"ШОПИНГГЕ КУРСАК ТОЙГУЗУП БАРЫШ КЕРЕК"

Кийим – бул визиттик карточка. Кийимиңиз өзү эле сиз тууралуу айтып турат. Кандай кийинүү керек? Стилди кантип таба алабыз? Эмнеге акча коротуп сатып алган кээ бир буюмдар бактылуу мүнөтүн күтүп кала берет? Кантип эмоция менен кийим сатып алууну токтобуз? Бул суроолорго стилист Ислана Бектемирова жооп берет.

– Стиль-бизге сөзсүз керек болгон нерсеби?
– Стиль – адамдын дүйнөнү кабыл алуусунан, психология, энергия, айлана чөйрөнүн таасири аркылуу пайда болот. Стилиңизди тапканыңыз – өзүңүздү билүүңүз, түшүнүп, кабыл алууңуз. Өспүрүм кезде ичиңде дүйнө менен келишүү кыйын, бунт пайда болот эмеспи. Бул кийим кийүүсүнө таасир берип өспүрүмдөр түрдүү, түстүү өңдөргө жабышып калат. Демек, стиль, өзүн кабыл алуу жана ар бир адамдын өзгөчөлүгү. Стилди кантип табууга болот? Ал үчүн бул суроолорду тактап алуу керек.

1) Жашоо образыңыз кандай? Кеңседе иштейсизби, мугалимсизби же башка кесиптин ээси болосузбу?

2)  Өзүңүздү кандай абалда көргүңүз келет?

3) Классикалык кийим менен өзүңүздү ыңгайлуу сезесизби, же спорт, кежуал стилдеги кийимдер мененби?

4) Келбетиңиздин кайсы жерин жашыргыңыз келет, кайсы жериңизди баса көрсөтсөм дейсиз?

Ушу суроолордун жообун жазып иреттеп алгандан кийин гана кийим алганы чыкканыңыз туура.

– Аялдар көп учурда эмоция менен кийим сатып ала беришет, натыйжада кийилбеген кийимдерди деле алып алышат. Ушуну кантип токтотуу керек?
– Бир жакшы кеңеш бар. Ал бардык аялдарга иштейт. Кийим аларда курсакты жакшы тойгузуп алып, маанай беш болгондо шопинг кылган туура. Анткени курсак ачып жатканда ачкалык рефлекси иштеп, керексиз эле кийимдерди алып алууңуз мүмкүн. Адатта шопингге чыкканда айым жакшы боёнуп алганы да туура болот. Макияж менен кийим башкача жарашыктуу көрүнөт. Экинчиден, кийим аларда өзүңүздүн ички сезимиңизди угуңуз. Гардеробуңузда кандай кийим бар экенин өзүңүз билесиз. Сизге так эмне керек экенин да билесиз. Курбу-достордун “жарашты” десе, эмоция менен туура эмес кийим сатып алышыңыз мүмкүн. “Бул кийимди кайда кийип баруу үчүн сатып алышым керек, үйдөгү кандай кийимдерим менен айкалыштырсам болот, өзүмдү бул түстө жакшы сезе аламбы?” деген суроолорду берип туруп алыңыз. Жеке стилиңизди билсеңиз, сизге жарашкан кийимди оңой тандай аласыз, акчаңызды жана убактыңызды үнөмдөйсүз, сизге жарашпаган, керексиз кийимдерди алуудан алыс болосуз. Ырчы же блогер бирөөнү туурап кийинбей, өзүбүздүн гана жашоо образыбызга туура келген кийимдерди сатып алуу керек. 

– Ар бир мамлекеттин элдеринин кийинүү стили ар башкача болот эмеспи, ал адамдарга кандай таасир берет?
–  Мисалы, Париж дегенде атыр жыттанган, стилдүү кийинген адамдар эске келет. Корея да өзүнүн стили менен өзгөчөлөнүп турат. Кайсы бир өлкөнү элестеткенде, сыртынан баа бергенде ошол мамлекеттин адамдарынын жүрүм-туруму, сырткы келбети, жашоо образы ойго келет. Парижге же өнүккөн өлкөлөргө эмне үчүн баргыбыз келет? Кооздукту, жашоо стилин көргүбүз келет, көз жоосун алган жерлерге баргыбыз келет. Адам кооздукту көрүп, эмоция алуу үчүн жашайт. Ар бир мамлекеттин өзүнө тиешелүү стили болот. Чет жакка чыккан кыргыздар, мисалы, ал жергиликтүү элдин стилин туурап кийинип калышат. Ошондон улам биз бир адамдын Европадан же Кореядан келгенин билип алабыз. Кыргыздар да жагымдуу кийинип жүрүү менен өз стилибизди элге таанытканыбыз туура.

– Бренд деп аркасынан түшуп алгандар бар? Керек нерсеби?
– Менин оюмча, керек деле эмес. Бренд кийимдердин деле сапаты жаманы кезигет. Андыктан бренд кууган адамдарды жөн эле эгосун байытып жаткан адамдар деп эсептейм. Тыкан, жөнөкөй, сапаттуу ата мекендик кийимдердин деле айкалыштырып кийинип алса жаман болбойт.

–  Гардеробду “ревизия” кылуу үчүн кандай кеңеш бересиз? Кээде жөн эле орун ээлеп тура берген кийимдер көбөйүп кетет?
– Алгач эле төрт чоң пакет даярдап алыңыз. Биринчисине ушу сезонго керек кийимдерди салабыз, экинчисине кийимдерге кайра жан берүү, кесип, топчусун башкача кылып өз каалообуз менен өзгөртүүчү кийимдерди салабыз. Үчүнчүсүнө “такыр кийбейм, бирөөгө берем” деген кийимдерди салабыз. Төртүнчүсүнө, балким, кийип калам деген кийимдерди салабыз.  Советтер Союзунда тарбияланып калган муун үчүн кийимдерди жыйнабай берип, же керексизин ыргытып турган оор. Бирок ошону жеңип, керексиздерине арылсак биздин жаңы кийим сатып алганыбызга да жакшы өбөлгө түзөт. Гардероб жарык жерде болгону жакшы, анткени эмне бар, эмне жок экенин жакшы байкабай эле колго эмне тийсе кийип кетип кала берет эмеспизби.

– Кийим – бул визиттик карточка болсо, кыргыздарга кантип ылайыкташтырган кеңеш бере аласыз?
– Жарашыктуу кийинүү үчүн сөзсүз эле ошол нерсенин кымбатын же көп кийим сатып алуу эмес, сизге жарашкан нерсенин арзаныраагынан алсаңыз болот. Мисалы, сөйкө-шакек, аксессуарыңызды алмаштырыңыз, жөнөкөй эле телефонуңуздун кабын, байпак, баш кийимиңизди стилдүү кылып алсаңыз башка нерселерди жаап кетет. Стилдүү жүрүүнүн эң башкы эрежеси тыкан, жана өзүңө жарашкан болуусу шарт. Жеңи чоюлуп кеткен жемпир, багалеги узун шым, чоюлуп кеткен футболкаларды кийип алуунун ордуна тыкан кийимдерди кийсеңиз жарашыктуу көрүнөт. Түстөрдүн айкалышына көңүл буруу керек. 

Нуржамал Жийдебаева  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан