Гүлжигит Калыков, ырчы: “МЕНИН СЫНАКТАРГА БАРЧУ ДООРУМ БҮТКӨН”

– Гүлжигит, салам. Маанай жакшыбы?
– Салам. Маанай сонун, баары жакшы. Учурда бардык жакта Жаңы жылга даярдыктар жүрүп жаткан кез. Майрамдык берүүлөр тартылып, концерттерге, корпоративдерге даярдыктар көрүлүп жатат. Ошол иштер менен алекмин. 

– Көп көрүнбөй кеткендейсиз...

– Көбүнчө үй-бүлөмө көңүл буруп жатам. Учурда 2 уул, 1 кызды тарбиялап жатабыз. Кичүү уулумдун төрөлгөнүнө 5 айдан ашып калды. Ушул эле учурда чыгармачылык менен алектенип жатам, жаңы чыгармалар жаралып жатат. Бирок 100 пайыз чыгармачылыкка басым жасаганга мүмкүнчүлүк болбой эле. Акыркы 3-4 айдын ичинде 2 клип тарттык, 5-6 чыгарма жаздык. Алар маалыматтын көптүгүнөн элге толук жетпей жатышы мүмкүн. Муну менен катар элдин табити өзгөрүп кеткендей. Улукманапо, Бакр, Жакстын ырлары популярдуу болуп жатпайбы. Менин ал стилде ырдаганга табитим тартпайт. Бирок, албетте, жакшы ыр ырдасаң, кандай жанрда болсо да элге жетет. Суран Садыбакасов азыр “Зарыкканда” ыры менен популярдуу болуп жатпайбы. Ошол ырды мен да жактырып, ырдагым келип жүргөн. Бирок мен авторун таап, сурап ырдаганча Суран ырдап калды. Суран экөөбүз чогуу окуганбыз. Бүгүн популярдуулук ага келип жатат. Бул да туура. Ал ырды ырдабай калдым деп өкүнбөйм.

– Адабият күнүндө маектешип жатабыз. 12-декабрь – Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү, Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн өткөн күнү. Бул залкарлардын кайсы чыгармалары сизге көбүрөөк таасир калтырды эле?

– Жалпы элди майрамы менен куттуктайм! Чыңгыз Айтматов атабыздын көзү тирүү болсо бүгүн 95 жылдыгын белгилемек экенбиз. Чыңгыз атабыздын бардык чыгармалары таасир калтырган. Алыкул Осмоновдун чыгармаларынан мен да ырдап жүрөм. Сүйүү тууралуу ырларын жактырам. Алардын арасынан “Сулууга” көбүрөөк жагат.

– Сынактарга катышпай калдыңыз...

– Менин сынактарга барчу доорум бүттү окшойт. Сынактарга 18-30 жаштарда катышкан актуалдуу деп эсептейм. Азыр биз жаштарга жол көрсөтүп, багыт беришибиз керек деген ойдомун.

– 2012-жылы “Евразия жылдызын” жеңгенсиз. Башка сынакка катышып утулуп калсам, ошол планканы түшүрүп алам деген коркунуч болбойбу?

– Коркунуч анда эмес, башка нерседе. 2017-жылы мага Эмгек сиңирген артист наамы берилди. Сиз туура айтасыз, сынактан утулуп калышым да ыктымал. Ошондой болсо наамдын баркын кетирип аламбы деген коркунуч бар. 2012-жылы аталган сынактын финалында жеңилип калган Түндүк Кипрден келген катышуучунун абалын көрүп абдан жаман болгом. Ал өз өлкөсүндө Эмгек сиңирген артист болчу. Экөөбүз бир бөлмөдө отуруп калдык. Ал ызаланып жатты. “Мындай болбошу керек эле. Мен жеңем деп келгем. Бирок сенин жеңишиң татыктуу болду. Себеби сени эл тандады. Бир гана калыстар чечкен болсо чаң чыгармакмын” деген. Минтип ызаланып калгым да келбейт. Анын үстүнө мен 5-6 жыл мурун өзүм үчүн чечим чыгаргам. Мугалим болуп иштеп, жаш ырчылардын оюн угуп калдым. Ошондо булар да умутулуп жаткан турбайбы, орун бериш керек экен дедим. Андыктан мен жаштарга жол көрсөтүп, кеңеш берип, алдыга сүрөөгө даярмын. Чечимим ушул болду.

– Шоу-бизнесте достук барбы?

– Чыныгы достук жок деп ойлойм. Мен көчөдө чоңойгон баламын. Көчөдөн тапкан достор достукка бекем болот. Аларга сенин эч нерсең керек эмес. Кандай адам болсоң, ошол сапаттарыңды баалап, андан ашык талап кылбайт. Башында шоу-бизнестен да ошондой досторду күтөм деген кыял болгон. Бирок канчалык жакшы мамиледе болсоң дагы атаандаштык болот экен. Мен өзүмдү психологиялык жактан тарбиялап алгам. Бирөөгө жамандык кылбай ийгиликке жеткен туура деген көз караштамын, буйруганы болот экен. Кыйтырланып бир нерсе кылып кетсем ийгилик меники болуп калат деп ойлогондор бар. Бул туура эмес ой жүгүртүү. Тилекке каршы, кесиптештер арасында таймаш болуп турат экен. Жакында Нурмат Садыров, Нурлан Насип болуп отуруп калдык. Нурмат “жигиттер, жетчү нерсеге жеттик. Элдин сыйына татыдык. Ар бирибиздин өз угармандарыбыз бар, ар кимибиздин өз ордубуз бар. Бири-бирибизге атаандаш болбошубуз керек экен. Бири-бирибизге көрө албастык кылбашыбыз керек экен. Чоңоюп деле калдык. Чыныгы достордон болуп жүрө берели” деген жакшы сөз айтты. Ошол сөзгө толугу менен кошулам.

– Тасмаларга да тартылып калдыңыз. Азыр да сунуштар түшөбү?

– Былтыр Эмил Эсеналиев, Эрмек Таалайбековдун сунушу менен “Шерине” аттуу сериалга тартылгам. Ал сериалдан улам кичинекей балдар мени Байхан деп таанып калышты. Андан мурун “Сулуулар жана миллион”, “Миллиондук мелдеш” тасмаларына тартылгам. Жакында бир тасмага сунуш болду, ал роль мага да, жубайыма да жаккан жок, баш тартууга туура келди.

– Жубайыңыз менен саякатка көп чыгасыздар, кайсы өлкөлөр көбүрөөк таасир калтырды?

– Бала кезде АКШга барсам деген кыялым бар болчу. Себеби киноманмын, кино көп көрөм. Голливуддун кинолору жагат. АКШга бардым, бирок көңүл калуу болду. Ал жакта акчаң болсо адам экенисиң, акчаң болбосо сени эч ким карабайт. Мисалы, биз кайырчыларды көрсөк жардам бергенге аракет кылабыз го. АКШда антип жардам беришпейт экен. “Өзү аракет кылбайбы” деп коюшат. Ушул нерседен көңүлүм калды. Анткени жашоодо ар кандай учур болушу мүмкүн. Дубайдын инфраструктурасы, өнүгүүсү, элдин мамилеси жаккан. Азыр Стамбулду жакшы көрүп жатам. Кооздугу, элинин биздин элге окшоштугу, меймандостугу көбүрөөк тартып турат.

– Үчүнчү ирет ата болгондо кандай сезимдер болду?

– Ата болгон башкача сезимдер, албетте. Кээ бирлер ойлонбой эле ата болуп жатышпайбы. Бул туура эмес, менимче. Алгач баланын келечегин түзүүгө мүмкүнчүлүгүм барбы, татыктуу тарбия бере аламбы деп ойлонуп, даяр экениңди сезгенден кийин гана ата болуш керек деп ойлойм. Биз балалуу болууну пландайбыз, кудайдан суранабыз. Аман-эсен ден соолугу менен төрөлгөнүнө шүгүр кылабыз. Балдарыма жакшы ата болгонго аракет кылам. Мен өз ата-энем менен сыймыктанам. Көп учурда ата-энемдин тааныштары мени көрүп калышса жаныма келип “ата-энең аябай жакшы кишилер. Эч качан эч кимди алдаган эмес, карыз болгон эмес, түз жүрүшөт. Сага да туура тарбия беришиптир” деп калышат. Балдарым мен тууралуу ушундай сөздөрдү көп укса сыймыктанмакмын, ошого умтулам. Жок дегенде өз ата-энемдей, болбосо андан да жакшы ата болгонго аракет кылам. Азыркы күндө жакшы ыр жазганга караганда, балдарыма тарбия берүү эң маанилүү ишим, эң чоң милдетим.

– Жубайыңыз менен чогуу түтүн булатканыңыздарга канча жыл болду? Жубайлардын мамилесинде 3 жылда, 5 жылда кризистер болот деп айтып калышат, ошондой бекен?

– Чогуу түтүн булатканыбызга 7 жыл болуптур. Туура эле экен. Бизде “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деген сөз бар го. Анын сыңарындай, мен кыйын болом дейт экенсиң. Жубайың “жок, бул тараптан мен кыйынмын” дейт экен. Ошол сыяктуу талаш-тартыш бизде да болду. Бирок бара-бара баары өз нугуна түштү.

– Жубайыңыздын кайсы сапаттарын баалайсыз?

– Жубайымды кандай болсо, ошондой кабыл алам. Турушу менен баалайм. “Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө” дейт го, меники да өзүмө ай көрүнөт. Мен аны эч ким менен салыштырбайм. Жубайымдын энеге, жубайга тиешелүү абдан жакшы сапаттары бар.

 

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан