныштарың андай сөз айтышса катуу тиет экен. Андайларды “кара тизмеге” киргизип койгонбуз. Мен кыздардын мага суктанып караганын сезем. “Эч кимдин сөзүнө карабай сүйгөнүнө үйлөнгөн жигиттер деле бар экен” деген көз караш менен карашат, мен аны сезем.

– Ишке аша элек кыялдарыңызды сурайынчы...

– Ата-энемди чет өлкөлөргө эс алууга жөнөтүп турсам дейм. Атама жакшы унаа белек кылгым келет. Ырларым хит болуп, бардык жерде жаңырып, Казакстанга чейин хит болуп кетсе дейм. Бишкектен батир алгым келет. Жана чыгармачылык борбор деп койсом болчудай, ошондой бир жай ачкым келет. Ал жерде каалаганда чыгармачылык менен алек болом, каалаганда эс алам, тамак жасап жейм, чоң экрандан кино көрөм, оюндарды ойнойм, ыр жаздырам, аранжировка жасатам жана башка.

– Сонун, кыялдар ишке ашсын!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан