ТИКТОК ЖЫЛДЫЗДАРЫ “4 GIRLS” ТОБУ

“Заманың бөрү болсо бөрү бол” дейт элибиз. Заманыбыз бизди социалдык тармактарга байлап койду. Жаштарыбыз ошол жакта иштегенди, акча тапканды үйрөнүштү. Азыркынын жылдыздары, Тиктокто дүйнөнүн ар бурчунан 7 миллиондон ашык катталуучуларды топтоп, АКШ, Орусия, Түштүк Корея жана башка өлкөлөр менен иштешкен “4 girls” тобу маек төрүбүздө.

– Салам, кыздар. Кайдан биригип, ушундай топ түзүп калдыңар?

Жибек: – Саламатсыздарбы? Төртөөбүз бир бий студиясына барчубуз. Ошол жактан таанышып, дос болуп калганбыз. Тиктокто топтор түзүлүп, видео тартып популярдуу болуп жатышканын көрүп, биз дагы тартсак эмнеге болбосун дедик. Алгачкы жолу видео тартып жүктөсөк, ал көп адамдарга жакты. Элге жагат экен деп аккаунт ачып иштеп баштадык.

– Идеялар көбүнчө кимге таандык? Ким көбүрөөк креативдүү?

Элиза: – Баарыбызга таандык. Бирөөбүзгө идея келсе, баарыбыз өз оюбузду кошуп, өнүктүрүп турабыз.

Жибек: – Бизден “топто ким лидер?” деп көп сурашат. Ушул жактан жалпы жооп берип кетеличи. Топто баарыбыздын ролубуз бирдей. Баарыбыз лидербиз, баарыбыз жакшы бийлейбиз, баарыбыз креативдүүбүз.

– Жакын достордонсуздарбы?

Жибек: – Эң башкысы биздин достугубуз. Достугубуздун аркасы менен ушул топ түзүлдү. Төртөөбүз бир туугандайбыз. Биздин ата-энелерибиз да тааныш. Жолуктуруп, тааныштырганбыз. Эгер биз видео тартпай калсак, анда урушуп кетишти, сүйлөшпөй калышты деп ойлой берсеңер болот.

– Эң алгач миллион көрүү топтогондо кандай сезимдер болду эле?

Айана: – Башкача сезимдер болгон. Анткени ал кезде Кыргызстанда миллион көрүү топтоо оор болчу. Ошондо анан улантышыбыз керек, алдыга кетишибиз керек дегенбиз. Муну менен катар, ушунча адам көрүп жатат, жакшы видеолорду чыгарышыбыз керек деген жоопкерчилик пайда болгон. Башында Тиктоктон акча тапса болот экенин билген эмеспиз. Өзүбүзгө жакканы үчүн тарта бергенбиз. Кийин жарнамага сунуш түшкөндө акча тапса болот турбайбы деп калдык.

– Сыр болбосо, болжол менен канча табасыздар?

Жибек: – Кудайга шүгүр, өзүбүзгө жетет, үй-бүлөлөрүбүзгө да жардам беребиз.

– Ата-энелериңер акча таап баштаганыңыздарды кандай кабыл алышты?

Элиза: – Биз баарыбыз эле 15 жашыбыздан баштап ата-энелерибизден акча сурабай калганбыз. Себеби Тиктокко чейин хореограф болуп иштечүбүз.

– Канча убакыттын ичинде миллион катталуучу топтодуңар?

Жибек: – 3 айдын ичинде топтодук. Ошол убактагы менеджерибиз “3 айда миллион катталуучу топтошуңар керек” десе, биз “жүз миңге араң жетебиз го” дегенбиз. Бирок топтой алдык. Аябай кубанганбыз анда дагы.

– Учурда Тикток баракчаңыздарда 7,2 миллион катталуучу бар, көбүнчө кайсы өлкөлөрдөн көрүшөт?

Дилайда: – Акыркы статистикага карасак, биринчи орунда Казакстан турат. Андан кийин Филиппин аралдары, Кыргызстан, АКШ, Индонезия. Бирок бул орундар алмаша берет. Малайзиядан дагы көп көрүшөт бизди.

– Жарнамага чет өлкөлөрдөн дагы сунуштар түшөбү?

Жибек: – Ооба, Казакстан, Орусия, АКШдан буюртмалар келген.

Дилайда: – Көбүнчө артисттер иштешкен компаниялар байланышып, ырларды Тиктокто трендге айлантууга буюртма беришет.

– Кайсы белгилүү артисттердин ырларын жарнамаладыңар?

Дилайда: – Рахим Абрамов, Жони, Андро, Жека Фатбелли, Лимба. АКШдан 3-4 артист болгон. Корей ырларын дагы жарнама кылганбыз. Мисалы, Чонгуктун ырын.

– Көчөдөн кенен эле басып жүрөсүздөрбү? Же таанып калып жанды койбогон күйөрмандар көп кездешеби?

Жибек: – Көп адамдар таанышат. Келип сүрөткө түшүшөт. Көп адам бар жерлерде баса албай калабыз. Бирок көнүп калдык. Ушундай күйөрманадарыбыз бар экенине сүйүнөбүз. Дайыма күлүп-жайнап сүрөткө түшүп берүүгө даярбыз. Бирок ар кандай адамдар бар...

Элиза: – Менде тамак жеп жатканда күйөрмандар жаныма келип калган учур көп болот. Оозума эми салып чайнайын деп жатсам келип калышат. Ошол бойдон сүрөткө түшөм. Анан жебей турсам болмок экен деп ойлогон бойдон калам.

Жибек: – Бирок биз буга даяр болчубуз. Таанымал болгубуз келген. Мындайга көнүшүбүз керек. Күйөрмандарыбыз бар экен, келип жатышат да.

– Жибек, актрисалыкка жол качан башталды?

Жибек: – Көбү “Пери” жана “Кан урсунду” мен тартылган алгачкы тасмалар деп ойлошот. Мен эң биринчи 8 жашымда “Сүтак” деген тасмага тартылгам. Ал кезде “Ак шоола” балдар хоруна барчумун. Режиссёрлор ошол жакка келип, тандап кетишкен. Андан кийин “Жөө күлүк”, “Кентавр” тасмаларына тартылгам. Актрисалык жолумду улантып, Кыргызстандын атактуу актрисасы болгум келет.

– Башкаларыңыздардын кандай максаттарыңыздар бар?

Элиза: – Мен кичинемден ырдаганды жакшы көрөм. Алгачкы ырымды жаздырдым, жакында чыгат.

Дилайда: – Мен өзүмдү издеп жүрөм.

Айана: – Максаттарым бар. Бирок азыр картанын баарын ачкым келген жок. Азырынча маанилүүсү окуум  болуп жатат. Алдыда менден кандай режиссёр чыгат көрөбүз. Буюрса, Жибекти өз тасмаларыма чакырам.

Жибек: – Ал эми топтун максаты тууралуу айтсак, дүйнөгө таанымал топ болгубуз келет. “Кыргызстандан ушундай 4 атактуу кыз чыкты” деген сөздү угушубуз керек.

Айана: – Жөн гана түзүлүп, кайра чачырап кеткен топ болуп калгыбыз келбейт. Элдин эсинде калгыбыз келет, аракеттерибиздин логикалык жыйынтыгы болушу керек. Кыргызстанды жаңы деңгээлге чыгарабыз, балким.

– Сүйүүсүн билдирип жазган, белек берген жигиттер көппү?

Элиза: – Эң көп Дилайдага жазышат.

Дилайда: – Көп жазышат. Бирок жооп бербейм. Көчөдө кетип баратсак таанышкылары келет. Бирок азырынча жигиттер менен таанышпайм. Белектер деле келет.

Элиза: – Менин жигитим бар. Ошондуктан андай белектерди кабыл албайм.

Жибек: – Ар бирибизге күндө эле “таанышып албайлыбы” деп чалышат, белектер келип турат. Менин жүрөгүм бош. Бирок азырынча жигит менен сүйлөшүү мага кызык эмес. Оюмдун баары жумушта.

Айана: – Аябай көп дебейм, бирок жазышат. Күйөрман катары жакшы сөздөрүн арнашса, бизге бул жагымдуу.

– Элиза, Тиктокто көп талкуу болгон тема боюнча айтсаңыз, блогер Айдай Шабданованын мурунку жолдошу азыр сиздин жигитиңиз экен...

Элиза: – Ооба. Мен Айдай менен тааныш эмесмин. Алардын ажырашканына бир жарым жылдай болгондо Адиль экөөбүз таанышып, сүйлөшүп баштадык. Адамдар туура эмес түшүнүп каларын билгем. Анткени алардын эки жолго түшкөнүн көптөр билбептир. Көбү мени Айдайдын күйөөсүн тартып алган деп ойлошот. Андай болгон эмес. Айдай түз эфиринде чындыкты айтып бериптир. Мен актанып отургум келген жок. Анткени канча түшүндүрсөң деле адам өзү каалагандай түшүнөт экен. Ар кандай сөздөр айтылды, хейтке алдын ала даяр болгонум үчүн оор тийген жок, көңүл бурган жокмун.

– Жибек, комментарийлерден актёр Азамат Уланов менен мамилеңиздер тууралуу көп сурашат экен.

Жибек: – Эч кандай сүйүү мамилебиз жок. Ага катары сыйлайм. Тасмага тартылганда жардам берет, ошол үчүн ага чоң рахмат.

Перизат Музуратбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан